Июнь таржымалы кайрадан такталууда

Ош, 11-июнь, 2010-жыл

2010-жылдагы июнь коогасы боюнча окуялардын расмий таржымалына кошумча-алымчалар киргизилүүдө.
Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин окуялардын тизмегин калыбына келтирип, андагы ар бир учурду тактап чыгууну тапшырган болчу. Ага ылайык окуянын от алышына түрткү болгон жагдайлар ачыкталып, аны өз учурунда жөнгө салууга милдеттүү бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги аныкталууда.

Кайра кароонун зарылдыгы

Мындан эки ай мурун президент Атамбаев июнь каргашасындагы олуттуу жагдайларды тактап, окуялардын таржымалын кайрадан карап чыгуу боюнча тапшырма берген болчу. Буга көмүскөдө калган жагдайларды жана ага түрткү болгон күчтөрдүн басымы алдында чыгарылган буга чейинки окуянын таржымалына толуктоо киргизүү зарылдыгы негиз болгон.

Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов буларга токтолду:

- Себеби 2010-жылы мына ошол окуядан кийин ар кайсы саясий күчтөр өздөрүнүн талаптарын коюп, өздөрүнүн версияларын таңуулаган учурлар болгон. Мына ошондуктан эки жылдыкка карата окуянын чыныгы себептерин кандай болгондугун объективдүү иликтеп чыгуу үчүн окуялардын тизмегин кайрадан карап чыгуу зарылдыгы болду. Мына ушуга байланыштуу президент жарлык чыгарган болчу.

Ош, 14-июнь, 2010-жыл

Коомчулукта июнь каргашасынын себептери боюнча ар түрдүү божомолдор айтылып, аны иликтеген комиссиялардын ар бири окуянын таржымалын ар башкача сүрөттөгөн. Мындан улам окуялардын кайсынысы ушак, кайсынысы чын экендигин аныктоо кыйынга турган.

Коопсуздук маселеси боюнча эксперт Мирослав Ниязов жоопкерчиликти алып, чынында эмне болгондугун ачык иликтегенге бийликтин мойну жар бербей келгендигин белгиледи:

- Бир дагы комиссия эң негизги жыйынтыкка келген жок. Окуяны будамайлап, үстүртөдөн же кайсы бир тарапка карап сүрөттөшкөн. Мына ошол окуя бүтүндөй Фергана өрөөнүн “жарууга” багытталгандыгы эске алынган жок. Анын башка бир күчтөр тарабынан алдын-ала даярдалгандыгы тууралуу да мына ошол иликтөөлөрдө конкреттүү мисалдар келтирилген жок. Мына ушуга олуттуу карап, Убактылуу өкмөт жоопкерчиликти алыш керек эле. Булар мансапты күтүп, бирок жоопкерчиликтен качып атышпайбы. Мындай шартта окуянын чыныгы өзөгү ачылбай кала берет. Мына ошол жагы коркунучтуу.

Учурда Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети жана Башкы прокуратура окуялардын тизмегин кайрадан түзүп чыгуу менен алектенишүүдө.
Ошто этностор аралык кырдаал курчугандыгына карабастан эмне үчүн ошол кезде өзгөчө кырдаал жарыяланган эмес, коопсуздук жана тартип коргоо органдары эмнеге өз учурунда ыкчам чараларды көрө албай калган деген сыяктуу маселелер көтөрүлүүдө.

Жоопсуз суроолор көп

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов окуяны алдын алууга түздөн-түз милдетүү жетекчилердин иш-аракеттерине баа бериле тургандыгын айтып өттү:

- Көптөрү мына ошол июндун башынан баштап эле эмнеге чара көрүлгөн эмес деп айтып жатышпайбы. Мен буга кошулам. Эмнеге ИИБдин башчылары, шаардын жана облустун жетекчилери өз учурунда чара көрө алышкан эмес? Болгон күчтү мобилизациялап, абалды көзөмөлдө кармоонун ордуна алар кабинеттеринен чыкпай отуруп алышкан. Бул жерде кандайдыр бир кырдаалга жараша чечкиндүү кадамдар керек болчу. Бирок мына ошол окуя башталганга чейин ошондой чаралар болгон эмес.

Ош, 14-июнь, 2010-жыл

Июнь каргашасы башталган учурда Ош менен Жалал-Абаддагы кырдаалга Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү Исмаил Исаков, ички иштер министринин орун басарлары Бакыт Алымбеков менен Мелис Турганбаев көзөмөлдүк кылып турган.

13-июнга караган түнү Жалал-Абаддын Топурак-Бел ашуусунда кайсы бир куралдуу топ Бишкек-Ош жолунда бараткан жүргүнчүлөргө кол салып турган. Он сегиз саатка жакын кыргын уюштургандардын буктурмасын Бишкектен барган жарандык ыктыярчылар тобу бузуп өткөн. Ага чейин Жалал-Абаддын аймагындагы аскер күчтөрү эмне менен алек болгондугу белгисиз.

Кечиккен чечимдер, кечиккен аракет

Жалал-Абадда комендант болуп турган Кубатбек Байболов Убактылуу өкмөт кырдаалды жөнгө салуу боюнча чечимдерди кечигип кабыл алгандыгын эскерди:

- “Санпадагы” окуя 13-июнда саат ондо башталган. Мага болсо 12-июндун түнү буйрук чыккан. Жалал-Абадда күч абдан жетишсиз экен. Анан түнү бою даярданып, адамдарды топтоп, эртеси саат ондо Жалал-Абадга учуп барганга жетишип жатпайымбы. Ал үчүн Убактылуу өкмөт менен эртерээк жөнөтүп, ал аймактарга өзгөчө кырдаалды эрте киргизиш керек болчу. Эми өздөрүнүн айыбын жабыш үчүн башка жактан күнөөкөрлөрдү издегени туурабы?

Буга чейин тиешелүү органдар жалданма чагымчылардын июнь окуясына катышын тастыктаган далилдер табылган жок деп айтып келишкен. Бирок коомчулукта Оштун Жийделик, Фурхат айылдарынын аймагынан жана шаардын арак заводунун имаратынын үстүнөн кармалып, чекисттерге өткөрүлүп берилген чагымчыл топтун мүчөлөрү кайда деген суроо кабыргасынан коюлууда. Алардын айрымдарынын тасмалары интернетке да койулган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат борборунун жетекчиси Нурлан Токталиев буга чейин тергөөнүн өндүрүшүнө киргизилбей калган далил материалдардын бардыгы иликтенип жатканын айтып берди:

- Мына ошол июнь окуясы боюнча бардык аудио-видео материалдар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү иликтөөгө алынып жатат. Буга чейинки айрым бир маалыматтар ушакпы же чындыкпы аныгын аныктап, талдап, салыштырып чыгуу боюнча иштер болуп жатат. Мына ошол иштердин бардыгы бүткөндөн кийин гана окуялардын тизмеги кайрадан түзүлүп чыгат.

Учурда ички иштер жана коопсуздук органдары өздөрүнүн иш алкагында иштелип чыккан окуялардын расмий тизмегин толуктап туруп, коргонуу кеңешине тапшырышты. Июнь каргашасынын эки жылдыгына карата окуялардын тизмеги кайрадан толугу менен такталып чыгып, коомчулукка жарыяланмакчы.

Июнь каргашасы боюнча окуялардын тизмеги мурдагысынан канчалык айырмалана тургандыгын коргоо кеңеши азырынча жашыруун сыр катары сактап турат.