Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Казакстан кимдин газын бергени жатат?


Poland -- A pressure gauge at a Gaz-System gas compressor station in Rembelszczyzna outside Warsaw, 13Oct2010
Poland -- A pressure gauge at a Gaz-System gas compressor station in Rembelszczyzna outside Warsaw, 13Oct2010

Казакстан Кыргызстанга газ убада кылды. Өзбекстандын газ боюнча монополиясында турган Кыргызстан үчүн бул жакшы кабар болду. Бирок Казакстан өз газын убада кылдыбы, же өзбек газынбы?

Казакстан газ, карамайга бай өлкө. Бирок газды негизинен батыш облустарынан казып алат. Түштүк жактагы Жамбыл жана Кызыл-Ордо облустарында да газ бар. Бирок аз. Анын үстүнө түтүктөр жок болгондуктан Казакстан түштүк облустарын негизинен өзбек газы менен камсыздайт.

Өзбек газы Бухара-Ташкент-Бишкек-Алматы газ түтүгү менен келет. Бул түтүк менен келген газ Казакстан түштүгү менен кошо Кыргызстан түндүгүн камсыздайт.

Мурунку жылдары Өзбекстан Кыргызстанга ар кандай себептер менен газ берүүнү токтоткондо Кыргызстан мына ошол түтүк аркылуу Казакстанга багытталган газдан алып жагып турган. Буга байланыштуу казак тарап Кыргызстанды айыптап, кошуна өлкө уруксат сурабастан газ алууда деп келген.

Кыргыз-казак өкмөт башчылары 16-сентябрдагы сүйлөшүүдө Бухара-Ташкент-Бишкек-Алматы түтүгүндөгү Казакстанга багытталган газды бөлүштүрүүгө макул болсо, анда Кыргызстан түндүгү кышында газсыз калбайт. Албетте түштүк регион үчүн маселе кала берет.

Кыргыз-казак газ келишимине “Газпром” салым кошуусу да ыктымал. Белгилүү болгондой “Газпром” Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасын толук колуна алууга аракеттенүүдө.

Ошондуктан Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан миллиарддаган куб.метр газын сырткы рынокторго сатып жаткан “Газпром” үчүн Кыргызстандын жылдык 200 млн. куб метр газга муктаждыгын камсыздоо анчалык татаал иш эмес.

“Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев Казакстан менен сүйлөшүүдө сөз ошол эле Бухара-Ташкент-Бишкек-Алматы түтүгүндөгү газ жөнүндө болгонун тастыктап, бул боюнча эки тарап келишимдин үстүндө иштеп жатканын белгиледи:


- Азыр казактар менен сүйлөшүп, “Газпром” менен да сүйлөшүп, газ алуунун жолун таап жатабыз. Жакын арада келишимге кол коюп, баарын тактайбыз. Баасы да билинет. Баарын тактайбыз. Биз өзүбүз, “Кыргызгаз” менен “Казтрансгаз” түз келишим түзөбүз.

Тургунбаевдин айтымында, Ташкен газга бааны өтө жогору коюп жаткандыктан Кыргызстан ушундай кадамга барууга аргасыз болууда. Азыркы мезгилде Кыргызстан бир миң куб. метр газды 278 доллардан сатып алып жатат. Быйылкы жылы ала турган 200 млн. куб. метр газ да түгөп баратат.

Казакстан менен болсо келерки жылдын апрель айына чейин 300 млн. куб.метр газ алуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Жогоруда айтылгандай анын баасы азырынча белгисиз.

Бирок белгилей кете турган нерсе, Өзбекстандын газын бүтүн бойдон “Газпром” сатып алат. Баасы коммерциялык сыр. Бирок “Газпромго” сатылган бир миң куб.метр өзбек газынын баасы 200 доллардын тегерегинде болуп жатканы айтылат.

Кыргызстандык энергетикалык эксперт Жаныбек Оморов Казакстан менен түзүлө турган келишим утурумдук гана мааниге ээ экенин белгилейт:

- Менимче, бул утурумдук эле нерсе. Анын үстүнө биздин түтүктүн
абалы абдан начар. Бул жерде жоготуулар көп, анан биздин жерден өткөн түтүк аябай эски. Жаңыртууга муктаж. Муну казактар менен чогуу жаңырталы десек ишенбей, өзүбүз жаңы түтүк курганыбыз оң деп сөз кылып келатышат.

Газ маселесине кошумчалай турган дагы бир нерсе, бул “Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу маселеси. Тургунбек Кулмурзаевдин айтымында, бул маселенин үстүнөн эксперттер, өкмөт документтердин үстүнөн учурда иштеп жатат жана ал жакын арада чечилет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG