“Германиядан Ала-Тоого жөө барабыз”

23-март күнү Германиянын Мюнхен шаарында 150дөй кыргызстандык чогулуп, Нооруз майрамын белгилешти. Ыр-күүнүн коштоосунда, кой союлуп, палоо басылган майрамдын уюштуруучуларынын бири – Гүлайым Бекбагышева жана анын жолдошу Йохан Эбенхох болушту.
Гүлайым: Биз Германиянын Бавария чөлкөмүндө жашап жатканыбызга 3 жарым жыл болду. Ага чейин Кореяда, Москвада турдук. Жаңы көчүп келгенде эле Хаас аттуу Бременде консул болуп иштеген таанышыбыз бар эле. Ал бизди бир топ кыргыздар менен тааныштырды. Кийинчерээк Йохан экөөбүз “эмне үчүн ушунча көп кыргыз жүрүп, чогулушпайт? Мюнхенде эле ушунча көп кыргыз бар экенбиз, биз чогулталы анда” деп сүйлөшүп калдык. Кыргыздар негизи шайыр, ыр-күүгө жакын калк эмеспизби. Германиялыктар, тескерисинче, ырдап-бийлеп, көңүл ачууга анча эмес. Кыргыздар аларды туурап калмак белек, келгиле чогулуп, ырдап-бийлеп көңүл ачалы деп чечтик. Алгачкы жолу былтыр “Жайкы эс алуу кечи” деген аталышта кече өткөрдүк. 21-июлда өткөн кечеге бардыгы 110 кыргыз келди. Анан минтип Ноорузда дагы чогулалы деп чечтик эле, биз күткөндөн кыйла көп киши келип берди. Аябай ыраазыбыз баарына. Кыргызстанда жашоо, турмуш-тиричилик жагы кыйыныраак болуп атпайбы. Ошон үчүн көптөгөн жаш кыздар бул жакка Au pair (үйдөгү жумуштарга чет элдиктерден убактылуу жардамга чакыруу) программасы боюнча келишет. Иштеп, окуп жүргөн жаш жигиттер да көп, немистерге турмушка чыккан кыздарыбыз бар. Йохан экөөбүз ушулардын баарын чогултуп туралы деп чечтик.

"Азаттык": Via Kirgisia, же кыргызча “Кыргызстан аркылуу” деген долбооруңар бар экен. Йохан, ушул долбоор тууралуу айтып берсеңиз?

Йохан: Via Kirgisia, же “Кыргызстан аркылуу” долбоору - бул маданий сапар, Гүлайым экөөбүздүн мекенибизди бириктирген жол. Мен Германиянын түштүгүндөгү Вайнгартен шаарында төрөлүп өскөм, Гүлайым болсо Чүй боорундагы Эркин-Сай айылында төрөлгөн. Биз таанышып, бири-бирибизге ашык болуп калып үйлөндүк. Анан акырындап Кыргызстан менен Германиянын маданияты ушунчалык ар башка экенин түшүндүк. Экөөбүз ушундай эки башка маданияттын өкүлү болгондуктан, кайсы бир деңгээлде кыргыз жана немис маданияттарын бири-бирине жакындатып, тааныштырып, бириктирүү жолдорун издедик. Ойлонуп отуруп, Германиядан Кыргызстанга жөө басып барууну чечтик. Адегенде Гүлайым чалкасынан кетип, кантип жөө бармак элек деп таң калган. Андан кийин “макул, басып көрөйүн, убада кылбайм, бирок көрөйүн” деп макул болду. Биздин маршрутту эч жерден таппайсыз. Өзүбүз түздүк аны. Кээде токой, тоо аркылуу жөө басууга туура келет. Кээ бир жерлерде жашаган кишилер “ал жакта жол жок, бара албайсыңар” дегенине карабай кете беребиз. Колубузда компас бар, бул жөө саякат биз үчүн бир чоң сыноо. Жылына 40 күн жумуштан бош экенбиз, ар күнү 20 километрден бассак, бир жылда 800 чакырымды багындырып, буюрса 2020-жылы Кыргызстанга кирип барабыз.

Гүлайым менен Йохан басчу жолдун картасы


"Азаттык": 2010-жылдын жай айларында башталган жөө саякаты маалында Гүлайым менен Йохан буга чейин Германия, Швейцария, Австрия, Лихтенштейн, Италия, Франция, Албанияны басып өтүшүптүр. Азыркы учурда Грекияда экен. Бош күндөрү жөө сапарын улантып, ишке чыгаарда ал жерден Германияга самолет менен учуп келишет. Кайра бошой калганда самолет менен так ошол жеткен жерине кайтып барып, жөө сапарын улантышат. Гүлайым менен Йохан он миңдеген километрди гана жөө баспастан, ушул иштен түшкөн чакан каражат аркылуу Кыргызстандагы балдар үйүнө жардам көрсөтүп жатышыптыр.

Гүлайым: Бизге каражат жагынан бир аз колдоо көргөзгөн демөөрчүлөрүбүз бар. Канча километр бассак, ошонун ар бир километрине 50 центтен, башкасы 30 центтен санап төлөп беришет. Ошол каражаттын баары, чыпчыргасы коробой, “Кыргызстан үчүн үмүт” деп аталган кайрымдуулук кору аркылуу Кыргызстандагы балдар үйүнө жөнөтүлөт. Негедир соңку жылдары кароосуз калган балдар, ата-энеси жок жетим балдар көбөйүп кетиптир Кыргызстанда. Биз ошолорго жардам берели деп, балдар үйүн тандаганбыз.

Йохан: Андан тышкары айына бир, же эки жолу өзүбүз жашаган Бавария чөлкөмүндөгү Элдик университеттерде кыргыз тамак-ашын даярдоо боюнча сабактарды өткөрөбүз. Ага жаш-кары дебей каалаган адамдардын баары келет. Кадимкидей отко казан асып, палоо басканды, самса, бешбармак, боорсок, лагман – деги кыргыздын даамдуу тамак-ашынын баарын даярдоо өнөрүн көргөзөбүз. Бул да болсо кыргыз маданиятын, каада-салтын Германияда тааныштыруунун дагы бир жолу. Келечекте Кыргызстанда да европалык элдердин тамак-ашын даярдоо курстарын өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Италия, Германия, Франция жана башка өлкөлөрдүн атактуу тамак-аштары кантип даярдалаарын кыргыздарга көргөзүп үйрөткүбүз келет.

"Азаттык": Биз Германиядагы кыргызстандыктарга Нооруз майрамын уюштурган Гүлайым менен Йоханга ыраазычылык билдирип, буюрса, 2020-жылы аларды Эркин-Сай айылында тосуп алууну убада кылдык.