"Биз силерди унутпайбыз..."

Соңку 25 жыл ичинде өлкөдө 100дөн ашык журналист каза болгон.

Быйыл кыргыз журналистикасында оор жоготуулар болду.

Октябрда өсмө илдетинен жабыркап жүргөн журналист, өмүрүнүн акыркы жылдарында маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеген Султан Жумагулов 59 жашында дүйнөдөн кайтты. (Сүрөттө Султан Жумагуловдун кызы Айгерим Жумагулова). 

Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин депуттары, коомдук ишмерлер, өлкөнүн алдыңкы журналистери катышты. 

 "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев быйыл Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон. 

Сүрөт галереяны көргөнү келген спорт журналисти Сурат Жылкычиев. 

Эркин журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы 22-декабрда Алматыда киши колдуу болуп каза болгон. Ал ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин режимине каршы сын пикирин ачык айткан. 

"Журналисттик кесип өтө кооптуу кесип. Бул кесипти тандап алган адам ушуну билип туруп анан бул жумушту тандаш керек. Мисалы, мушкер анын алдында турган тоскоолдуктарды билип туруп ал спортчу болгондой журналисттер дагы так эле ушундай болушу керек. Бирок бул деген журналистти ар ким келип сабап, өлтүрүп кетсе боло берет дегенди билдирбейт. Журналисттин өлүмүнө мамлекет мыйзам чегинде кепилдик бериши керек. Бизде мыйзамдар бар. Бирок алар аткарылышы зарыл" (Эрнист Кыязов).

"Чет өлкөдө журналистке кол салуу болуп же шектүү жагдайда каза болгон болсо, өлүмүнүн себеби изилденип, укуктук баа берилет. Бирок Кыргызстанда андай эмес. Каза болду,  калганы белгисиз болуп кала берет" (Элнура Кулуева, иш-чаранын уюштуруучусу). 

Чыгаан журналист Мелис Эшимканов. 

7-ноябрь Кыргызстанда Басма сөз жана маалымат күнү. Ошондой эле 7-8-ноябрь "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" катары былтыркы жылдан бери белгилене баштаган.

Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.