Ош: Саясатка айланган салтанат

Жаштар салтанаты дароо эле марафон менен коштолуп, айрым уландар асма көпүрөнүн курулушу үчүн акча, кыз-келиндер шакек, сөйкө жана башка алтын-күмүш зер жасалгаларын ташташты.

"Шаарыбызда жомоктогудай көпүрө курулуп жатат. Ошонун курулушу үчүн мен алтын болбосо да күмүш чынжырымды, шакегимди тапшырам. Ушул менин асма көпүрөгө кошкон салымым болсун", -деди бир кыз.

"Оштун көркү үчүн, мен өзүмдүн алтын сөйкөмдү марафонго берем. Муну менен көпүрө курулушунун суммасы көбөйүп кетпесе да, жаштардын атынан кичинекей жардамыбыз болсун", - деди көпүрө үчүн "бар байлыгын" садага чапкан дагы бир катышуучу.

Ырчы-чоорчулар, куудулдар бир сыйра оюн-зоок көрсөткөндөн кийин шаар мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов жаштарды майрамы менен куттуктады: “Урматтуу жаштар, кандай гана иш болбосун, Ош шаарына күн түшпөсүн, кыйынчылык болбосун биз сиздерге таянып, сиздердин күчүңүздөр менен, сиздердин колдооңуздар менен алга жылып келатабыз”, - деди калаа башчысы.

Калаа жетекчилери андан ары жаштарга кошулуп бийлеп да беришти. 

Шаардык жаштар комитети борбордук аянтта 20 миңдей жаштар чогулганын тастыктады. 

Көпүрө курулушуна салым кошуп жаткандар.

Салтанатка келген жаштардын көбү аны уюштургандарга ыраазылык айтып жатышты.

Бирок ошол эле кезде жаштар майрамын мынчалык салтанат менен белгилөөнү алдыдагы мэр шайлоо менен байланыштыргандар да болду. Студенттердин бири Бекмамат Абдумалик уулу жаштарды мынчалык көп чогултуунун артында саясат жатат деген ойдо: "Бүгүнкү салтанат жаштар күнүнө, студенттер майрамына арналганы менен көбүнчө саясат сөз болуп атат. Жетекчилер чыгып алып бирөөнү жамандап, же өздөрүн мактаган эле кептер айтылып атат негизинен. Жакында мэрди шайлоо болот деп атышпайбы, ошонун алдында атайын уюштурулган иш-чара сыяктуу болуп атат". 

Куудул Абдылда Иманкулов Ош шаары келечекте Астанадай,Сеулдай шаар болооруна үмүттөнөөрүн айтты.

Шаардагы асма көпүрөнүн курулушу мындан бир айча мурдараак башталган. Анын курулушуна жалпы 500 млн сомдой каражат керек болоору айтылган. Бирок азырынча бул сумманын жарымы да жоктугун депутаттар айтып чыкканы бар.