Эркиндик жана жоопкердик

Кыргызстан глобалдык өзгөрүүлөр мейкиндигине кирди, ошентип Жер шарында эмне окуя болуп, эмне өзгөрүү жүрсө, анын баары табигый түрдө коомубуздун турмушуна, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына таасир этүүдө.
Жаңы тажрыйбалар тездик менен бардык жерлерге тарап жатат. Бул өңүттөн алганда Кыргызстандын көп сандаган ЖМКларынын буга чейин биздин өлкөдө иштеген саналуу гана чет жердик журналисттер менен маалымат агенттиктери тутунган эл аралык стандарттар жана эрежелер менен иштөөгө умтулуусу жакшы саамалык болуп калды. Буга кубануу гана керек, анткени кызыктуу жана ар түркүн ЖМКлардын болушу ошол коомдун ачыктыгын жана демократтык жолоюн күбөлөйт эмеспи. Улам бир кесиптештерибиздин алдыңкы тажрыйбага өтүп жатышы кубаттоого арзыйт. Анткени бул нукура конкуренцияга жол ачып, сапаттуу журналистиканын калыптанышына өбөлгө түзөт.

Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда демократия менен эркиндик иш жүзүндө өкүм сүрүүдө. Жана биз, журналисттер, прогресске өз салымыбызды кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз. Бирок бул иштин башы гана, анткени, эркин жана ачык коомдо жашоо ар бирибиз үчүн кадыресе салт болуп калууга тийиш.

Кыргызстандыктардын күндөлүк турмушуна жогорку технологиялардын кириши менен ар бир жарандын... журналист болуу мүмкүндүгү жаралды. Башкача айтканда, өлкөнүн кай жеринде ким дебе, колунда кадимке эле чөнтөк телефону бар болсо, айлана-тегерегинде болуп жаткан окуялар тууралу жумурай журтту кабардар кыла алат. Бир жагынан Facebook, Twitter сыяктуу социалдык түйүндөр аркылуу ким дебе тегеректеги окуяларга байкоо салып, маалыматты бүт дүйнөгө тарата алат. Ушунун өзү эле жакынкы келечекте журналистиканын табияты да, мүнөзү да өзгөрүлөт деген ойду бышыктап тургансыйт.

Эгер мурда кесипкөй журналисттер гезитчи, радиочу же тележурналист деп бөлүнүп келишсе, эми алар мультимедиада ар тараптуу кызматты аркалоого аргасыз болууда. Азыркы журналистти төмөнкүдөй элестетсек болот: бир колунда - диктофон, экинчисинде – фотоаппарат, ийининде – видеокамера. Ал аз келгенсип бронежилет да кийип алган, анткени, азыркы тынчы жок заманда, кудай анын жүзүн ары кылсын, кокус денесине ок жаңылбасын деген кеп. Мындан тышкары прессанын азыркы кызматкерлери радиодо сүйлөп, видео тартышы жана эң башкысы – сабаттуу жаза алышы керек. Эгер журналист көп тил билсе, анын баасы көкөлөйт!

Кыскасы, универсал, башкача айтканда, ар тараптуу, баарына жөндөмдүү журналисттин күнү тууган кез. Жогоруда саналган жөндөм-касиеттерге ээ болуу менен гана биз медиа мейкиндиктеги катаал атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Бирок да журналистиканын тышкы көрүнүшү жана ички мазмуну канча өзгөрбөсүн, журналисттерге коюлуп келаткан негизги талаптар менен принциптер мурдагыдай эле өзгөрбөстөн кала бермекчи. Алтурмак бул талаптар менен принциптердин мааниси өсүү гана үстүндө. Анткени адам укуктары менен эркиндиктеринин баасы да тынымсыз артып жатпайбы.

Постсоветтик Борбор Азия этностук, чек ара, суу жана диний жаңжалдар такай коштоп келаткан региондор катарына кирет. Албетте региондогу саясый, этнос же диний аралык жаңжалдар дүйнөлүк, анын ичинде Кыргызстан ЖМКларынын көңүл чордонунда турат. Менин оюмча, ар кандай түрдөгү жаңжалдарды чагылдырууда бул күндөрү коммерциялык кызыкчылыктар да роль ойноодо. Анткени окурман, көрөрман жана угарман үчүн күрөш курч атаандаштык шартында жүрүп, «ысык» материалдарды издөөгө жана жаратууга мажбурлап жатат.

