Футбол: бүйүр кызыткан мүнөттөр

Жапон күйөрмандары.

Жапон футболчулары машыгууда.

Жапон күйөрманы.

Кичинекей күйөрман.

Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.

2-тайм башталганда беттештин 53-мүнөтүндө Жапониянын эсебине 2-гол жазылды. Голдун автору Генки Харагучи.

Кыргызстандын футбол курама командасы.

Бул тайпада Жапониянын курама командасы тогуз упай менен жадыбалдын сап башында баратат. Эсебинде алты упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунда. Үч упайга ээ болгон Монголия төртүнчү, үч оюнда бир да жолу жеңиш буюрбаган Мьянма бешинчи орунда турат.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футболду 17 миң 543 көрүүчү көрүп жатканы маалым болду.

2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командалары оюнду баштады.