Кадр саясаты кимге көз каранды?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн аппаратынын башчысы Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырган жок. Бирок аппарат башчынын бул арызына байланыштуу кабар коомчулукта кош бийлик тууралуу талкууларга жем таштады. Эмне себептен президент Жээнбеков Ниязовдун арызын кабыл албай койду? Мурдагы мамлекет башчынын командасынын азыркы президентке таасири канчалык? Президент көз карандысыз, өз алдынча саясат жүргүзүү үчүн кандай кадамдарга баруусу керек?