Хоккейди кыздар да кыйын ойнойт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте мектеп курагындагы балдар арасында хоккей боюнча мелдеш өтүп жатат. Ага быйыл биринчи жолу Ысык-Көлдөн кыздар командасы катышуу үчүн келген. Бирок, өлкө боюнча кыздардан түзүлгөн хоккей командасы жоктугунан алар мелдештен тышкары бишкектик команда менен достук беттешин өткөрүштү. "Азаттык" кыздардын оюнуна күбө болуп, оюнчулар менен жакындан таанышып келди.