Алар филармонияда иштегендер эч кандай гастролго чыкпай калганын, артисттер план үчүн эле иштеп жатканын белгилешет. Мекеме жетекчилиги болсо мамлекет тараптан кам көрүлбөгөнү алардын буту-колун байлап жатканын айтышат. Маданият министрлиги бул арыз-муңдар жакын арада териштирилерин билдирүүдө.
Музейге айланган маданият үйү
Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын жумушуна карата нааразылыктар маданият жана маалымат министри Алтынбек Максүтовдун Ошко болгон сапары учурунда ачыкка чыкты.
Эл артисти, ырчы Жолболду Алыбаев аймакта маданият өнүкпөй жатканын айтып агынан жарылды. Ал театрларды мисалга тартып, Ош филармониясынын ишин сынга алды:
- Ачык эле айтып коюш керек, азыр Ош облустук театр, филармония жана башка маданий жайлардын үстүнөн нааразылыктар аябай көп. Булардын жетекчиликтери азыр өзүнө-өзү бий, каалаганын кылып атышат. Анын ичинен өзгөчө белгилей турганы - Рыспай Абдыкадыров атындагы филармония. Бул жайда 10-15 жылдан бери бир да иш жок. Артисттер иштебей эле айлык алып жүрүшөт. План деген нерсени ойлоп таап алышкан. Артисттер айлыгынан 300 сом, 500 сом берип коюп, өздөрү Орусияда, Казакстанда жүрүшөт. Алар ишке келбейт же аймактарда гастролдорго чыкпайт, же филармониянын өзүндө дурустап концерт беришпейт. Азыр филармонияны “маданият үйү” деп аташтан да уялып калдык. Ичине кирсең музыканын үнү жаңырбайт, жөн эле музей болуп калды.
Ош аймагындагы маданият ишмерлери филармониянын иши тууралуу президент, өкмөт жана Маданият министрликтерине чейин бир нече жолу арыз жазышкан. Бирок андан жыйынтык болбогону үчүн алар азыркы министр Максүтовдун өзүнө да айтып, колуна да кайрылуу карматышты.
- Филармония боюнча мурдагы маданият министри Султан Раевге, анын орун басары Кожогелди Култегинге, ошол эле министрлер Ибрагим Жунусовго канча жолу арыз жаздык. Маданият министринин облустагы өкүлчүлүгүнө, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө жүз жолу айттык. Бирок баары бир жыйынтык жок. Биздин арыздарыбыз боюнча текшерип, чынбы же төгүнбү деп, сурап, тактап, иликтеп койгон киши болгон жок. Филармонияда иш жүрбөй жатканына ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эместигин иликтеп, жазасын берип койсо иш жүрмөк. Антпесе бул жерде нааразылыктар күчөй берет, - деди Жолболду Алыбаев.
Жеке таарынычтар жүдөткөндө...
Бирок бул айыптоолорго Абдыкадыров атындагы Ош филармониясынын жетекчилиги макул эмес. 15 жылдан бери мекемени башкарып келаткан Гүлшайыр Садыбакасова филармония мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче иштеп атканын айтууда:
- Гастролго чыкпайсыңар дейт. Мен гастролго артисттерди кайсы акча менен алып чыгам? Бизде бир да автобус болбосо мен аларды эмне менен ташыйм? Бизге айлыктан сырткары мамлекеттен жылына 100 миң сом араң бөлүнөт. Аны каягына жеткирем? Анан артисттер өздөрү демилге көтөрүп, “биз гастролго чыкпагандан кийин айлыгыбыздан 300 сомдон кармап туруңуз, биз ыраазыбыз” дегенинен улам чогултуп атам. Ал дагы менин чөнтөгүмө эмес, ишкананын эсебине түшүп атат. Биз азыр түз гастролго чыкпаганыбыз менен, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында өткөн мамлекеттик иш-чараларды бүт тейлеп атпайбызбы. Акыркылардан эле - Курманжан датканын 200 жылдыгында, Төрөбай Кулатов жана Абсамат Масалиевдин мааракелеринде бүт филармониянын артисттери иштешти го.
