Апта: Арызданган оппозиция, көмүрдүн "көөсү"

Бишкек жылуулук борборунан агып чыккан көмүрдү иргеп саткандар. 2014-жыл.

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеште Ошто оппозицияны жумуртка менен ургулоо талкууланды. Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алууда коррупциялык жаңжалдар чыкты. Күйүүчү майдын тынымсыз кымбаттоосу уланды. Анын чеги кайда?

Жогорку Кеңеш "жумуртка соккусун" айыптады

1-октябрда Жогорку Кеңеш Ошто оппозициячыл депутаттарды жумуртка менен ургулоо жана жыйын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербеген фактыны талкуулады. Депутаттар бул окуя боюнча кескин нааразылыгын билдирип, ал эски замандагы көрүнүштөрдү эске саларын белгилешти.

Маалым болгондой Жогорку Кеңештин депутаттары Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдырахманов өткөн жумада Ош шаарында альтернативдүү бийлик системасы боюнча талкуу уюштурууга аракет жасаган. Бирок бир катар аялдар жана спорттук дене түзүлүштөгү балдар ага мүмкүнчүлүк берген эмес. Алар депутаттарды жумуртка менен уруп, элди бөлүп-жарбай кетүүнү талап кылган.

Жогорку Кеңештин депутаттары 1-октябрдагы талкууда бул маселе иликтенип, аны уюштургандар жазасын алууга тийиштигин, демократиялык Кыргызстанда андайга жол берилбеши керектигин талап кылышты.

Башкача бийлик системасы боюнча концепциянын авторлорунун бири Исмаил Исаков “жумуртка соккусунун” артында Оштун азыркы мэри Айтмамат Кадырбаев турарын болжоду:

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев.

- Оштун мэри жасады деп ичимен сездим. Ал ким? Ал кечээ Атамбаевди, Исаковду, Отунбаеваны, жалпы убактылуу өкмөттү кууп чыгабыз деп, Бакиевге кызмат кылган жигит. Ал Ошту басып албады беле 2010-жылы 10-майда. Мен барып кууп чыкпадым беле тээп...


Исмаил Исаков Оштогу окуя боюнча кылмыш ишин козгоону ички иштер министри Мелис Турганбаевден талап кылды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков болсо бир-эки адамдын концепциясы эмес, партия, партия лидерлеринин концепциясы ишке ашкан мезгил келгенин айтуу менен Оштогу окуяга карата пикирин билдирди:

- Бардыгына жагабыз деп ойлобогула. Жакпаган жерге барып калышыңар мүмкүн. Ошол жерде эл каршы чыгып калышы мүмкүн. Жеке адамдын программасы өтпөйт эч качан. Партиялардын программасы, партия лидери жоопкерчиликти ала турган заманга келбесек болбойт. Тополоң болот мамлекетте.

Асылбек Жээнбеков оппозициянын оозун жапкан эч ким жоктугун жана бир окуя үчүн бийликти күнөөлөгөн болбойт деди. Бирок соңунда төрага жумуртка, помидор менен ургулоо туура эместигин моюнга алууга аргасыз болду.

“Ата Мекендин” лидерлеринин бири Болот Шер Оштогу окуя бийликтин алсыздыгынан кабар берет деди:

- Эки депутат боюнча ушул окуя аябай уят. Уят окуя болду. Бул бийликтин алсыздыгы жөнүндө кабар берет. Алсыз бийлик бийлигин бекемдеймин деп жатып, биз жыйырма жылдан бери жетишкен баалуулуктардан айрылып калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан так баасын берелик.

Ошто жумуртка соккусуна кабылган Равшан Жээнбеков өкмөт ал окуяга жооптууну таппайт, анткени анын артында президенттик аппарат, команда берген адамдар турат деп эсептейт. Ал эми концепцияны талкуулоону улантабыз дейт Жээнбеков:

- Бул ишти биз улантабыз. Жакын арада Бишкекте жаштар менен талкуулайбыз деген оюбуз бар. Андан башка бул концепцияны чет мамлекеттеги демократиялык институттар менен дагы талкуулайлы деген оюбуз бар.

