Президент кыргыз армиясын мактады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөнүнүн 27 жылдыгына жана Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына карата Опера жана балет театрында өткөн жыйында президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз армиясына оң баа берди. Өлкө башчы армиянын материалдык - техникалык жабдылышы жакшырганын, куралдуу күчтөрдү заманбап курал - жарак, аскердик техника менен жабдуу боюнча иш жүрүп жатканын айтты.