ИИМ: Диний экстремизм күчөп баратат

Тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмунун баракчалары.

ИИМ жыл башынан бери Кыргызстанда экстремисттик уюмдардын 169 мүчөсү кармалганын жарыялады.
Кыргызстанда тыюу салынган сегиз диний-экстремисттик уюм бар. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Шамил Атаханов билдирди.

Ал эми эксперттер коопсуздукка коркунуч жараткан башка да топтор жана жамааттар Кыргызстанда тыюу салынышы мүмкүн экенин белгилешүүдө. Жыл башынан бери өлкөдө экстремисттик уюмдардын 169 мүчөсү кармалган экен.

Кара тизмедеги уюмдар

УКМК төрагасы Шамил Атахановдун “Слово Кыргызстана” гезитине айтышынча, Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик сегиз уюм бар. Буга чейин “Азаттыктагы” маегинде да ал экстремисттик уюмдардын атын атаган болчу.

- Биздин тизмеде сегизге жакын уюм, "Хизб-ут Тахрир", “Ислам кыймылы биримдиги” (СИД), "ал-Каида" жана башкалар бар. Алардын ичинен абдан тамыр жайган жана кырдаалды курчуткан уюм – "Хизб-ут Тахрир". Ал акыркы жыйырма жылда ирденип, өз тармагын түзгөнгө жетишип алган. Ооганстан аймагында жайгашкан жана түзүлүп келаткан Ислам кыймылы биримдигине тынымсыз, өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы бар.

Жогорудагылардан башка “Талибан кыймылы”, Чыгыш Түркистан ислам кыймылы, Күрдистан элдик конгресси, Чыгыш Түркистан боштондук кыймылы жана Өзбекстан ислам кыймылы Кыргызстанда сот тарабынан экстремистик уюм деп табылган. Бул кара тизмени жаңы уюмдар да толукташы ыктымал экенин эксперттер белгилешүүдө. Ички иштер министрлигинин экстремизм менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Эмил Жээнбековдун айтымында, ушу тапта ишмердүүлүгү иликтенип жаткан шектүү топтор жана жамааттар да бар.

Экстремизм өсүп жатабы?

Ал эми ИИМ жыл башынан бери-тогуз ай аралыгында экстремисттик уюмдардын 169 мүчөсүн кармаганын ишемби күнү жарыялады. Бул сан мурдагы жылдарга караганда жогору. ИИМдин экстремизм менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Эмил Жээнбеков анын себебин мындайча түшүндүрдү.

- Бул жерде аларды аныктоо ыкмалары, кылмыштарын далилдөө иштери жакшырганы үчүн да бул фактылар көбөйүшү мүмкүн.

Эмил Жээнбеков ошол эле кезде диний-экстремисттик уюмдардын иш-аракети да күчөгөнүн жокко чыгарбайт.

- Экстремизмдин ыргагы, тилекке каршы жылдан-жылга өсүп жатат. Бул бир жагынан дүйнөдөгү тенденциянын эпкини болсо, экинчиден - Борбор Азиядагы тенденциянын таасири. Чет мамлекеттерде экстремизм көрүнүшү өскөн сайын бизде да ал сөзсүз жогорулайт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Интернет технологиялары өнүккөндүктөн анын таасири менен да өсүп жатат. Радикализм да өсүп жатат.

Экстремизм менен күрөшүүдө мамлекет анын пайда болуу себеби менен эмес, натыйжасы менен алышып жатат деп сындагандар арбын. Серепчи Аман Самаков бул жатта мамлекет менен муфтият чогуу иш алып барса, алда канча натыйжа болмок деп эсептейт:

-Эң биринчи муфтият өзү ичинен ынтымакка келип, макулдашкан бир багытты аныктап, анан мамлекет менен биргелешип иштешип, терроризм менен күрөшүүдө чоң жардам берсе болот. Себеп дегенде муфтияттын үнү, сөзү бийик жана салмактуу болуш керек.

Самаков эгемендик жалдырдан кийин динди ылгабай кабыл алуу, аны ажыратып билбегендиктин натыйжасы-азыр жаматтар ортосундагы жиктелүүнүн жаратып жатканын да кошумчалады.

- Биз кайрадан исламга кайтып жатпайбызбы. Буга 20 жыл, балким 10 жыл болду десек туура болот го. Бирок ошол исламга кайтуу жараяны абдан ар тараптуу жана көп багыттуу болуп жүрүп жатат. Анткени ислам негизинен суннит жана шиит деп экиге бөлүнөт. Суннизмдин ичинде да көп агымдар бар.Биз ошонун баарын эч бир ылгабай, аралаштырып эле кабыл алып жатабыз. Ошентип, биздин исламыбыз ар кандай багытта болууда. Арасында исмаилиттери да бар, башка да агымдар бар. Ушул бизде көйгөй жаратып жатат.

18-октябрда УКМК күч түзүмдөрүнүн жана мекемелердин кызматкерлерине каршы теракт даярдоону максат кылган 7 кишиден турган топ кармалганын жарыялаган. Бирок алар эмне болгон топ экени азырынча ачык айтыла элек.