Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Кошуналар газ боюнча келише албай жатат


Жыл аяктап калса да Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда келерки жыл үчүн газ келишимине кол коюла элек.

“Кыргызгаздын” жетекчилиги Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүдөн майнап чыкпай жаткандыктан өлкөнүн түштүгүн газ менен камсыздоо үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экендигин кыйытууда. Айрым депутаттар Кыргызстандын өкмөтүнүн алсыздыгынан улам, расмий Ташкен газды саясий басым көрсөтүүнүн куралы катары колдонууда деп сындап чыгышты.


Өзбекстандын сүйлөшкүсү жокпу?


Кыргызстандын түштүк аймагын газ менен камсыздоо үзгүлтүлтүккө учуроо коркунучу бар. Бул тууралуу энергетика министрлигиндеги кеңешмеде билдирген “Кыргызгаздын” жетекчилиги Өзбекстан газ боюнча келишимди кечеңдетип жаткандыгына токтолду. “Өзбектрансгаз” жаңы жылга карата газ боюнча сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн улам жылдырып отуруп, 26-декабрда келишим аягына чыккандыгын жарыялаган.

“Кыргызгаздын” башкы директору Тургунбек Кулмурзаев Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай жаткандыгына токтолду:

- Эртең менен Өзбекстандан келүүчү газга байланыштуу абалды түшүндүрдүм. Өзбек тарап келишим түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакыруу жибербей жатат. “Анын мөөнөтүн айтабыз” дешти эле. Мына азыркы күнгө чейин күтүп отурабыз. Биз Өзбекстан менен былтыртан бери эле сүйлөшөбүз. Бирок бир жыйынтык жок болуп жатат.

Өзбекстан декабрь айынын башынан бери эле Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүүнүн көлөмүн кескин кыскарткан болчу. Муну алгач газ куурундагы авария жана газдын аз көлөмдө өндүрүлүп жаткандыгы менен байланыштырышкан.

Ош шаардык мэриясынын чарба, транспорт жана коммуникация башкармалыгынын башчысы Уралы Романов газ тармагындагы абал электр энергиясына күч келтирип жаткандыгын белгиледи:

- Келишим боюнча бизге саатына беш миң кубометр газ берилиши керек эле. Бирок өткөндө бул өлчөм бир жарым миңге чейин кыскартылды. Кечээтен бери такыр эле токтотулду. Өзбекстан тарап “өзүбүздө газ өндүрүү азайып кетти” деп билдиришкен болчу. Учурда газдын жоктугунан калк электр энергиясы менен гана калып, электр түйүндөрүнө күч келип, трансформаторлор күйүп кетип жатат.


Маалкаткан макулдашуу, же тең ата сүйлөшүүнүн “теңсиздиги”


Азырынча Өзбекстан менен өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр качан болоору белгисиз. Өзбекстандын газ боюнча келишимге кол койууну кечеңдетип жатышын саясий басым көрсөтүү катары кабыл алгандар да жок эмес. Алардын айрымдары Өзбекстан менен тең ата сүйлөшө турган “рычагдарды” колдонуу керек деп эсептешет.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова расмий Ташкен менен сүйлөшүүдө Кыргызстандын бийлиги чабалдыгын көрсөтүп келгендигин айтып чыкты:

- Жыл сайын эле ушул маалда Өзбекстан ушундай мамиле кылат. Бул маселени биздин өкмөт жайында, аларга сугат суусу өтө керек болуп турганда көтөрүп чыгыш керек болчу. Эмдигиче келишимге келе албай жатышкандыгы бул биздин аткаруу бийлигинин алсыздыгы. Алардын кантип сүйлөшүүнү билбегендиги. Керек болсо мына ошол таасир этүү рычагдарын пайдаланышыбыз зарыл. Анткени биз аларды сугат маалында пахтасы күйүп кетпесин деп түшүнөбүз, а эмне алар мына ушундай суукта бизди түшүнгүлөрү келбейт. Демек түшүндүрүш керек болчу.

Өзбекстандын газ боюнча сүйлөшүүлөрдү кечеңдетип жатышынын дагы бир себебин серепчилер Кыргызстандын газды сатып алуу багыттарын өзгөрткөнү менен байланыштырышат. Анткени быйыл жайында өлкөнүн түндүк аймагына 52 миллион кубометр өлчөмдөгү жаратылыш газын Казакстандан алуу жагы макулдашылган болчу. Аталган жаратылыш газы Өзбекстанда өндүрүлүп, Казакстан өзүнө өткөрүп алган көгүлтүр отундун тиешелүү өлчөмүн Кыргызстанга кайра сатат.

XS
SM
MD
LG