Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Жээнбеков өкмөт башчы болуп шайланды


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Жогорку Кеңеш депутаттары премьер-министрликке сунушталган Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоду. Жыйынга катышкан 115 депутаттын баары аны бир добуштан шайлады.

Жогорку Кеңеште премьер-министрликке сунушталган Сооронбай Жээнбеков өз программасы менен тааныштырды. Депутаттар алгач өкмөттүн программасын угуп, суроолорго жооп алган соң, ачык электрондук добуш берүү аркылуу шайлоо жолун тандашты.

Өкмөттүн программасына, курамына жана түзүмүнө депутаттар өз-өзүнчө добуш берди. Өкмөттүн программасына гана эки депутат каршы болду. Жыйынга 115 депутат катышкан.

Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңеште программасын тааныштырып жатып айтканына караганда, кыргыз өкмөтү өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында көрсөтүлгөн улуттук инвестициялык долбоорлорду уланта берет.

- Ушул убакытка чейин аткарылып келе жаткан түндүк-түштүк альтернативдик жолду салуу, Бишкек - Кара-Балта айланма жолду курууну улантабыз. Ошондой эле Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жана Балыкчы - Корумду жолунун курулушун токтотпойбуз, - деди Жээнбеков парламентте.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков сунуштаган өкмөттүн курамында үч адам алмашты.

Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин ордуна Соцфонд төрагасы Мухамметкалый Абылгазиев, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин ордуна Акылбек Осмоналиев, ал эми транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин ордуна Зарылбек Айдаров бекиди.

Өкмөттүн жалпы курамы:

Мухамметкалый Абылгазиев — биринчи вице-премьер-министр (Аалы Карашевдин ордуна),

Олег Панкратов — экономикалык маселелер боюнча вице-премьер,

Гульмира Кудайбердиева — социалдык маселелер боюнча вице-премьер,

Арзыбек Кожошев — Экономика жана өнөр жай министрлиги,

Мелис Турганбаев — Ички иштер министрлиги,

Жылдыз Мамбеталиева — Юстиция министрлиги,

Адылбек Касымалиев — Финансы министрлиги,

Кубатбек Боронов — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги,

Кудайберген Базарбаев — Социалдык өнүгүү министрлиги,

Эльвира Сариева — Билим берүү жана илим министрлиги,

Алтынбек Максутов — Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,

Талантбек Батыралиев — Саламаттык сактоо министрлиги,

Замирбек Айдаров— Транспорт жана коммуникация министрлиги (Аргынбек Малабаевдин ордуна),

Турдуназир Бекбоев — Айыл чарба жана мелиорация министрлиги,

Эрлан Абдылдаев — Тышкы иштер министрлиги,

Акылбек Осмоналиев — өкмөттүн аппарат жетекчиси (Нурханбек Момуналиевдин ордуна).

Өкмөт башчы болуп шайланган Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин Социал-демократтар партиясы сунуштаган.

Буга чейинки премьер-министр Темир Сариев жолдорду курууда өткөрүлгөн тендерде кызыкчылыгы бар деген айыптар айтылган. Бирок Сариев аларды курулай доомат деп атаган жана 11-апрелде өкмөт башчылыктан кеткенин жарыялаган.

57 жашка чыккан Сооронбай Жээнбеков Оштун Кара-Кулжа районунда туулган. Кесиби боюнча зооинженер, 1983-жылы Айыл чарба институтун, 2003-жылы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1976-жылы Өзгөн районунда орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 1983-1993-жылдары өзү туулуп өскөн райондо зоотехник, Коммунисттик партиянын райондук комитетинде нускоочу, катчы, совхоз-колхоздордун башкармасы өңдүү кызматтарда иштеген.

Жогорку Кеңешке 1994-жылдан 2005-жылга чейин үч ирет шайланган. Эл өкүлдөр палатасында агрардык маселелер боюнча комитеттин төрага орун басары, төрагасы, парламентте спикердин орун басары болуп турган. 2007-жылы айыл чарба министри болуп бир жылга жетпеген убакыт иштеген.

Спикердин да орду бош

Бүгүн түшкө чейин болсо Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кызматын тапшырган. Ал бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке көрсөтүлүп жатканына байланыштуу ушундай чечимге келгенин айтты. Мыйзам боюнча бир туугандар бир учурда негизги мамлекеттик бийликтерди башкарууга укугу жок.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов парламент үчүн өкмөт курамын бекитүү биринчи кезектеги маселе болуп турганын “Азаттыкка” билдирди.

- Премьер-министрди шайлоо менен өкмөт курамында эч кандай өзгөрүү болбойт. Бирок транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев тендер чырына байланышы болуп калгандыктан, ал кызматта калганы туура эмес. Бул министрлик орун КСДП фракциясына тиешелүү, андыктан талапкер ошол жактан көрсөтүлөт. Эгерде биздин пикирди сураганда мурдагы министр Калыкбек Султановду көрсөтмөкпүз.

Сайдулла Нышанов парламент төрагасы эртең шайланышы мүмкүн экенин кошумчалап, учурда бул орунга “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги көрсөтүлүшү чындыкка жакын болуп турганын билдирди. Ал ошондой эле “Ата Мекен” фракциясы азырынча спикерликке талапкер сунуштоо маселесин карай электигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG