Кыргыздын карызы, казактын арызы

Кыргызстандын газ боюнча казак тарапка тогуз жыл ичиндеги карызы 31 миллион доллардан ашты.
“КазТрансГаз” ишканасы карызды азайтуу үчүн газдын тарифтерин жогорулатууну сунуш кылууда. Бирок кыргыз тарап карыздын көлөмү талаштуу экенин билдирип, көгүлтүр отту мурдагы баада алууну көздөөдө.

Ал арада эки өлкөнүн ортосундагы газ боюнча келишим да апрель айынын соңунда бүтүп, азыр жаңы келишим түзүү же мурдагыны узартуу маселеси кабыргасынан коюлуп турат.

Тогуз жылда топтолгон карыз

Көгүлтүр от боюнча Кыргызстандын Казакстанга болгон карызы тогуз жылдын ичинде 31 миллион доллардан ашканын “Азаттыкка” “КазТрансГаз” ишканасынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан 2003-2004-жылдар аралыгында газды уруксатсыз алганы үчүн 13 миллион доллар, 2005-жылдан 2012-жылга чейин газды ташып келүү кызматы үчүн 2,4 миллион, эки өлкө ортосундагы “КырКазГаз” бирдиктүү ишканасына инвестиция катары 11,9 миллион доллар Казакстанга бериши керек.

Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосундагы былтыркы келишимге ылайык, 2011-жылдын сентябрынан апрель айына чейин берилген газдын карызы болсо 3 миллион долларды түздү. Бул келишим апрель айында аягына чыгып, майдын башынан берки уруксатсыз газдын карызы 900 миң долларга жетиптир.

Казакстандын Мунай жана газ министри Сауат Мынбаев “Азаттыктын” кабарчысына билдиргендей, казак тарап эң жок дегенде соңку карыздардын төлөнүшүн жана төлөмдөр убагында берилип турушун талап кылууда:

- Биз эски карыздарга деле анчейин көңүл бурган жокпуз. Биз жок дегенде азыркы төлөмдөр убагында берилип турушу керек деп айтып жатабыз. Азыр мага айтышкандай, соңку күндө карыздын бир аз бөлүгү жабылыптыр. Буга чейин карыз 4 миллион долларды түзүп турган.
Өкмөт кыска мөөнөттүн ичинде бүт тапшырмаларды аткарыш керек. Күзүндө жаңы көлөмдөр сүйлөшүлөт.

Казакстан береседен кутулуу үчүн Кыргызстанга бериле турган газдын баасын көтөрүү зарылчылыгы бар деп эсептейт. Себеби жогорулаган баанын эсебинен кыргыз тарап карызды четинен кыскартууга мүмкүнчүлүк алмак. Бирок Кыргызстан тогуз жыл ичиндеги карыздын көлөмү талаштуу экенин билдирүүдө. Мындан улам коңшу өлкөнүн бааны көтөрүү демилгесин колдобой жатат. Сөз “Кыргызгаз” ишканасынын директорунун орун басары Евгений Орленкодо:

- Алар тарифтерди жогорулатууну талап кылышууда. Биз болсо ушул эле баалар сакталсын деп билдирип жатабыз. Анткени мындай шарт Казакстандын өзүнүн мыйзамдарында белгиленип, аларда экспортко чыгуучу газдын жылдык баасы бекитилген. Андыктан азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сүйлөшүүлөр жыйынтыкталганда бардык маалыматты биле аласыздар.

Газ маселеси кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев баштаган делегациянын Астанадагы иш сапарында да талкууланды. Кыргыз тарап талаштуу карыздарды иликтеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүүнү макулдашты. Ал эми соңку бир жыл ичиндеги карыз 25-майга чейин төлөнө турган болду.

Келишимдин келечеги белгисиз

“Кыргызгаз” ишканасы карыздын көбөйүп кетишин, мамлекеттик ишканалар төлөмдөрдү убагында бербегени менен түшүндүрүп келет. Эми атайын акча бөлүнүп, карыз маселеси чечилейин дегени менен Казакстандан Кыргызстандын түндүгүнө келүүчү газдын мөөнөтү аяктаганы экинчи бир маселеге айланууда.

Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, аппараттын жетекчи орун басары Сапар Исаковдун билдиришинче, жаңы келишим түзүү же мурдагы келишимдерди узартуу маселеси алдыда талкууга алынмакчы:

- Президенттер баасын абдан жакшылап чечмелеп, бир жыйынтыкка келгиле деп катуу тапшырма беришти. Эми өкмөт кыска мөөнөттүн ичинде бүт тапшырмаларды аткарыш керек. Күзүндө жаңы көлөмдөр сүйлөшүлөт.

Кезегинде Кыргызстан газды толугу менен Өзбекстандан алып келген. 2011-жылдын сентябрь айынан тарта кыргыз-казак өкмөттөрү келишип, Казакстан Кыргызстандын түндүгүнө арзаныраак көгүлтүр от келе баштаган. Маселен, Өзбекстан түштүк облустарга газдын миң кубун 290 доллардан берсе, Казакстан 224 доллардан берүүгө макул болгон. Бул келишим 31-апрелде аяктап, майдан тарта Кыргызстан эч макулдашуусуз эле газ алып жаткан чагы.