Кочкор: мугалимдин аз айлыгы кыскарды

Иллюстрация

Кочкордо эки мектепте мугалимдердин маянасы 20% кыскарды. Билим министрлиги муну мыйзамдуу кадам деп атаса, мугалимдер нааразылык акциясына чыгууга даяр экенин билдирүүдө.

Кочкор районунун Семиз-Бел жана Арсы айылдарындагы эки мектептин 400дөй окуучусуна 62 мугалим сабак берет. Өткөн айдын ортосунда райондук билим берүү башкармалыгынан аларга маянасына ай сайын кошулуучу акча мындан ары төлөнбөйт деген билдирүү келди. 20% кошумча буга чейин “бийик тоолуу аймак, шарты катаал” деген негизде төлөнүп келген.

Семиз-Бел айылынын А.Бостонов атындагы орто мектебинин директорунун орун басары Атыргүл Осмонова:

- Биз Жогорку Кеңешке да кайрылганбыз. Азырынча Социалдык өнүгүү министрлигинен электрондук кат келди. Ал жерде "силер бийик тоолуу аймакка кирбейсиңер" деп жазылыптыр. Тиешелүү бийиктикке бир нече метр гана жетпейт экенбиз. Бирок бизде ошол эле суук, ошондой эле шамал, кышыбыз сегиз айга созулат, шартыбыз оор.

Бийик тоолуу жана алыскы айылдардын тизмеси 1997-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген. Мындай айылдарда жашап, иштегендерге социалдык жеңилдиктер, кошумча каржылоо каралган. Бийик тоолуу аймак деген категорияга деңиз деңгээлинен 1800 метрден жогору жайгашкандар кирет.

Кочкор районунун жогоруда аталган эки айылынын бул талапка шайкеш келиши үчүн 10 метр жетпейт экен. Себеби, Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын маалыматына караганда, Семиз-Бел жана Арсы айылдарынын бийиктиги 1790 метр.

Ортодо талаш жараткан 10 метр маселеси боюнча Билим жана илим министрлиги "акчанын азайтылышы туура" деген көз карашта. Министрликтин каржылоо бөлүмүнүн башчысы Салмарбек Асанов мугалимдер жылдап алып келаткан кошумча акчаны кыскартуу демилгеси эмне себептен эми көтөрүлгөнүн мындайча түшүндүрдү:

- Кочкор районуна байланыштуу маселе эмне үчүн эми чыгып жатат? Себеби ал жерде башкы бухгалтер жаңы киши болуптур. Ал текшерсе өкмөттүн талабына 10 метр жетпейт экен. Өз жумушун таза кылайын деп кайра ушинтип орто жерден жемеге калды. Бирок мен баса белгилеп айткым келет, алар бул кошумча акчаны мыйзамсыз алып жүргөн.

Кошумча айлык мугалимдин баарына жетпейт

Кошумча айлык мугалимдин баарына жетпейт

Келерки жылдан тарта бийик тоолуу шартта иштеген адистер кошумча айлык акы ала баштайт.

2013-жылы өкмөттүн чечими менен айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджетинен каржыланган билим берүү мекемелери республикалык бюджетке өткөрүлгөн.

Ошол эле жылы шартынын катаалдыгына байланыштуу мамлекеттен кошумча колдоо көргөн аймактардын тизмесин тактоо максатында мекеме аралык комиссия түзүлгөн.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденованын белгилешинче, бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул сыяктуу талаш жараткан 78 айыл бар:

- Бир чоң айыл өкмөтүнүн курамында турганда ошонун коэффициенти менен кете берген, ал эми кийин майда айылдарга бөлүнгөндө эки коңшу айылдын ортосунда бийиктиги боюнча 5-10 метрлик айырма чыгып, тизмеге кирбей калган учурлар болгон. Ошонун баарын териштирүү үчүн мекеме аралык комиссия түзгөнбүз. Мисалы, кечээ эле Чоң-Алайдын Чулук деген айылынан келишти. Мурда алар башка айылдын курамында болчу экен. Азыр бөлүнгөндө өзгөрүп кеткен. Андай айылдар Базар-Коргон, Түп райондорунда, Чүй облусунда бар. Айрымдарында бийиктикке эмес, алыска баруу жолунун татаалдыгына байланыштуу коэффициент төлөнүп жүргөн. Азыр айрымдарынын жолу жакшы болуп калган учурлар бар.

Быйыл мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев бийлик жарандардын билим алуусуна шарт түзүп берүү үчүн колунан келген бардык аракетин жумшап жатканын, дүйнөдө бир да өлкө Кыргызстанга окшоп билим берүү тармагына бюджетинин 20% жумшабай турганын айткан.

Кочкордогу эки мектептеги 62 мугалимдин орточо айлыгы азыр 12 миң сом. Эми кошуча акча алынып салынгандан кийин алар 10 миңдин тегерегинде алып каларын министрлик эсептеп чыкты.

Билим берүү маселелери боюнча эксперт Мырза Капаров ишине байланыштуу көптөгөн аймактарды кыдырарын, Нарындын шартына чыдап иштеп жаткан мугалимдердин түйшүгүн жакшы билерин айтууда:

- Бизде жалпы эле мугалимдердин айлык акысы өтө эле аз. Көп берип жатабыз, бюджеттин 25% мугалимдердин айлыгына кетип жатат дегени менен негизги бюджетибиз аз да. Билим берүүнүн сапаты түшүп кеткенинин себеби да ушунда. Нарындагы шарттын өзгөчөлүгү көйгөйлүү маселе. Көп мектептер кышкысын жакшы жылыбайт. Мен ЮСАИДдин долбоору боюнча иштеп жүргөндө сүрөткө да тартып алганым бар. Бир мектепте эң жылуу кабинет +12 градус директордуку болчу. Сиздер айтып жаткан маселе былтыртан бери эле көтөрүлүп келатат. Депутаттарга чейин “Эмне үчүн 10-20 метр айырма чыкса аз айлык алышыбыз керек?” деп арызданып келишкен. Мен мугалимдерди толугу менен колдойм. Себеби 10 метр эмес 200 метр айырма болгон күндө да жашоо-шарты бирдей.

Деңиз деңгээлинен дээрлик эки чакырым жогору жакта жашап, иштеп жаткан Семиз-Бел жана Арсы айылдарынын мугалимдеринин арыз-даттануусунан азырынча майнап жок.

8-декабрда Билим жана илим министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, бул айылдарды кошумча төлөм алчулардын тизмесине киргизүү өтүнүчү Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлдү. Ал жактан жооп келгенче мугалимдер демейдегиден орто эсеп менен 2 миң сомдун тегерегинде аз акча алат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.