Араздаштырган мандат

Иллюстрация

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында шайлоодон кийинки мандат бөлүштүрүү процессинин мыйзамдык жана моралдык жагы талкууланды.

Талкууга БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов жана "Республика Ата-Журт" партиясынын мүчөсү Данияр Тербишалиев катышты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийинки мандат бөлүштүрүү процесси айрым партиялар жана талапкерлердин баш оорусуна айланды.

Депутат болуу кызыкчылыгы - бир партияны жаатташкан тарапка бөлүп, сот талаасына жетелеп жөнөдү. Ал эми БШК соттук териштирүүлөр бүткөн соң гана мандаттарды берүүгө кирише турган болууда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Араздаштырган мандат

Данияр Тербишалиев: Башында тикеден-тик туруп, баарыбыз кол кармашып, ант берип сүйлөшкөнбүз. "Керектүү добуш ала албай калсак, анда тизмеден чыгабыз" дегенбиз. Тилекке каршы өз антына, убадасына турбаган адамдар бийлик, депутаттык мандат үчүн антынан кайтып, эми депутат болобуз деп жанталашып жатышат. Ушул сөздөр адам үчүн ыйык болбосо, бул адамдын депутат болуп, элдин таламын талашууга укугу барбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Араздаштырган мандат (2)

Жеңиш Акматов: Мен адам катары ант берген ошол видеону көрүп, төбө чачым тик турду. Мени тизмеде биринчи орунга койсо дагы эч убакта ошентип балдарымдын атынан карганып, мандат албайт элем. Мен ошол жерден сунуштаган кишинин бетине түкүрүп, шайлоонун астында басып кетмекмин.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Араздаштырган мандат (3)