Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Көгүлтүр отун көйгөйү


Жыл аяктап баратканына карабай Кыргызстан Өзбекстан менен 2012-жылга газ боюнча жаңы келишим түзө элек.

Ал аралыкта Өзбекстан да, Казакстан да Кыргызстанга сатылып жаткан газдын көлөмүн 40 пайызга чейин кыскартты. Кыш жаңы гана кирип келгендигине карабай өлкө газ тартыштыгына туш болууда. Бирок “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасы өлкө газсыз калбай тургандыгына ишендирүүдө.


Газ азайгандан азайып баратат


Ош шаарында турак үйлөргө берилип жаткан газдын көлөмү чай кайнатууга да жарабай калды. Ош шаарынын тургуну Эркин Абдразаков мындай дейт.

-Газдын көлөмү мурункудан 40 пайызга чейин азайып кетти. Биз Оштогу эң жакшы делген “Ак-тилек” кичи районунда турабыз. Мисал үчүн газга чай кайнабайт, тамак бышырыш кыйын азыр. Кабаттуу үйлөрдө тургандардын газы андан да аз болуп жатат.

Кыргызстанда ноябрь айынан бери эле газдын көлөмү улам кыскарып, ага ылайык, ири ишканаларга газ берүү токтотулган. Алар отундун башка түрүнө көчүп, маселен Бишкек жылуулук борбору мазутка, ал эми Канттагы шыйпыр-цемент заводу ташкөмүргө өткөн. Кыргызстан жаратылыш газын түндүк аймактарга Казакстандан, түштүк облустарга Өзбекстандан сатып алат. Бирок кыш кирери менен Казакстан да, Өзбекстан да Кыргызстанды толук көлөмдө көгүлтүр отун менен камсыздай албай калды.

“Кыргызгаздын” жетекчилиги муну Өзбекстанда быйыл күн адаттагыдан тыш суук болуп, газ өндүрүү басымы азайып кеткени менен түшүндүрүүдө. Аталган мекеменин жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев буларга токтолду.

-Газдын азайып калгандыгыны себеби, Өзбекстанда газ чыккан жерде абанын температурасы 10 градустан төмөн түшүп, газдын басымы аз болуп жатат. Мындан биз гана эмес Казакстан да кыйналып жатат. Алар Кордайдагы куурун жаап, Алматыга газды Кытай аркылуу Түркмөнстандан ала баштады.


Өлкө газсыз калбайт


Келишим боюнча, Казакстандан саатына 55 миң куб метр газ келиши керек болсо, ушу тапта болгону 35 миң куб гана келүүдө. Ал эми Өзбекстан саатына болгону 30 миң куб метр газ берип жатат. Ошол эле кезде жыл аяктап баратканына карабай Өзбекстан менен 2012-жылга газ боюнча али келишим түзүлө элек. Ошондон улам эл арасында ансыз да көлөмү азайган көгүлтүр отун жаңы жылдан тарта токтоп калбайбы деген кабатырлануу да жок эмес.

Бирок “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев өлкө газсыз калбасына ишендирүүдө.

- Былтыр келишимди 7-январда түзгөнбүз. Убактыбыз бар, сүйлөшүп жатабыз. Ушул айдын 24-25- балким жолугабыз, эми алар бизди чакырышы керек. Биздин алаканы билесиңер да. Биз жөн эле Өзбекстанга бара бербейбиз. Мен ойлойм, өзбектер деле биздин кошуналар, алар деле бизге жардам берет.


Келишимди кышында эмес, жазында түзүш керекпи?


Буга чейинки келишимдерде өзбек газы европалык баа менен өлчөнүп, квартал сайын баасы өзгөрүп турары көрсөтүлгөн. Ага ылайык, быйыл январ айында миң куб газ 223 доллардан алынып башталган болсо, декабрда анын баасы 305 долларга чыкты.

Отун-энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев Өзбекстан менен газ боюнча келишим түзүүдөгү кыргыз бийликтеринин чабалдыгын сынга алууда. Ал келишимди жаз-жай айларында түзүш керек деген ойдо:

- Сугат жана башка иштерин бүтүрүп алгандан кийин алар өздөрүнүн шарттарын койо башташат, элди кыйнап. Апрел-майда бул маселелерди чечиш керек болчу. “Кыргызгаздын” жетекчиси айтып жатпайбы, үч айга, беш айга келишим түздүк деп. Андай кыска убакытка келишим түзүлбөйт. Мына жыл аяктап баратат. Биз али билбейбиз. Жаңы жылдан кийин газ болобу же болбойбу. Болсо да кандай баа менен болот?

Расул Умбеталиев өлкө көмүрдү жана электр энергиясын өндүрүүнү күчөтүп, газ көз карандысыздыгынан кутулса болорун кошумчалады. Ал эми Кыргызстандын казак тарап менен май айына чейин келишими бар. Учурда алардан газ миң кубуна 195 доллардан сатылып алынууда. Бирок жаңы жылдан тарта анын наркы да жогорулашы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG