Ээнсиреген "Ата-Бейит"

8-ноябрь советтик бийликтин саясий репрессиясына кабылгандардын 137синин өлгөн күнү катары белгилүү. Кыргыз бийлиги аларды расмий эскерген жок.
Туура 75 жыл мурун, ноябрдын ушул күндөрүндө Бишкектин чет жагында кыргыздын жүздөн ашык чыгаан инсандары совет бийлиги тарабынан атып өлтүрүлгөн. Саясий репрессиянын курмандыктары жашыруун бир чуңкурга көмүлгөн. Алар 1938-жылы 5-7-8-ноябрда атылганы аныкталган. СССР кыйрагандан кийин ал жер аныкталып, 137 кишинин сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине кайра көмүлгөн.

Төрөкул Айтматов менен бирге репрессиянын жалпы курмандыктарын эскерүү үчүн Чыңгыз Айтматовдун бир туугандары Роза Айтматова, Илгиз Айтматов, уулу Аскар Айтматов үй-бүлөлөрү менен келди. Роза Айтматова өткөн кылымдын 30-жылдары совет бийлигинин саясатынан окко учкандарды эскерип жатып буларды айтты:

- “Ата-Бейит” – репрессияга кабылгандар табылган бир эле жер. Буга окшогон жерлер Кыргызстанда көп эле. Азыр ал изилденген жок. Ошондуктан, башкалары табылбаганга жараша, ушул аныкталган бир жер курман болгондордун баарын эскерүү орду, 8-ноябрь жалпы эскерүү датасы болушу керек.

30-жылдары кыргыз интеллигенциясынын 137 өкүлүнөн тышкары катардагы жөнөкөй тургундар да атылган. Тарыхый маалыматтарда, репрессия жалпысынан 20 миңден ашуун кыргызстандыктын өмүрүн алганы айтылат. Төрөкул Айтматовдун кызы Роза Айтматова бул сыяктуу тарыхый каталар келечек муунга сабак болушу керек деген пикирде:

- Ушуларды эстей жүрүш биздин парзыбыз. Өткөнгө көз салып, тарыхыбызды билбесек, келечекке план түзүү кыйын болот. Айрыкча биздин азыркы жетекчилер, саясатка келем деген жаштар ушул каталарды кетирбегенге аракет кылып, эстей жүрүшү керек.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыздын кыйындары атылган күнгө 75 жыл


Айтматовдун жакындары андан кийин Чыңгыз Айтматовдун курулуп бүткөн күмбөзүн көрүштү. Жакынкы күндөрү ачылганы турган күмбөздү жазуучунун улуу баласы Аскар Айтматов баш-көз болуп салдырган.

- Күмбөздүн ачылышы туугандар үчүн бүгүн болду. Ал эми өкмөттүн өзүнүн пландары бар. Негизи бул баарына ачык жай болгон үчүн каалагандар келип көрүп кете берет. Күмбөздүн көрүнүшүнүн идеясы мага таандык. Таж-Махалга окшош. Бирок курулушчулар, скульпторлор, архитекторлор менен кеңешип, талкуулап иштеп чыктык. Бир нече варианты бар эле андан ушуну тандап алдык.

Айтматовдун жакындары кан чыгарып кайтышты. Алар менен Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жүрдү. Депутаттан башка мамлекеттик кызматкерлер көрүнбөдү. Аталардын күмбөзү алар өлгөн күнү да ээнсиреп турду.

Президенттик аппаратка, өкмөткө , Маданият министрлигине жана Бишкек мэриясына чалып, "Ата-Бейитте" эскерүү кечесин ким уюштураары тууралуу жооп ала албадык.

Советтер союзунун бардык жерлеринде болгон репрессия агымы Кыргызстанды 1930-жылдары каптаган. Изилдөөчүлөр “Коммунисттик партияга шек келтирмек тургай, анын саясатын жайылтууга катышпаган карапайым адамдардын да көзү тазаланган”,- дешет.

137 кишини күнөөлөгөн айрым документтер, соттун чечимдери жана анча-мынча өздүк буюмдары азыр “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде сакталган. Алардын сөөгү “Ата-Бейитке” 1991-жылы кайра жөрөлгөсү менен көмүлгөн.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сталинизмдин курмандыктары