Кара-Кечеде "КамАЗдар" жылбай турат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кара-Кечеден көмүр тарткан автоунаалардын салмагын текшерген транспорттук көзөмөл бекетинде учурда жетимиштен ашуун автоунаа жылбай турат. Аларга ашыкча жүк жүктөлгөнү үчүн өтүүгө уруксат берилбей жатат. Топтолгон айдоочулар ашыкча жүккө тыюу салынган мыйзамга макул эместигин билдиришип, талапты коердон мурда мамлекет өз жанын багып аткан элге шарт түзүп бериши керек дешүүдө.