Күйдүргү илдети жайылууда

Күйдүргү негизинен бодо малдан жугат

Ош облусунун Алай районунун бир тургуну күйдүргү (Сибирь жарасы) дартынын мандеми менен ооруканага жаткырылды. Быйыл эле Кыргызстан боюнча алты адамдан күйдүргү диагнозу табылды.
Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиевдин айтымында, буга чейин бул өтө жугуштуу ооруга чалдыккан эки адам Жалал-Абадда ооруканага алынган эле. Анын айтымында, жыл башынан бери күйдүргү деп катталгандардын төртөө Жалал-Абад, экөө Ош облусунан.

- Кыргызстанда, түштүк жергесинде жылда эле катталат. Бирок былтыркыга караганда быйыл азыраак, ошентсе да абал жакшы деп айтканга болбойт. Өткөн жылы ушул убакта 20 учур катталган болчу.

Бектурдиев буга чейин шектелип, ооруканага жаткырылган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун эки тургунуна бул илдеттин диагнозу коюлганын кошумчалады. Ал эми алардын саламаттыгы жакшы экенин Ноокен райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Ырысбү Тукеева кабарлады.

- Хиликов менен Тиллебаев деген экөө тең дарыланып жатышат. Тиллебаев келгенде абалы оорлошуп, Бишкектен сибирь жарасына каршы гаммаглобулин алдыртканбыз. Азыр эми жара болгон жеринде шишиктери кетип, жарасы кара күйдүргү болуп, ысытмасы кайтып калды. Халиков болсо уста экен. Колдорунда кесилген жерлери болгон. Ал этти таратканда манжаларынын арасына көбүргөнгө окшоп, карайып жара чыккан. Ал да азыр жакшы болуп атат.

Күйдүргү – малдан жугуучу коркунучтуу оорулардын бири. Ал денени ууландыруу, чыйрыктыруу менен коштолуп, терини, кээде ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатып, өлүмгө алып келиши ыктымал. Күйдүргүнүн козгоочусу - таякча сымал микроб. Ал жер кыртышында спора түрүндө сакталып, тышкы чөйрөдө 100 жылдан ашык сакталат. Адамга мал сойгон учурда, оорулуу малдын этин кармаганда, жеген учурда жугат.

Мамлекеттик ветеринария департаментинин малдын саламаттыгы боюнча бөлүм башчысы Жолдошбек Осмоналиевдин айтымында, күйдүргү катталган аймактарда оорунун кесепеттерин алдын алуу иштери жүрүүдө. Мал союлган жайлар текшерилип, бетондолуп, тегереги курчалды.

- Адамга жукканы үч-төрт күндө эле билинет. Температурасы абдан көтөрүлөт. Колуна, терисине жара чыгат. Оорунун экинчи формасы – ичеги-карынына жугат. Бул оор болуп, адамды өлгөнгө чейин алып барат. Биз алдын алып, бардык малдарды эмдөө үчүн вакцина сатып алып жатабыз.

Кыргызстанда күйдүргүнүн 1200 очогу бар болсо, анын 543 ветеринария департаментинин көзөмөлүндө болуп, алар жылына эки жолу текшерүүдөн өткөрүлөт. Калганы жаратылыш кырсыктары учурунда жок болуп кеткен. Бектурдиев калган көмүлгөн жайлар да коопсуз деп айтууга болбой турганын билдирүүдө. Ал Сибирь жарасы менен ооруган малдарды жок кылуунун башка жолдорун караштыруу зарылчылыгын белгиледи.

- Биз азыр күйдүргү катталган жайларды, малдарды көмүп, бетондогон жолун эле колдонобуз. Жылына оорунун эки-үчтөн очогу катталып турат. Эгер бир жылда 10-15тен бетондоп, көмүп кете берсек Кыргызстанды ушундай очокко, мүрзөгө айлантып жиберишибиз мүмкүн. Ошол себептүү ушул жагынан кайрадан документ кабыл алып, башка ыкмаларын кабыл алышыбыз керек. Балким бардык малдарды атайын даярдалган бир жайга көмөбүз. Ал караштырылышы керек.

Кыргызстанда кутурма, күйдүргү өңдүү жугуштуу оорулар көп катталып жатканына байланыштуу июнь айынын ортосунда өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев өкмөттүк түзүмдөрдүн жугуштуу ооруларга каршы аракети тууралуу токтомго кол койгон. Ага ылайык, саламаттыкты сактоо жаатында министрликтердин чогуу-чаран иш алып барышын тапшырган.

Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борбору күйдүргү катталган аймактарда малды шышылыш кайрадан эмдөө тапшырмасын берди.