Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Сирияга барды делген үй-бүлөнү жектешүүдө


"Сирияга жеткен эмеспиз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

"Сирияга жеткен эмеспиз"

Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна караштуу Кажар айылынан Түркияга барып, Сириядагы экстремисттик топтор менен ымала түзүп келүүгө аракет кылган деп айтылган үй-бүлө мүчөлөрүнө нааразычылык күчөп, кыштак жаштары аларды башка аймакка көчүп кетүүсүн талап кылышууда.

Ала-Бука районунун Кажар айылында жашаган Махмудовдордун үй-бүлөсүн көчүрүүгө байланышкан жыйын 20-декабрда экинчи жолу өттү. Анда үч кызы жана бир небереси менен жакында Түркиядан келген 45 жаштагы Мавлюда Шарипованы айыл жаштары тез арада үй-бүлөсү менен башка аймакка көчүүсүн талап кылышты. Аталган айылдын башчысы Атахан Даникулов буларды айтты:

- Биринчи жыйын үч айылдын жашоочуларынын катышуусунда 16-декабрда маданият үйүндө өткөн. Анда алардын көчүп кетүүсүн, болбосо мажбурлап чыгарышарын эскертишкен. Кийин ал талаптары аткарылбаган соң 20-декабрда Кажар айылынын тургундары кайрадан чогулушуп, ушул маселени көтөрүштү. Анткени булар Сирияга барып келишкен. Бир баласы Сирияда согушка катышып жүрсө, атасы Түркияда иштейт. Алты ай аралыгында алар Түркияга барып окуп келишип, эми биздин балдарды да азгырат деген кооптонуу пайда болууда. Ал жактан келген соң булар башкача кийинип, кыздары кымбат баалуу телефондорду көтөрүп калышты. Буларга мындай акчаны ким берди деген суроо пайда болууда. "Бул үй-бүлөгө эч ким чара көрбөсө, камабаса анда биз чыгабыз" деп жаштар ушул демилгени көтөрүп жатышат.

Бул аракеттердин баары туура эмес маалыматтардын айынан чыкты деген Мавлюда Шарипова айылдаштарын сабырдуулукка чакырды. Анткени буга чейин айыл жашоочулары менен жакшы мамиледе болгонун жана мындан ары да ошондой ымалада калгысы келерин айтат.

- "Көчүп кеткиле, болбосо баарыңарды үй ичине камап ташбараңга алабыз" деген коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Айыл менен мамилебиз жакшы эле болчу. Алар бизди Сирияга барып келди деп ойлоп жатышат. Бирок мен ал жакка жолдошумду көрүү үчүн гана кеткенимди түшүнүшпөй турушат. Айылдыктар "бизди сатып кеттиңер, жаман жолго бардыңар" деп нааразы болуп жатышат. Бирок биз аларга эч кандай жамандык кылган жокпуз.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы берген маалыматка ылайык, ушул үй-бүлөнүн 22 жаштагы баласы Сузактагы медреселердин биринде окуп жаткан учурда өткөн жылы Сирияга кеткендиги, эл аралык терорристтик уюмдардын катарында куралдуу согушка жалданып, "жихадда" жүргөнү аныкталган.

Кийинчерээк 2015-жылдын май айында дайынсыз жоголгон уулун издеп, иштөө максатында 52 жаштагы атасы Хайрулла Махмудов да Түркияга жол тарткан. Андан соң ал башка тааныштары аркылуу Кыргызстандагы жубайын келип кетүүгө чакырган. Бул үй-бүлөнү Ош шаарындагы аэропорттон алгач милиция токтоткон. Кийинки жолу алар эч кимге айтпай Москва аркылуу Түркияга барган экен:

- Жолдошум Руслан деген бир тааныш бала менен иштегени кеткен. Үч айдан соң ал "жолдошуңуз сизди чакырып жатат, келип көрүп кетиңиз" деди. Мен алгач макул болгон жокмун. Анан ал "болбосо жолдошуңузду көрбөй калышыңыз мүмкүн" дегенинен коркуп макул болдум. Кыздарымды жана неберелеримди кимге таштарымды билбей өзүм менен бирге ала кеткем. Алгач бизди Москвага алып барышып ал жерде 1,5 ай жашап калдык. Кийин Түркияга алып өтүшүп, көп кабаттуу үйлөрдөгү батирде бизди камап багып жатышты. Ал өлкөнүн полициясы бизди билип калып, ошол жерден камакка алды. Андан соң үч кызым жана неберемди кошуп Кыргызстанга депортация кылды. Ошентип жолдошум менен да жолуга алган жокмун. Үйгө келсек жолдошум "мен жакшы иштеп жатам, көчөгө көп чыкпагыла" деп кат жазган экен. Мен ал катты окуганда ал жакка барбайт болчум. Болгону ошол.

Махмудовдордун үй-бүлөсүнүн Түркияга барып келген жагдайларын азыр УКМК тергеп жатат. Ошол себептүү алар азырынча маалымат бере албастыгын билдиришти. Ал эми аймактагы коомдук коопсуздукту райондук милиция көзөмөлгө алууда.

Бирок соңку жыйында аксакалдардын кийлигишүүсү менен орток пикир табылып, каарданган жашоочуларды тынчтандырганга аракет жасалды. Эми ал үй-бүлөнү милиция көзөмөлдөп, эл менен мамиледе болуусуна тыюу салынды. Эгерде кандайдыр бир аракеттер катталса, айыл тургундары кайрадан чогулмай болушту.

ОшМУнун теология факультетинин окутуучусу Зайнабидин Ажымат бул маселени чыр менен эмес, түшүндүрүү жолдору менен чечсе болорун айтат.

- Сирияга азгырылган үй-бүлөлөрдүн негизги фактору диний маалыматтуулуктун жетишээрлик эместигинен болуп жатат. Ала-Букадагы үй-бүлөнү кууп чыгаруунун ордуна диний адистер, билимдүү жарандар аларга барышып, туура багыт берүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзсө жакшы болмок. Алардын аң-сезимин "халифат", "жихад" деген туура эмес түшүнүктөр ээлеп алган. Ошол себептүү аларга Курандын, пайгамбарыбыз Мухаммед пайгамбардын хадистеринин негизинде исламды түшүндүрүү кажет. Муфтият, дин өкүлдөрү бул багытта жоопкерчиликтүү жана жеткиликтүү иш алып барышы керек деп ойлойм. Бирок соңку учурда дин маселеси курчуп бараткан маалда буга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу кажет.

Кыргызстандан Сирия жана Ирактагы террорчуларга кошулгандардын саны расмий эсепте 500дөй. Алардын 122си аялдар жана 40тан ашууну каза болгон.

XS
SM
MD
LG