Жоокер үмүтүн жар салган марш

Аскердик парад, Бишкек

Аскердик марш деген нерсе биздин турмуштагы жаңы нерсе. Илгерки жоокерчил замандарда тегеректеги элди керней-сурнай менен ойготуп, чабармандарга ат чаптырып, элди чогултушчу экен. “Манаста” эпосунда “Керней-сурнай бапылдап, добулбасы дүпүлдөп…” дегендей сөздөр кездешет.

Совет заманында бир катар марштар жазылып, бул музыкалык жанр эл ичине жакшы эле тарады окшойт. Алардын эң эле атактуулары - азыр эмнегедир унутулуп бараткан “Мекеним мейкин күндүн нуру төгүлгөн” деген марш (сөзү Узакбай Абдукаимовдуку, музыкасы Абдылас Малдыбаевдики) жана кийинчерээк эгемендик заманында Алтынбек Жаныбеков тарабынан жазылган аскерий марш болду. Бирок дале болсо биздин жоокерлердин кулагына жат, биздин да бала кезден угуп-билип келаткан марш атактуу “Прощание славянки” десек эч бир жаңылбасак керек.

Бул маршты дүйнөдөгү эң эле атактуу марш, болгондо да элдик марш, автору азыркыга чейин тактала элек музыка деп айтылып келет. Чындыгында да ошондой. Бул марштын ким жазганын же ким оркестрге салып, Орусияга, андан соң бүт дүйнөгө таралганын баарыбыз эле биле бербейбиз. Музыка билермандарынын кебин тыңшасак, бул марштын пайда болушу, элге тарашы 20-кылымдын башында болгон. Ал эми ага жазылган сөздөр, дээрлик онго жакын бири-бирине окшобогон, керек болсо карама-каршы келген тексттер кийин жаралыптыр.

Музыкалык энциклопедияларда “Прощание славянки” маршы 1912-жылы Василий Агапкин деген катардагы трубач, башкача айтканда, аскердик оркестрде ойногон катардагы музыкант тарабынан алгачкы жолу нотага түшүрүлүп, биринчи жолу элге угузулган деп айтылып келет. Албетте, В. Агапкин (кийин белгилүү дирижер катары таанылган) бул музыканы өзү жазганын, эч кимден мурун-кийин укпаганын өмүрүнүн акырына чейин айтып жүрүп өтүп кеткен экен. Бирок бул марштын обону 1912-жылдан да мурун, атап айтканда, орус-жапон согушу башталганда кимдир-бирөө тарабынан жазылган дешет. Тилекке каршы, обондун автору кандайдыр бир себептер менен дайынсыз болуп кетип, бирок аны угуп калган Василий Иванович Агапкин кийинчерээк, 1912-жылы элге чыгарган экен. Айтор, эмнеси болсо да, бул музыка элге тез эле алынып кетип, ага ар кандай тексттер жазылып, айрыкча Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда падышалык орус армиясынын эң эле сүйүп ырдаган ырларынын жана марштарынын бирине айланган. Ал эми 1917-жылкы революциядан кийинки башталган жарандык согуш учурунда “Прощание славянканы” ак гвардиячылар да, алар менен кырчылдашып согушкан кызыл аскерлер да жан-дили менен пайдаланып, бул марш фронттун эки тарабында тең бирдей жаңырып турган экен. Ак гвардиячылар бул маршка большевиктерди жек көрүүгө толгон текстти жазса, кызылдар болсо тескерисинче жазылган ырды ырдашкан дешет.

Ошол себептен бул марш далай жылдар тыюу салынган маршка да айланган. Себеби ак гвардиячылар ырдаган деген сөздөн улам Сталин заманда репрессиянын тегирменинде жанчылып кетпейли деген музыканттар аны параддарда жана майрамдарда аткаруудан тартынышкан. Бирок “Прощание слаянки” дал ошол жылдары бүт дүйнөгө тарап кетиптир. Аны арабдар менен согушкан иврит тилинде израилдик солдаттар, гитлерчилер менен согушкан польшалыктар, ал гана эмес Норвегиянын королдук гвардиясы маанилүү деген майрамдарда такай ойногон марш болуп кеткен.

Бирок бул маршты кыябына келтире ырдаган Кытай аскерлери болду десек туура болот го. Бээжиндеги миңдеген жоокерлер катышкан параддарда “Прощание славянки” азыр да өзгөчө шаң менен жаңырып турат. Бул марш Европага да тарап, бирок анын чоо-жайын, ким тарабынан жазылып, кайсы тарыхый окуяга арналганын европалыктар деле так биле беришпейт, дешет музыка изилдөөчүлөр. Ошол эле тарыхчылар арасында азыркыга чейин бул марш легендарлуу 1941-жылдын 7-ноябрындагы Сталин кабыл алган аскер парадында бул марш аткарылганбы же жокпу деген талаш жүрүп келет. Кээ бирлер аткарылган десе, кээ бирлер аны бышыктаган документтер же күбөлөр жок деп жүрүшөт. Бирок 1945-жылкы жеңиш парадында бул марш аткарылгандыгы ошол кездеги кинохроникалардан көрүнүп турат.

Ошондой болсо да бул марштын багын ачкан “Летят журавли”, кыргызча кылып айтсак “Каркыралар кайтканда” деген атактуу кинофильм болду окшойт. Улуу режиссер Михаил Калатозов менен оператор Сергей Урусевский тарткан, башкы ролдордо Татьяна Самойлова менен Алексей Баталов ойногон бул классикалык кино биз сөз кылып жаткан “Прощание славянкинин” чындап бактысын ачты. Фильмде согушта сүйгөн жигитин жоготкон Вероника аттуу кыз фронттон кайтып келаткан солдаттарды аралап, кокус арасынан жигити Борис көрүнүп калабы деген ой менен ыйлап жүргөнү ушул марштын фонунда тартылган. Ошондон бери бул легендарлуу марш Москвадагы жеңиш параддарында, Москва эле эмес, Бишкектеги аскерий параддарда да такай аткарылып келет. Анын себеби бул маршта бир эле орус солдаттарынын эл-жер менен коштошкону эмес, бардык эл чети, жоо бетинде жүргөн аскерлердин ой-сезими, үмүттөрү менен ишеничтери укмуштуудай таамай чагылдырылган.