Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

"Керт башка сыйынуунун" трагедиясы


«Казахстанская правда» гезитинин Иосиф Сталиндин 60 жылдыгына арналган саны. 21-декабрь, 1939-жыл.
«Казахстанская правда» гезитинин Иосиф Сталиндин 60 жылдыгына арналган саны. 21-декабрь, 1939-жыл.

1956-жылы 25-февралда КПССтин XX съезддинин делегаттарын СССРдин ал кездеги көсөмү Никита Хрущёвдун “Керт башка сыйынуу жана анын кесепеттери” деген жашыруун баяндамасын угушат.

ХХ партия курултайынын катышуучуларына жашыруун окулган баяндамада сталиндик башкаруунун адам үрөйүн учурган былыктары ашкереленген. Улуу Сталиндин совет элине жасаган үрөй учурган кыргыны тууралуу фактыларды делегаттар тымтырс болуп отуруп угушат, бир да жолу кол чабышпайт жана баяндама бүткөндөн кийин эч ким бири-биринин жүзүн караганга даабайт. Никита Хрущёв ал кезде КПСС БКнын 1-катчысы жана СССР министрлер Советинин төрагасы эле.

Хрущёв жасаган баяндама кайсы бир орусиялык саясатчынын сөзү менен айтканда, сталиндик доордун табытынын капкагына кагылган мык болгон. Доклад адабият жана искусстводогу цензураны бошоңдотуп, өлкөдөгү айрым талуу маселелерди ачык талкуулоого, тыюу салынган саясатчылар менен маданият ишмерлеринин ысымдарын кайра айтыла баштоосуна жол ачкан.

- Албетте, бул чоң окуя болгон жана Ники́та Хрущёв зор баатырдык жасаган,- дейт украиналык илимпоз-социолог Владимир Коробов.

- Бул окуяны ошол тарыхый учурдун алкагында баалоо зарыл. Себеби, бул Хрущёвдун саясий тагдыры жана коомдогу маанай менен байланышкан жараян экенин Хрущёвдун замандаштары, ошондой эле тарыхчылар да белгилешет.

Хрущёв КПССтин XX курултайында "Керт башка сыйынуу жана анын кесепеттери" тууралуу баяндамасын окууда.
Хрущёв КПССтин XX курултайында "Керт башка сыйынуу жана анын кесепеттери" тууралуу баяндамасын окууда.

Хрущёвдун береги кадамы жалаң асыл максат менен байланышпаган. Ал өз бийлигинин пайдубалын бекемдөөнү да көздөгөн. Анткен менен, бул доорду тербеткен окуя бүтүн совет коомунун көзүн ачып, коомдук пикирге катуу таасир эткен.

Владимир Коробовдун тегирменчи чоң атасы үй-бүлөсү менен 1931-жылы жүздөгөн кыргызстандыктар менен кошо Украинанын Таврия жерине совет бийлигине жат элемент катары айдалган. “Эл душмандарынын” баары эле короо-короо кой-эчкилүү же үйүр-үйүр жылкылуу бай болушкан эмес. Ырас, бул сөз Сары- Өзөн Чүйдөгү атактуу Жангарач хандын урпагы, мурдагы Жангарач болуштугунун болушу Сатаркул Жангарачевге таандык эмес. Айдалгандар арасында жаңы экономикалык саясат (НЭП) тушунда байып кеткен көлдүк Шаргаев Садык, Караколдогу 1919-жылкы антисоветтик көтөрүлүштүн катышуучусу Семён Бодягин, болочоктогу атактуу дирижер Асанкан Жумакматовдун апасы Артык Чокоева да болгон.

Кызыл чекисттер ойдон чыгарган жалган далилдер боюнча, Сатаркул Жангарачев сүргүндө жүрүп, контрреволюциячыл кулактардын бузуку тобун түзөт. Ага Чүй жана Ысык-Көлдөн айдалып барган кыргыздарга катар Василий Бордо, Егорь Демиденко сыяктуу орустар да кирет. Алардын ичинен тогуз кыргыз: Аширов Ниязалы, Байбосунов Кожогул, Бактыгулов Бейше, Жангарачев Сатаркул, Жанузаков Исак, Кондубаев (Кондулаев) Сагын, Кадырбаев Абдулазиз, Сатаев Бапай, Султанов Жапар (Жапания) -1938-жылы 3-апрелде Николаев облустук үчилтигинин (тройкасынын) чечими менен “эл душманы” деп айыпталып атылат. Ал эми Жанузаков Исраил 10 жылга, Байбосунов Арун беш жылга эмгек түзөтүү лагерине кесилет.

Мына ошондо Искакбай Исабеков 13 жашта эле. Карыя 2012-жылы “Азаттык” радиосуна курган маегинде Сталин заманындагы коогалаңдуу күндү минтип эскерди:

- Бул күнү-түнү менин атам Исабеков Абдысаматты, Бекбашев Акматты, Молтоев Акматты, Түптөн Бөдөнбаев Абдылданы, Ысык-Көлдөн Асыбеев Молдону, Кожоярдан Сабыров Ыбрайымбекти НКВД алып кетти. Алар ошо бойдон дайынсыз кетти.