Исмаил Исаков, Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдырахманов жарыялаган концепцияда Кыргызстанды толук парламенттик башкарууга өткөрүү каралган.

Көмүрдөгү көмүскө иштер...

Кыргызстандын энергетикалык системасында Бишкек жылуулук борбору маанилүү орунду ээлейт. Ал эми ага көмүр сатып алуу коррупциялык жаңжалдардан арылбай келет. Быйылкы жылы да Казакстандан 630 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча тендер үч жолу үзгүлтүккө учурап, соңунда “Электр станциялар” акционердик коомунун жетекчилиги бир булактан көмүр сатып алууга уруксат сурап өкмөткө кайрылган. Ал эми бир булактан көмүр сатып алуу коррупцияга түз жол экенин депутаттар жана эксперттер талбай айтып келет.

Бирок да үч жолу тендер үзгүлтүккө учурагандан кийин “Электр станцияларга” бир булактан көмүр сатып алууга мыйзам дагы жол берет. “Электр станциялардын” жетекчилиги бир булактан эмес, эки булактан “Жезказган энергосбыт” жана “Прогресс компаниден” 500 миң тоннага жакын көмүр сатып алуу чечкен. “Жезказган” Кыргызстанга көп жылдан бери бир булактан көмүр сатып келген “Прогресс компаниге” караганда үч долларга арзан сунуштаган.

Бирок Энергетика жана өнөр жай министрлиги “Жезказгандын” көмүрүнүн калориялуулугу төмөн деп, сотко кайрылган. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Электр станциялардын” жетекчилигине “Жезказган” менен келишим түзүүгө мажбурлаган деп, кылмыш ишин козгоду. Биринчи май райондук соту ал кылмыш иштин негизинде Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Нуртазин Жетибаевди, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери Марсбек Маданбековду жана “Электр станциялардын” коопсуздук кызматынын кызматкери Турсунбек Мамбеталиевди бир айга камакка алууга 29-сентябрда санкция берген.

“Улуттук электр станциялардын” тендер өткөрүү боюнча комиссиясынын жарандык коом тарабынан шайланган мүчөсү, укук коргоочу Качкын Булатов бул кылмыш иштин жана камакка алуулардын артында “Прогресс компанинин” жетекчилери, казакстандык миллиарддерлер Александр Машкевич жана Граф атуу каймана аты бар Алижан Ибрагимов турат деп эсептейт. Укук коргоочунун пикиринде, мына ушулар Кыргызстандын бийлигиндеги таасирлүү адамдар менен биригип, “Жезказгандын” колдоочуларын “оюндан четтетүүгө” барышты. Ал эми УКМКнын азыркы кезде кылмыш ишин козгоосу да шек жаратат дейт Булатов:

Качкын Булатов

- Эгерде УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын тергөөчүлөрү таза болсо, патриот болсо, анда “Электр станциялардын” бир эле эпизодун албай, жети жылдан берки коррупциянын өтүп жатканын, жети жылдан берки "Электр станциянын”" жетекчилерин камакка алыш керек, Осмонбек Артыкбаевди да камакка алыш керек. Мына ошондо баары ачыкка чыгат эле.

“Улуттук электр станциялар” акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Жолдошбек Назаров “Жезказгандын” көмүрү арзан болгон менен калориялуулугу төмөн чыкты дейт:

- Текшердик. Алар көмүр алып келди. Алар алып келген көмүрлөр тендердин шартында көрсөтүлгөн калориядан төмөн болуп чыкты. Ошон үчүн алар менен келишимди буздук. Андан кийин “Прогресс компани” жалгыз калды.

Жолдошбек Назаровдун айтымында, “Прогресс компанинин” көмүрүнө эч кандай кине жок. Бирок ал компаниянын артында кимдин турары тууралуу да маалыматы жок.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комитетинин мүчөсү Райкан Төлөгөнов көмүр сатып алуунун айлансында түзүлгөн абалды мафиялык топтордун күрөшү катары мүнөздөдү:

- Бул жерде “Электр станциянын” кызматкерлери өздөрү эле каалагандай кылып тендерлерди өткөрүп, бир булактан көмүр сатып алуу чечимин кабыл алалбайт. Менин оюмча, жогорку жактан кандайдыр бир мафиоздук топтор, бирөөлөр жасап жатат.