Учурда Абдыкадыров атындагы филармонияда 130дай киши иштейт. Анын 80и артисттер. Бир жылда алардын он чактысы өздөрүнүн жеке концерттерин беришсе, жалпы жамаат жылына эки жолу отчеттук концерт берет. Мындан сырткары филармониянын имаратын жеке ырчылар, мекеме-ишканалар, окуу жайлар ижарага алып, ар кандай салтанаттарды өткөрөт, жылына 150дөй концерт, маараке жана кечелер болот.
Ушул иш-чаралардан мекеме жылына 700 миң сомдон ашык каражат табат. Анын 25% социалдык төлөмдөргө, 20% коммуналдык төлөмдөргө кетсе, калган 50% техникалык базаны чыңдоого жана жаңы костюмдарды тиктирүүгө жумшалат. Бирок алар кошумча гастролдорго чыкканга каражат жетишсиздигин айтып келишет. Алыбаев баштаган нааразы топ бул каражаттар ачык сарпталбай жатканын айтышууда.
Садыбакасова болсо Жолболду Алыбаевди жеке таарынычы үчүн эле филармонияны сындап жатат деп эсептейт:
- Жолболду Алыбаев мурда бизде иштечү. Биздин тапшырмаларды аткарбаганы үчүн мен аны жумуштан кетиргем. Ага чейин да анча-мынча таарынычтар болгон. Эми кеткенден бери мага нааразы болуп жүрөт. Ошонун артынан жөн жүрбөстөн, бирөөлөрдү уюштуруп, мага капа болгон 4-5 кишини топтоп алып, кысым көрсөтүүгө аракет жасап атышат.
Реформалоо талабы коюлат
Ош облустук филармониясында артисттер эң көбү 3 миңден 8 миңге чейин айлык алышат. Директорунун маянасы болгону 14 миң сом. Артисттер тойлордо ырдап, же жеке концерти аркылуу гана жан багышат. Бирок нааразы болгон тарап реформа жасоо менен филармонияны өнүктүрүүгө болоорун белгилешет.
Ал арада Маданият жана маалымат министрлиги бул жолу Ош филармониясы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзөөрүн билдирүүдө. Министр Алтынбек Максүтов буларга токтолду:
- Ош облустук филармониясынын чыгармачылык жагынан да, техникалык шарттары жагынан да чынында абалы начар экен. Муну моюнга алыш керек. Мисалы, Бишкектеги Токтогул атындагы филармония Ошко беш күнгө концерт коюп эле 1 млн. сом акча чогултуп келди. Ош облустук филармониясы эмнеге ошол жерде туруп эле акча топтой албай атат? Жарнама жетишпей атабы, же менеджерлик жетишпей атабы? Кыскасы ушуга окшогон көп суроолорду такташыбыз керек. Атайын комиссия түздүк, алар эми Оштогу филармония боюнча деталдуу иликтөө жүргүзөт. 100дөн ашык киши эмне иш жасады, канча концерт өттү, канча билет сатылды, аларга канча акча которулат, анын канчасы туура иштетилет, баарын тактайбыз. Себептерин, мүмкүнчүлүктөрүн да кошо изилдейбиз. Ансыз дароо эле директорду кызматтан кетирип, же алмаштырып койгондон маселе чечилбейт.
Абдыкадыров филармониясында үч эл артисти, үч эмгек сиңирген артист, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген эки ишмер жана 18 маданияттын мыктысы иштейт. Обончу Токон Эшбаев иштеген, комузчу Болуш Мадазимов, обончу-ырчы Фахридин Баяков, “Кыз бурак” эстрада тобу жана “Санат” фольклордук топтору да ушул жерде иш алып барат.
Филармония мурда “Космос” аттуу кинотеатрдын имараты болгон. Чоң залы 450, кичи залы 350 орун. Орундары аз болгондуктан Ошко келген көп ырчылар бул жерге концерт коюудан качышат. Мындан сырткары Абдыкадыров филармониясында жарык берүүчү жана музыкалык аппараттары жетишсиз, сахнасы кичинекей жана көшөгөлөрү эски.