Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Дарыгер Рахима - калаба каарманы


2010-жыл июнь калабасында ар кандай жаракат алгандарга медициналык көмөк көрсөтүп, көпчүлүгүнө экинчи өмүр берген хирург Рахима Кашакпаева ошондон бери быйыл алгачкы жолу 8-мартты майрамдап жатат.

Июнь коогасынын таасириненби, айтор өткөн жылы майрамга көңүлү чапкан эмес экен. Алааматта жабыркап, анын колунан сакайып кеткендердин айрымдары ал иштеген ооруканага гүл көтөрүп келе башташты.

Тополоң маалында өмүрүн тобокелге салып, жарадар болгондорго дары таратып, ок тийгендерди операция кылып жүргөн оштук хирург Рахима Кашакбаева азыркыга чейин ошол кооганын таасири менен жашайт. Жан соогалаган кишилердин онтогон үндөрү азыр да кулагына жаңырганы жаңырган. Бир тобунун өмүрүн сактап кала алды, айрымдары анын көз алдыда жан берген...

Сырттагы алааматка карабай кишилердин жанын сактап калганга далалат жасаган Рахима айым азыркыга чейин 2010-жылдагы апаат эмне себептен чыкканына түшүнбөй келет.

- Ал окуя биз – оштуктар үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Тоодон таш түшкөндөй эле болгон... Каалайбызбы, жокпу, адамзат улутка бөлүнөт экенбиз да. Мен деле өзбектин кызымын. Бирок Кыргызстандагы жашоомо наалыган эмесмин. Ким кааласа окуйт, ким кааласа иштейт...

Рахима Кашакпаеваны жүрөгүн ооруткан дагы бир нерсе, арадан эки жыл өтсө да коогадан калган таштандылар дагы эле тазаланып бүтө элек... Ок тийип, айнектери сынган имараттар дагы эле ошол бойдон турат...

Ошол кезде жарадарларга операция жасап, бошой калса эле өрт чыккан конуштарга дары-дармек алып, жардамга чуркаган дарыгер бул коога ким бирөөлөр үчүн гана керек болгон деген ойдо.

- Болуп өткөн окуя аябай жүрөгүмдү оорутат. Азыркыга чейин эстесем көзүмө жаш келет. Биз күтпөдүк эле да, Ош өрттүн ичинде калат деп. Эл эмнени талашып урушту, түшүнбөйм. Согуштун айынан көпчүлүк Ошту таштап кетишти. Кайра келип жатышат. Каяка барышат анан? Туулган жерлери – Ош. Мекен өзүнө тартат да адамды. Июндагы коога кимдир бирөөлөр үчүн гана керек болчу...

Калаба учурунда ок тийип же башка жарааттар менен ооруканага түшүп, Рахима Кашакпаеванын колунан дарыланып кеткен кишилер азыркыга чейин дарыгерди алкап турушат. Алардын бири Черемушки кичирайонунун тургуну Кубат Осмонов.

Дарылангандан соң Орусияга кетип калган Кубат Рахима айымды 8-март майрамы менен куттуктоону максат кылып келген экен:

- Тополоңдо кокусунан жараат алып, өзүмдү билбей калгам. Көзүмдү ачсам, ооруканада жатыпмын. Рахима эже дарылаган. Сакайып чыккандан бери ал эжени көрө элекмин. Бирок дайыма жакшы сезимдер менен эстеп жүрөм. Быйыл 8-март менен куттуктап коюуну чечтим.

Июнь апаатында Кубат сыяктуу Рахима Кашакпаеванын колунан сакайып кеткендер ондоп саналат. Алардын арасында кыргызы да, өзбеги да болгон...
XS
SM
MD
LG