Шайлообек Дүйшеев: ...“Асабаны” бийлик жаап койгондо оозубузга ак чүпүрөк байлап алып аянтка чыкканбыз. Ошондо Мелис гезитке чыгарып, колдоо көрсөтүп, чоң саясатчы катары көтөргөндөрдүн бири да басып келип акыбалыбызды сураганга жараган жок. Ошондо кайда түкүрөрүбүздү билбей, күнөөсүз жерге түкүргөнбүз...
...Мелис менен чатакташа кетип эшигин карс жаап, артынан тарс тээп чыгып кеткен күндөр болгон. Биз ага кекенип жүрө берчүбүз, ал бизге такыр кек сактачу эмес...
...Гезитте кризис учуру эле. Ошондой күндөрдүн биринде Мелис “Дело №...” гезитине “Эмки президент мен болом” деп интервью бериптир. "Летучкада" "бул эмнеңиз" десек, “кай жакка кандай интервью беришти мен өзүм билем. Бирок ошол интервьюдан кийин далай губернатор, чиновниктер жардам сунуп келе башташты” дегени бар...
...Кийин мен жөнүндө "Джек Потрошитель" деп макала жазган. Анан бир күнү жолугуп калып, “Мелис, рахмат, баары жакшы” десем уялып калды...
Адам Эшимканов, уулу, 7 жашта: Бардыгыңыздарга чоң рахмат! Атамды унутпагыла...
P.S. Чыгаан журналист, саясатчы Мелис Эшимканов эгер тирүү болгондо 10-декабрда 50гө толмок...
Бул күнү аны жакын үй-бүлөсү, санаалаштары, кесиптештери Улуттук филармонияда эскеришти. Жогоруда айтылгандар дал ошол эскерүүдөн үзүндүлөр.
Сүрөт баянды бул жерден көрүңүз.