«Жаңжал», «уруш», «кол салуу», «теракт» деген сыяктуу сөздөр менен башталган жаңылыктар азыркы тушта “каны жерге тамбай” тарап кетип жатканы да ушундан. Кээде эрксизден биздин ЖМКлар адамдардын үрөйүн учуруп, кыжаалат кылуу менен коомду такай чыңалуу абалында кармап туруу боюнча жарышып жатабы деген ой да келет. Ошол эле кезде ЖМКлар лексиконунан негедир «тең укуктук», «гуманизм», «боорукердик», «айкөлдүк», «сабырдуулук» деген оң түшүнүктөрдү сейрек кездештиребиз.

Тилекке каршы, көпчүлүк кыргызстандык ЖМКлар жаңжалдуу окуяларды чагылдырууда бир тараптуу бойдон калууда. «Сөз эркиндиги» жана «эркин ой айтуу” деген түшүнүктөр кайсы бир деңгээлде жарандык жоопкердикти жана кесиптик жактан өзүн өзү көзөмөлдөөнү да талап кылаарын эсибизден чыгарып жаткан жокпузбу?

Жаңжалдарды чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү бар жана журналисттен бөтөнчө даярдыкты, андан тышкары адеп-аклактык касиеттерди талап кылат. Анткени, кабарчы сөздөрү, жасаган басымы аркылуу жана жаңжалга тартылган тиги же бул тарапка жасалган шилтемелердин саны менен чырдын ырбашына же тетирисинче анын басаңдашына өбөлгө түзүшү мүмкүн. Адам катары да, журналист катары да мен дайыма «Жамандык кылба!» деген эрежени карманып келем, ошол эле кеңешти башка кесиптештериме да бергим келет.

Эми жаңжалга байланышкан маалыматка карама-каршы келген, адамдардын ар башка топторунун мамилелерине байланышкан толеранттуу маалымат тууралуу да айта кетели. Толеранттуулук, же кыргызча айтканда, өз ара түтүмдүүлүк түшүнүгү кийинки кезде журналисттер, саясатчылар жана укук коргоочулар байма-бай колдоно баштаганы кубандырат. «Толеранттуулук» түшүнүгү биздин өлкө да бүт дүйнө сыяктуу эле көп түрдүү экенин, анда ар кандай маданиятты, дөөлөттөрдү тутунган, өз адат-салты бар ар кыл улуттун, конфессиянын өкүлдөрү байырдайт деген фактыны моюнга алуу болуп саналат.

Айрыкча этнос аралык жаңжалдарды чагылдыруу өтө эле аяр мамилени талап кылары жалпыга маалым. Буга байланыштуу 2010-жыл июнда Кыргызстан Түштүгүндө болгон каргашалуу окуяга карата өз байкоолорумду ортого салгым келер эле.

Бул окуя алдында биз – эки устат эксперт Жалал-Абадда жана Ошто этнос жана диний аралык жаңжалдарды чагылдыруу боюнча семинарларды өткөргөн элек. Бул иш чара ошол эле май айында Жалал-Абаддагы окуяларды айрым ЖМКлар жана укук коргоочулар эл аралык стандарттардан кыйла алыс чагылдыргандан улам ОБСЕ тарабынан уюштурулган болучу. Ошондо бир катар жергиликтүү телеканалдар менен басылмалар бир жактуу, козутма жана жоопкерсиз материалдары менен Оштогу жана Жалал-Абаддагы ансыз да араң турган улут аралык кагылыштын чыгышына өбөлгө түзүшкөн.

Бирок тирештин арты кан төгүүгө айланып, өлүмдүн көлөкөсү ар бир үйгө баш баккан кезде биздин кесиптештер тап-такыр башка жагына өзгөрүлдү – дээрлик баары окуянын улуттук өңүтүнө басым жасоодон колдон келишинче оолак болушту. «АКИпресс», «24.kg» жана «Кабар» маалымат агенттиктеринин, ошондой эле КТРК менен «ЭлТР» телеканалдарынын жаңжал учурундагы ишмердигин изилдеген эксперттер тобунун корутундусу буга күбө боло алат. Корутундуда аталган ЖМКлардын журналисттери түштүктөгү окуяларды чагылдырууда сыпаттоо жана баа берүү пикирлеринен жана эмоциялуу ырастоолордон карманып, бейтарап позицияны ээлегени белгиленет. Көпчүлүк кабарларда адамдардын улуттук тегине басым жасоо менен жаңжалды ырбатууга эмес, элдешүүгө чакырыктар басымдуулук кылат. Менимче, кан төгүүнү өз көзү менен көргөн журналисттер улут аралык жаңжалдын арты канчалык каргашага алып келээрине көзү жетип, жарандык жоопкердигин сезди көрүнөт. Ош-Жалал-Абад каргашасы кандай гана жаңжал болбосун, аларга өтө аяр жана жоопкер мамиле жасоо керектигине бардык кыргызстандык ЖМКлардын көзүн ачтырып, сабак болуп калды деп ишенгибиз келет.

