Ананьеводогу жарылуу

Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы эки адамдын өмүрүн алган газ куюучу жайдагы жарылуудан жараат алгандар жергиликтүү ооруканадан Чолпон-Атадагы аймактык бейтапканага которулду. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан жараат алган сегиз адам ооруканага жеткирилген. Бирине амбулатордук жардам берилген соң үйүнө кеткен.

Азыр реанимацияда беш адам, хирургия бөлүмүндө эки адам жатат. Реанимациядагы жабырлануучулардын баары денелеринен 60 пайыздан 90 пайызга чейин күйүк алышкан. Абалдары оор.

Хирургия бөлүмүндөгү экөөнүн денелеринин 45 пайызы күйгөн. Аларга жардам берүү үчүн Бишкектен дарыгерлер тобу чыгып кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 19-июнда кечки саат 17.10до аталган айылдагы газ сатуучу жайда өрт чыгып, газ баллондор жарылган. Эки адам окуя болгон жерде күйүп кеткен. Алар атасы жана анын 3-класстагы уулу экени маалымдалды. Сегиз киши ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Кырсыктан бир газ ташуучу автоунаа, эки портер, бир жеңил машине жана 500 даана газ баллон өрттөндү. Өрт саат 21:15те толук өчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгач бул газ куюучу жай “Газпром” компаниясына тиешелүү деген маалымат таратып, кийинчерээк менчик станцияда жарылуу болгонун билдирди. Жарылуунун себептери кабарлана элек. 

Газ куюучу станциядагы жарылуу боюнча кылмыш иши козголо элек. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, кылмыш ишин козгоо маселеси Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн себептерин аныктагандан кийин чечилет. 

Маалыматка караганда, жарылуу болгон газ куюучу жай жеке ишкер Виктор Бориского таандык. Алгач ӨКМ жарылуу “Газпром” компаниясына тиешелүү станциянын биринде чыкканын билдирип, кийинчерээк ал маалыматты четке какты.

Өрт өчүрүүчүлөр газ саткан станцияга жакын жайгашка май куючу жайда 25 тонна күйүүчү майды суу менен муздатып, өрттүн жайылышынын алдын алышкан. Кырсыктан 30 тонна цистернасы менен ДАФ үлгүсүндөгү автоунаа, РЕНО үлгүсүндөгү машиненин бир бөлүгү, ГАЗ-53 цистернасы менен, Газель унаасы цистернасы менен жана бир жеңил машине күйгөн.