Төлөгөновдун айтымында, “Электр станциялардын” айланасында түзүлгөн бул кырдаал парламентте каралат.

Качкын Булатовдун маалыматы боюнча, казакстандык компаниялар Кыргызстанга эң төмөнкү сапаттагы көмүрдү алып келишет. Алардын чыныгы баасы 10-15 доллардын тегерегинде. “Электр станциялар” болсо андай көмүрдүн бир тоннасын жыл сайын 43-45 доллардан сатып алат. Демек, ортодо чоң суммада коррупциялык акча жатат. Маселен, 500 миң тонна көмүрдүн бир тоннасы 40 доллардын тегерегинде болсо, ал 21-23 млн. доллар болот. Анын чыныгы баасы 10-15 доллар болсо, анда анын жалпы баасы 10 млн. доллардын тегерегинде. Демек, ортодо 10 млн. доллардын тегерегинде коррупциялык киреше жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев коррупциялык көрүнүштөр системага айланып, ал бардык министрликтерде кездешет дейт. Ага кандайдыр бир бөгөт коюш үчүн “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзам даярдалууда.

Энергетика жана өнөр жай министринин мурунку орун басары Райымбек Мамыров көмүр сатып алуудагы терс көрүнүш жана ар кандай сөздөргө бөгөт коюш үчүн көмүрдү кыргыз-казак өкмөттүк келишимдин негизинде сатып алууну сунуштоодо. Бирок мыйзам дагы, өкмөттөр аралык келишим менен көмүр сатып алуу сунушу да быйыл ишке кирбеши анык.

Көкөлөгөн баалар...

Кыргызстанда күйүүчү майга баа акыркы мезгилде тынымсыз кымбаттоодо. Ал кайда барып токтоорун эч ким божомолдой албай турат. Өкмөт болсо базардын бул тармагын Орусиянын колуна толук өткөрүп берип, колунан көзөмөлдү чыгарганы маалым.

Кыргызстан нефтетрейдерлер бирикмесинин мурунку башчысы Жумакадыр Акенеев мамлекет күйүүчү май базарында атаандаштык түзүү мүмкүнчүлүгүнөн толук ажыраганын белгилеп, баага Монополияны жөнгө салуу агенттиги аркылуу гана таасир эте алуу мүмкүндүгүн белгиледи:

Жумакадыр Акенеев.

- Бул жерде эч кандай рычаг жок. Болгону Монополияны жөнгө салуу агенттигинин кайсы баа менен завод кое берип жатат, кайсы баа менен сатылып атканын көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар.

Акенеевдин пикиринде, Орусиянын өзүндө да баалар өсүүдө. Буга карабай кыргыз бийлиги орус бийлиги менен сүйлөшүп, күйүүчү майга бааны көзөмөлгө албаса, ал токтобой жогорулай берет. Белгилүү болгондой бүгүнкү күнү жогорку октандуу бир литр бензиндин баасы бир доллардан ашып кетти.

Эксперттер күйүүчү майга баанын көтөрүлүшүн рубль жана сомдун долларга карата күчүнүн кетиши менен дагы байланыштырууда. Азыркы мезгилде бир доллардын наркы 54 сом 30 тыйындын тегереги болуп жатканы маалым. Сомдун курсун сактап калуу оңойго турбай жатат.

Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, сомдун курсун кармоо үчүн Улуттук банк акыркы айларда жети жолу интервенция жасады:

- Биз сентябрь айында төрт жолу чыктык (интервенция). Биз чыкпасак анда сомдун деңгээли мындан бешбетер түшүп кетмек. Андан сырткары бул кырдаалды туура түшүнүп, андай иштерди август айында баштадык. Август айында үч жолу чыктык. Ошондуктан Улуттук банк эч нерсе кылбай жатат деген туура эмес.

Кыргызстанда сомдун курсунун долларга карата түшүүсүн эксперттер орус валютасынын күчүнүн жоготушу менен байланыштырууда. Бирок Кыргызстандын экспортунун импортко караганда төрт эсе аздыгы сомдун курсуна урулган эң олуттуу соккулардын бири экени маалым.