Сирияга барды делген үй-бүлө кайрадан талкууда

Махмудовдордун үйү.

Ала-Бука районундагы Балтагулов айылдык кеңешинин депутаттары Кажар айылынын жашоочуларынын жергиликтүү үй-бүлөлөрдүн бирин мажбурлап көчүрүү тууралуу кайрылуусун талкуулаганы турат.

Бул - Сириядагы согушка байланышы бар деп болжолдонгон үй-бүлөгө карата экинчи ирет жасалып жаткан аракет.

Жергиликтүү укук коргоочулар адамдарды күчтөп көчүрүү адам укуктарына каршы келерин эскертишүүдө. Жергиликтүү аткаруу бийлиги укук коргоочуларды кубаттап, бардык аракеттердин мыйзамдуулугун сот гана аныкташы керек деп жатат.

Ала-Бука районунун Кажар айылынын тургундары өткөн жумада элдик жыйын өткөрүп, ушул эле айылда көп жылдан бери жашаган Махмудовдордун үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүү чечимин кабыл алышты. Анын негизинде айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңешке кайрылуу жолдонгонун айыл башчы Атахан Даникулов билдирди:

- Мурда Сирияга барып келгенде эл бир ызы-чуу болуп, кийин "жашай берсин" деп калганбыз. Кийин бул аялдын турмуштан ажырашкан кызы эжеси менен бирге мурунку жолдошунун жашап жаткан аялын барып уруп коюшуптур. Анан эл чогулуп, булар бизге деги тынчтык бербейт экен деп жыйналыш кылышып, көчүрүү боюнча чечим кабыл алдык. Ошондой эле 156 адамдын колу коюлган кайрылууну айыл өкмөткө бердик, эми айылдык кенеш сесияда бул маселени карап, чечим чыгарып бериши керек. Биз мыйзамдуу жолун издеп жатабыз.

Үй-бүлө ээси - 43 жаштагы Мавлюда Шарипова айылда үч кызы жана небереси менен жашайт. Мавлюда кызы менен мурдагы күйөө баласынын ортосундагы бала талашка байланышкан жеке турмуштук чыр-чатакты айылдаштары айыл деңгээлиндеги чырга айландырып жатышат деген таарынычын айтты. Анын белгилешинче, кызынын кайын атасы менен айыл башчы биригип алып, элди дүрбөтүп жатат:

- Бул жерде кызымдын кайын атасы жана айыл башчы биригип алып эле элди уюштуруп жатат. Жыйынга бизди чакырып ар нерселерди айтты, биз унчукпастан угуп турдук. Көчүрөбүз деп жатышат, биз эч жакка кетпейбиз. Эмне үчүн өзүм жашаган айылдан башка жакка кетишим керек? Аларга "анда үйүмдү өрттөп жибергиле" деп айттым. Бирок алар андайга барышпайт.

Мавлюданын ишендиргенине караганда, бул үй-бүлө эч кимге зыяны жок, айылдыктардын айтканына макул болуп жашап жатат. Ал эми кыз-күйөө ортосундагы балага байланышкан чатакты мыйзамдуу чечүү үчүн сотко кайрылышыптыр.​

​Аларды көчүрүү талабы жазылган кайрылууну Балтагулов айылдык кеңеши 23-апрелдеги кезектеги сессиясында карайт. Бирок жергиликтүү бийлик көчүрүү демилгесине каршы болуп, дагы бир мүмкүнчүлүк берүүнү депутаттардан суранганы турат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Мамадалы Парпиев билдирди:

- Азыр бул багытта эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ушул ишембиде айылдык кенештин сессиясында да бул маселе каралат. Жергиликтүү бийлик аларды көчүрүү талабына макул эмес. Ошол себептүү айылдык кеңештин сессиясында депутаттардан дагы бир мүмкүнчүлүк берүүсүн суранабыз. Бирок аларды көчүрүү маселесин депутаттар да чече албайт, сот аркылуу гана чечилиши мүмкүн. Азыр биз жагдайды жайгарганга аракет кылып жатабыз.

Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова жарандарды тигил же бул жакка мажбурлап көчүрүү мыйзамга каршы келет деп эсептеп, айылдыктардын аракетин укуктук сабатсыздык катары баалады:

- Ар бир жарандын укугу жана эркиндиктери Конституция менен корголот. Бул маселени президент гана чече алат. Бирок ал дагы жарандын эркине каршы чечим кабыл ала албайт. Бул ажырагыс укуктардын бири болуп саналат. Ошол себептүү айылдыктардын бул маселени көтөрүшү укуктук сабатсыздыктан улам чыгууда. Ошол себептүү бул айылда көбүрөөк түшүндүрүү иштерин алып баруу кажет. Ал эми эки үй-бүлөнүн талаш-тартыш маселелери мыйзам аркылуу жөнгө салынышы керек. Мында бул үй-бүлөнүн укугу бузулуп жаткандыгына байланыштуу моралдык жана материалдык зыян деп көчүрүү талабын көтөрүп жаткан адамдардын үстүнөн сотко кайрылса да болот.

Акыйкатчынын өкүлү бул маселени көзөмөлүнө алып, өз алдынча дагы териштирүү алып барарын билдирди.

Айрым байкоочулар айылдыктарда бул үй-бүлөгө каршы маанайдын түзүлүшүнө Сирияга байланышкан таржымалы себеп болууда деп эсептешет.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул үй-бүлөнүн 23 жаштагы баласы Сирияга кеткендиги жана ал жакта согушка жалданып жүргөнү тууралуу маалымат тараткан. 53 жаштагы атасы Хайрулло Махмудов былтыр май айында уулун издеп Түркияга кетип, кийинчерээк калган үй-бүлөсүн тааныштары аркылуу чакырткан.

Мавлюда Шакирова үч кызы жана небереси менен күйөөсүнө барууга эки ирет аракет кылышып, биринчисинде Ош аэропортунан кармалып, экинчи ирет Түркияга Москва аркылуу барышкан. Бирок көп өтпөй Түркиядан Кыргызстанга депортацияланып келишкен. Ошол учурда да айылдыктар бул үй-бүлөнү көчүрүү демилгеси менен чыгышып, түшүндүрүү иштеринин натыйжасында токтоп калган болчу.

Тасмада: "Азаттык" бул үй-бүлөдөн өткөн жылы кабар алган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Сирияга жеткен эмеспиз"