Өкмөттү өкчөмөй өнөкөтү

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү кыргыз өкмөтүнүн кол каптай тез алмашуусунун себептерин иликтеди. Кыргызстанда 25 жылда 28 премьер-министр алмашты.

Кыргызстандын 25 жылдык эгемен тарыхында 27 ирет өкмөт алмашты. Сооронбай Жээнбеков 28-премьер-министр катары ишин баштап отурат.

Туңгуч өкмөт башчысы Насирдин Исанов өлүмүнө жана Жумабек Ибраимов оорусуна байланыштуу кызматын аткара албай калганын кошпогондо башка премьер-министрлердин дээрлик бардыгы же ириген интрига, же жемкорлукка байланышкан чуу менен кызматтарынан кетишкен.

Эми 28-болуп өкмөт башына келген Сооронбай Жээнбеков тууралуу учкай кеп. Өзү айтмакчы, "премьер-министрлик кызмат үч уктаса да түшүнө кирген эмес". Оштун губернатору болуп турганда бары-жогу билинбеген Сооронбай Жээнбековдун багы ушул жылы ачылды. Үч ай Мамлекеттик кадр кызматын жетектеди, бир ай президенттик аппаратттын жетекчи орун басары болуп иштеди. Ал 4 ай ичинде үч ирет кызмат алмаштырып, мансап өсүшүнүн туу чокусуна жетти. Мунун сыры анын президент менен болгон жакындыгындабы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өкмөттү өкчөмөй өнөкөтү

Эксперттердин көбү Жээнбековдун буга чейинки кызматтарында эч кандай реформа кылбаганын сындап келишет. Ал премьер-министр кызматын да конкреттүү программасы жок, жалпы сөз менен баштады.

Бир тууган Жээнбековдорго тагылган негизги айыптардын бири 2010-жылкы Ош коогасына байланыштуу. Анда ошол кездеги Ош губернатору Жээнбеков 5 млн. сомду, айрым маалыматтарда 3 млн. долларды дайынсыз сарптаганы айтылат.