Гүнеш Йылмаз Казакстанда кармалды

Сатуучуну сабады делген түрк жараны Гүнеш Йылмаз сот залында.

Бишкектеги “Бета Сторес” соода борборунун кызматкери Гүнеш Йылмаз Казакстанда кармалганын Кыргызстан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. Ал кыргыз жараны Чолпон Орузбаеваны сабады деген шек менен кармалып, кайра бошотулган.
Кыргыз жаштары эки жолу Йылмаз иштеген “Бета Сторес” соода борборуна барып, мамлекеттик желегин жулуп ыргытышкан. Серепчилер мындай жоруктар инвесторлорду чочутуп, Кыргызстандан кетишине өбөлгө болот деп айтууда.


Йылмаздын тагдыры казак сотторунан көз каранды


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы кабарлагандай, Түркиянын жараны Гүнеш Йылмазды Казакстандын атайын кызматы 6-июнда “Сыпатай баатыр” чек ара бекетинен өтүп бараткан жеринен кармаган экен.

15-июнда ага каршы "чек арадан мыйзамсыз өттү" деген берене боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМКнын басма сөз борборунун жетекчиси Нурланбек Токталиев эми түрк жаранынын кийинки тагдырын казак соттору чече турганын билдирүүдө:

- Маалыматтын баары Казакстанга жиберилген. Бизде издөө салынган деп айтылган. Андыктан бүт баарын Казакстандын соту чечет. Бизге береби, же Түркияга экстрадиция кылып жибереби, анын баарын казак соттору чечет.

Жабыр тарткан Чолпон Орузбаева нааразылык акциясы учурунда, 7-июнь 2011-жыл
Апрель айында “Бета Сторес” дүкөнүнүн кызматкери Гүнеш Йылмаз чогуу иштеген сатуучу кыз Чолпон Орузбаеваны сабап салганы кабарланган. Натыйжада Йылмазга карата "денеге оор залака келтирген" деген берене боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкектеги Биринчи май райондук соту Түркиянын жаранын 2 айга чейин убактылуу тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. Бирок Гүнеш Йылмаздын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылып, жыйынтыгында ал өлкөдөн чыгып кетпөө кепилдиги менен коё берилген.

Сот чечимине макул болбогон Чолпон Орузбаева 7-июнда Жогорку Сотко даттанып, ал инстанция Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Бирок акыркы соттук отурумга Гүнеш Йылмаз келген эмес.

Мына ошондон кийин Кыргызстандагы бир катар жаштар уюмдары Бишкекте бир нече ирээт нааразылык акциясын уюштурушуп, Йылмазды койо берген сотторго чара көрүү, Гүнеш Йылмазды камоо жана Чолпон Орузбаевага ал иштеген "Бета-Сторес" соода борборунун администрациясына компенсация өндүрүүнү талап кылышкан.

Ошентип бул маселе ырбап кетип, Йылмазды өлкөдөн чыгып кетпөө кепилдиги менен бошоткон үч судьяга байланыштуу кызматтык иликтөө башталган. Орузбаеванын таламын талашып жаткан “Ак Шумкар Кут” жаштар бирикмесинин төрага орун басары Айбек Саипов азыр жаштар уюмдары талаптарынын аткарылышын күтүп, убактылуу акцияларды токтотуп турушканын белгиледи:

- Эгерде биздин талаптар аткарылбай, күрөштөр улана турган болсо, биздин акция уланат. Бирок азырынча токтоп турабыз. Анткени биздин талаптар аткарылат деген ойдобуз.

Кимдин карааны көрүнөт?

Чолпон Орузбаеваны колдоп, Бишкекте өткөн нааразылык акциясы, 7-июнь 2011-жыл
Жаштардын түрк супермаркетине жасаган акциясы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда.

Жакында “Бета Иншаат Ятырымчылык” түрк фирмасынын жетекчилиги жаштардын айрым топтору кысым көрсөтүп жатат деп кыргыз бийликтерине кайрылган. Бул акциялардын артында башка саясый күчтөр турганын билдиришкен.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков мындай дейт:

- Өлкөдөгү абалды курчутуу, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланууну каалаган күчтөр болушу мүмкүндүгү жөнүндө сөздөр жүрүп жатат. Мунун да негизи болушу мүмкүн деп ойлойм. Бирок негизинен маселени өкмөт көзөмөлгө алып жатат. Мына бүгүн эле Казак чек арачылар түрк жаранын кармаганы жөнүндө маалымат келди. Ал жигит жазасын алат. Ал эми аны чыгарып жиберген соттор да эртеңки күнү ал кызматтарында иштебейт деп ишенебиз. Муну Жогорку Кеңеш да көзөмөлгө алат.

Эмил Үмөталиев
Кыргызстандагы эң ири соода борбору делген “Бета Сторестин” айланасында ызы-чуулар инвесторлорду чочутуп койду дегендер бар.

“Кыргыз консепт” компаниясынын ээси Эмил Үмөталиев бул кысымдар Кыргызстандагы инвестициялык климатка залакасын тийгизет деп эсептейт:

- Ушундай ызы-чуу кылып жатканыбыз бирөөнүн чагымы деп ойлойм. Ал чагымдарга алданып жатабыз. Бул жагдай сөзсүз түрдө инвестициялык жана эл аралык мамилеге терс таасирин тийгизет.

Эл аралык саясат боюнча Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу Медет Тулегенов сабалган кыздын укугу корголуп, күнөөлүү адам жоопкерчилик тартышы керек деп айтууда:

- Жаштар уюмдары көтөрүп чыккан “Бета Сторестеги” окуя бир аз улут аралык маселе өңүтүн алууда. Анткени алардын ураандары да ушундай багытта болду. Менин көз карашым боюнча, бул маселенин көтөрүлүшү туура эле. Анткени бул жерде сатуучу кыздын укугу бузулду. Бирок ушундай өңүттө, ушундай ураандар менен бул суроонун саясий тармакта көтөрүлүшү туура эмес болуп калды.

“Бета Сторес” соода түйүнүн айланасындагы эки улут өкүлүнүн ортосундагы бул окуя Кыргызстанда биринчи жолку эмес. Буга чейин бир катар чет өлкөлүк ишкерлердин тегерегинде да мындай окуялар катталган болчу.