Дегинкиси эле кыргызстандык ЖМКлар каалаганын жазып жана айтып жатканын белгилейли. Бул биринчи кезекте кыргыз тилиндеги басылмаларга таандык. Тилекке каршы, айрым учурда биздин кесиптештер сөз эркиндигинен аша чаап пайдаланып жатканын ачык айтууга тийишпиз. Көп сандаган изилдөөлөргө караганда, кайсы гана гезиттин каалаган номеринен түп-түз эле соттошууга себеп табыла турган макала табабыз. Медиа-Өкүлчүлүк Институтунун маалыматы боюнча, 2012-жылдын алты айында аталган Институт бир тарабында ЖМК же журналист катышкан 19 доо арыз боюнча сотко катышкан. Салыштырып көрүңүз: 2011-жыл ичи бою бардыгы 18 доо болгон. Бул окуялардын 99%инде журналисттер менен ЖМКлар адамдын абийирин, ар-намысын жана ишкердик беделин коргоо, ошондой эле моралдык чыгымды толтуруу боюнча жоопкер катары тартылууда. Журналисттер менен ЖМКлар катышкан ушунча эле сандагы соттук териштирүүлөр эч кимге билинбестен жана угулбастан жүрүп жатканын эксперттер божомолдошот.

Бул мисалдар бир жагынан адамдар өз абийирин жана ар-намысын сот аркылуу коргоого умтулуп жатканын көрсөтөт. Бирок экинчи жактан бул кыргыз тилдүү басылмалар чынчыл жана жоопкер журналистиканын прициптерин, этикалык эрежелерди этибар албасын же тоготпосун да далилдеп турат. Кыскасы, биздин көптөгөн кесиптештерибиз али да эркиндик менен жоопкерчиликти айкаштыра албай жатышат. Бирок өмүр бою мындай болууга тийиш эмес да.

Эми ушундай абалдан чыгуу үчүн эмне кылуу керек? Албетте, журналисттердин үстүнөн соттун домок кылычы илинип турбашы кажет, анткени Кыргызстан өзүн демократтык мамлекет жарыялаган соң эркин сөз кысымга кириптер болбойт деп ишенгибиз келет. 2010-жылы кабыл алынган жаңы Конституцияда жалаа жапканы жана мазактаганы үчүн жазык кылмышы жоюлду. Бирок анын ордуна абийирди, ар-намысты жана ишкердик беделди коргоо боюнча жарандык доонун негизинде айыппул салуу жагы каралган.

Акыркы окуялар көргөзгөндөй, айрым депутаттар жалаа жапканы үчүн жазык жазасын киргизүү маселесин кайра козгочудай көрүнөт. Бул, албетте, сөз жана басма сөз эркиндиги жагындагы бардык жетишкендиктерден кол жууганга тете болмок. Демек, Журналисттин этикалык кодексинин (ЖЭК) бардык жоболорун сактоо менен гана кайсы гана ЖМК же журналист болбосун, ар кандай соттук куугунтуктардан оолак болуу кепилдигин алат эле. Бар болгону 23 жободон турган ЖЭК ар бир кабарчыга ачык жол көрсөткөн шамчырак боло алат.

Арийне, Кодекс – сөз жок аткарылууга жата турган мыйзам эмес. Бирок ал ким бирөөнүн ар-намысына доо кетирүүдөн, өзүбүздүн ишибизди адал аткара турган, эң негизгиси – соттук куугунтуктун түйшүктөрүнөн жана азабынан калкалай турган документ. Бул документти журналисттик жамаатка өкмөт таңуулаган эмес, тетирисинче аны көптөгөн жылдар бою акылына жана тажрыйбасына таянуу менен журналисттер өздөрү жапатырмак иштеп чыккан.

Кыргызстан Журналистинин этикалык кодексинде камтылган жоболор менен ички мазмуну бүт дүйнөдө журналисттик жамааттар иштеп жаткан кесиптик жана этикалык стандарттардын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жалаң фактыларга негизделген, чынчыл жана жоопкер журналистиканы калыптандыруу менен гана биз коом жана кесибибиз алдындагы милдетибизди өтөдүк деп айта алабыз.

Султан Жумагулов,
“Азаттык” радиосунун Бишкек бюросунун башчысы.