Конституция кайрадан талоондо

Кыргызстанда жаңы Баш мыйзам кабыл алуу боюнча Элдик Конституциялык кеңешме түзүлдү. Оппозициялык партия жана коомдук уюмдардан турган топ күзгө карай парламентке жаңы Конституциянын долбоорун сунуштоону көздөп жатат.
26-июнда Бишкектеги “Достук” мейманканасында 46 коомдук уюмдун жана он чакты саясий партиянын өкүлдөрү чогулуп, Элдик Конституциялык кеңешти түзүштү. Уюштуруу иштерин жүргүзүү үчүн 12 кишиден турган штаб мүчөлөрү тандалып алынды. Аны парламенттин мурдагы мүчөсү Кубанычбек Кадыров жетектемей болду. “Достук” мейманканасындагы жыйынга парламент мүчөлөрү да катышкан.

Штаб мүчөсү Мукар Чолпонбаев жыйындын катышуучулары азыркы Конституцияны жараксыз деп табышканын билдирди:

- Ошолордун баары Текебаевдин Конституциясын жараксыз деп таап, жаңы Конституция кабыл алыш керек деген демилге көтөрүп жатышат.

Уюштуруу штабына Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын мүчөлөрү Курманбек Осмонов жана Талант Мамытов да кирди. Ал эми штабдын башчысы Кубанычбек Кадыров жакын арада жасала турган иштер тууралуу буларды билдирди:

- Кудай буйруса, 5-июлда чогулабыз. Ошол жерде Конституциялык кеңештин төрагасын, эки орун басарын, эксперттерди бекитип, аларга 20-25 күн беребиз. Алар Конституциянын жаңы вариантын иштеп чыгышат. Ал иштелип чыккандан кийин Жогорку Кеңешке алып чыгалы деп жатабыз. Албетте долбоор парламент каникулдан келгенден кийин берилет.

Элдик Конституциялык кеңеште азырынча Баш мыйзамдын бирдиктүү долбоору жок. 1993-жылкы Конституция да негиз катары алынары карала элек.

“Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов жаңы Конституция кыргыз калкынын салт-санаасына жакын болуш керек дейт:

- Негизги идея ушундай - Конституция деген бул жашоонун программасы. Ар бир улуттун өзүнүн жашоо-программасы бар. Ал бузулбаш керек. Ал өзгөрсө, оорулар башталат. Азыркы жазыла турган Конституция кыргыздын салтына, мүнөзүнө, үрп-адатына таянып туруп жазылыш керек.

26-июндагы жыйынга айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылар катышпай калган. Маселен, Адахан Мадумаров жана Исхак Масалиев Элдик Конституциялык кеңеш тууралуу кабарсыз экенин билдиришти.

Саясатчы Кубатбек Байболов да кеңеш тууралуу маалымат жок экендигин айтып, бирок Конституция өзгөрүүгө муктаж деген пикирин билдирди:

- Азыркы Конституциянын бирден-бир кемчилиги - иш жүзүндө бул парламенттик башкарууну негиздеген Конституция эмес эле, премьер-министрдин бийлигин чексиз бекемдеген Баш мыйзам болуп калды. Экинчиден, элди бириктирбей эле кокту-колотко бөлгөн Конституция болуп жатпайбы.

Кубатбек Байболовдун пикиринде, жаңы Конституция чыныгы парламенттик бийликти алып келиш керек.

Азыркы Конституциянын атасы катары аталган Өмүрбек Текебаев бул Конституция бийликти тынчтык жолу менен алмаштырууга дараметтүү экенин көрсөткөнүн жана анын потенциалы чоң экенин билдирип келатат.

"Азаттыкка" курган маегинде Өмүрбек Текебаев буларды белгилеген:

- 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны алып келип койсо эле, заман жакшырат, мыйзамды эл сыйлап, жыргап калат деген туура эмес. Азыр эл башка.

Экинчиден, накта ошол Конституция мыйзамдуулукту сактай албай, аягы бир үй-бүлөнүн башкаруусуна алып келди. Мына ошону жоготуп, биз ачык-айкын, авторитет, программа менен башкара турган системаны алып келдик.

Он сегиз жылдын ичинде Конституция он жолу өзгөрдү. Акаев акыркы жолу 2002-жылы өзгөрттү, бирок Конституция аны сактап кала алган жок, 2005-жылы эл кууп жиберди. Бакиев эки жолу өзгөртүп, үчүнчү жолу 2009-жылы өзгөртүүгө аракет кылып жаткан, аны да ал Конституция сактап кала албады, 2010-жылы эл айдап жиберди.

2010-жылы акыркы Конституция кабыл алынды. Ошентип Баш мыйзам орто эсеп менен 1 жыл 7 айда алмашып турган, акыркы эки жылда Конституцияга бир да өзгөртүү киргизилген жок. Бул Кыргызстандагы туруктуу биринчи Конституция деп айтса болот.