Соттун эмес, үчилтиктин өкүмү менен оор жазага тартылган адамдар түн ортосунда атылган жана өлүктү эл көрбөс үчүн караңгы түндө бир аңга көмүшкөнүн херсондук край таануучу Сергей Дьяченко жүргүзгөн иликтөө аныктаган:

- Атылган адамдардын сөөгү Боордоштор көрүстөнүнө жеткирилген. Эч ким көрбөшү үчүн аларды түн ичинде көмүшкөн. Машине өлүктөрдү даяр чуңкурларга оодара салып, топурак менен бастырып салышкан. Андай чуңкурларга эч кандай белги же кресть коюлган эмес. Ошон үчүн поляктар генерал Мариуш Заруский көмүлгөн жайды издеп, аны таппай коюшкан. Шаарда НКВД аткан адамдар көмүлгөн бир нече Боордоштор көрүстөнү болгон. Молодежная жана Триспольский көчөлөрүнүн бурчундагы бир гана участок белгилүү. Азыр ал жерде “Фреш” деп аталган супермаркет турат. Бул участок шаардын эски көрүстөнүнө кирет.

Маалымат үчүн: Большевиктер партиясынын ичиндеги күрөш 1929-жылы Сталиндин жеңиши менен аяктап, партия менен мамлекетти Иосиф Виссарионович жалгыз өзү тескеп калат. Башкаруучу партия мамлекеттик аппарат менен чырмалышып, партиялык демократия жок кылынат.

Удаа эле бийликке нараазы адамдарды репрессиялоо күчөйт. Эгер 1930-жылы 179 миң адам камакта отурса, 1938-жылдын башында 998 миң адам абакта отурган.1940-жылдын башында СССРде 50 лагерь, 420 эмгек түзөтүү колониясы жана өспүрүмдөр (ата-энеси камалган тирүүлөй жетимдер) үчүн 50 колония болгон. 1930-1953-жылдары саясий айып менен 3,6 миллиондон ашуун адам камакка алынып, алардын 760 миңден көбү атылган. Бул мезгилде 6 миллиондон ашуун адам башка жактарга айдалып, алардын 1,2 миллион чамалуусу сүргүндө өлгөн.

КПССтин XX курултайынан кийин колхозчуларга, ошондой эле Кавказдан Ата Мекендик согуш кезинде “чыккынчы” деп айыпталып, Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга айдалган азербайжан, крым татарлары, балкар, чечен, карачай жана башка элдерге паспорт бериле баштайт. Аларга жана колхозчуларга жашаган жеринен башка жактарга эркин каттаганга уруксат берилет. Бирок аларга өкмөт тартып алган мал-мүлкүн кайтарып алганга, киндик каны тамган жерине кайтууга уруксат берилген эмес. Украинага айдалган кыргыз кулактар дале актала элек.

Социолог Владимир Коробов сталиндик совет бийлиги жазыксыз айыптаган миллиондогон адамдарды партиянын курултайында актоого 1941-45-жылдардагы фашисттик Германияга каршы согушта кан кечкен эр-азаматтардын кошкон салымы эбегейсиз болгон деп ишенет:

- Бул реабилитацияны айыпсыз күнөөлөнгөн адамдар кан жана тер менен иштеп тапкан. Алар Ата Мекендик согушта кан майданда жүрүп, жазыксыз айыпталганын далилдешкен. Чоң атам өзүн актаган документти көрбөй өлүп кетти. Атам акталганы тууралуу эч кабарым жок.

Владимир Коробовдун атасы Кузьма Коробов майдандагы эрдиктери үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланат. Бирок фашисттерге туткунга түшүп калат жана уруштан кийин бошонуп келатканда кайра 10 жылга камалып, Сталин өлгөндөн кийин эркиндик алат. Мектепте директор болуп иштеп жүрүп, эмгеги Ленин ордени менен бааланат.

Бул жана башка жазыксыз жайран болгон жүз миңдеген адамдарды актоо жараяны ондогон жылдарга созулду. Айыпкер деп күнөө тагып, атканга жеңил чекисттер менен соттор күнөөсүз өлгөн жарандардын үй-бүлөсүнө алар сурамайын жакындарынын акталганы тууралуу өздөрү кабарлашкан эмес. Андай расмий документти маркумдардын бала-чакалары өздөрү чуркап жүрүп алышкан. Искакбай Исабеков да Москвага жазып жатып, “Атаңар акталды. Эч бир күнөөсү жок атылып кеткен” деген жооп алат.

Белгилей кетчү жагдай, Никита Хрущёв 60 жыл мурда курултайдын делегаттарын нес кылган баяндамада коммунисттик партиянын жалпы жоопкерчилигин кыйгап өткөн. Коммунисттер бейчеки курман болгонун айтып, ачык соттордо кесилген адамдар жөнүндө ооз ачкан эмес. Мурда Хрущёв Сталинди кандай мактаса, 25-февралдан тарта жерге киргизе жамандайт. Сталинди Ленинге теңеп мактап, керт башка сыйынууга шарт түзгөн өзү катарындагы мансапкорлордун ысымын атабайт. Болбосо, элдин мээсине Сталинди "алмашкыс көсөм" деп коргошундай куйган ошол Сталиндин тегерегиндеги партиялык жана мамлекеттик даражалуу кызматкерлер эмес беле?!

XS
SM
MD
LG