Эки гезитти доого жыгууга ким кызыкдар?

Кыргыз гезиттери

Парламенттин иш башкаруучусу Алмаз Кожомкулов “Майдан” гезитине чыккан төрага “Асылбек Жээнбеков ким?” аттуу макала үчүн басылманы сотко берди.

Өткөн жылдын 26-ноябрында “Майдан” гезитине “Прогресс" фондунун жетекчиси Адил Турдукуловдун парламенттин чыгымдары тууралуу маалыматы жарыяланган. Анда Жогорку Кеңештин чыгымынын көлөмү 440 миллион доллар экени айтылган.

Жогорку Кеңештин иш башкаруучусу Алмаз Кожомкулов бул маалыматтар жалган экенин, парламенттин бир жылдык бюджети бул сумманын үч пайызына да жетпей турганын билдирүүдө. Ал жалган маалыматты өз ишмердүүлүгүнө түздөн-түз тиешелүү деп эсептеп, "Майдан" басылмасын сотко бергенин жана бул тууралуу спикердин маалыматы жоктугун билдирди:

- Мен Жогорку Кеңештин чыгымдарына жооптуу кызматчы катары бул маалымат чындыкка туура келбейт жана менин ишмердүүлүгүмө карата жалган жалаа жабуу деп эсептейм. Себеби Жогорку Кеңештин тарыхында макалада айтылган жалпы суммасы 440 млн. доллар деген каражат эч качан каралган эмес.

Ал эми “Майдан” гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркулов гезитке басылган “Асылбек Жээнбеков ким?” аттуу сурамжылоодо Алмаз Кожомкулов туурасында сөз болбогонун, сурамжылоого катышкандар спикердин жумушуна баа беришкенин айтууда. Башкы редактор муну сөз эркиндигине карата кысым катары баалады:

- Акыркы учурда басма сөзгө кысым күчөгөндөй болуп турат. Буга мисал Дайыр Орунбеков деген журналистти соттоо аракети, анан Аслан Сартбаевдин камалышы, эми минтип гезиттерди сотко сүйрөшү. Биз ал жерде Кожомкулов жөнүндө сөз кылган эмеспиз, анан кантип анын абройуна шек келип калат? Бул жөн гана шылтоо, мунун артында төрага өзү турат.

Бул боюнча сот иши 1-апрелде каралат. Ал эми гезитке өз пикирин билдирген “Прогресс" фондунун жетекчиси Адил Турдукулов эч кандай жалган маалымат бербегенин, өз айткандарын далилдей аларын айтты:

- Ал жерде куру сөз айткан эмесмин. Спикер өзү айткан убадаларына таянып маалымат бергем. Асылбек Жээнбеков буга чейин чыгымдарды кыскартууга убада берген, бирок ар убада азыркыга чейин аткарылбай келет. Мен сотко барам, баарын далилдеп бере алам.

Ушул эле макала 2014-жылдын декабрь айында "Алиби" гезитине да чыккан. Парламенттин иш башкаруучусу Алмаз Кожомкулов аталган гезитти дагы сотко берген. Анын айтымында, ишти караган Биринчи май райондук соту үстүбүздөгү жылдын 10-мартында "Алиби" гезитине чыккан макалада айтылган дооматтарды негизсиз деп таап, Кожомкуловдун пайдасына чечим чыгарган. Ага ылайык гезит 5 миң сом доону төлөп, жалган маалымат таратканын жарыялап чыгышы керек. Чечим бир айдан кийин күчүнө кирет. Ал эми "Алиби" гезитинин редактору Канышай Мамыркулова соттун чечими боюнча кабары жок экенин билдирет.

Жергиликтүү медиа-эксперттер сөз эркиндиги боюнча бир жактуу пикирде эмес. Айрымдар оппозициялык маанайдагы басылмаларга бийликтин кысым көрсөтүүсү бар экенин айтышса, кыргыз гезиттери ушактан арыла албай жатат дегендер да бар.