Акун: Акыйкатчыга парламент баа бере албайт

Акыйкатчы Турсунбек Акун Акыйкатчы институтунун айланасындагы жагдайлар тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
“Азаттык”: Акыйкатчы институту билдирүү таратып жыл башынан бери эле ондон ашык комиссия текшерүүгө алганын айыптады. Анда аталган институтка басым болуп жатканы, анын артында Жогорку Кеңештин комитети турганы айтылган. Турсунбек мырза, эмне себептен басым болуп атат деп ойлойсуз, анын артында турат дегендердин аттарын атай аласызбы?

Турсунбек Акун: Жогорку Кеңештин Адам укугу боюнча комитети, анын башында Бекешов турат, мүчөлөрү Бакир уулу жана башкалар. Алар жыл башынан бери ондон ашык комиссияларды уюштурду. Эмгек инспекциясынан үч комиссия келди. Кадр кызматынан 2 комиссия келди, Башкы прокуратурадан эки комиссия келди. Андан сырткары Эсептөө палатасы текшерип жатат. Башка кызматтар да келди. Депутаттык комиссия да келди. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин комиссиясы да иштеп жатат. Баардыгы төрттөн-бештен келип жатат.

Үч-төрт айдан бери тынбай комиссия келип жатат. Бирок эч нерсе тапкан жок. Бир дагы мыйзам бузуу болгон жок деп баары эле айтып жатат, бирок Жогорку Кеңештен улам эле кысым кылып атайын комиссияларды жиберип жатышат деп комиссиянын мүчөлөрү да нааразы болуп жатышат. Текшерсек баягыдай эле деп айтышат.

Ишибизге аябагандай катуу тоскоол болуп жатышат. Жогорку Кеңештин Адам укугу боюнча профилдик комитети жардам берип, адам укугун коргоп бизге түрткү болгондун ордуна кайра басынтканга аракет кылып жатышат. Ошого карабай парламенттин отурумунда сессияда кээ бир депутаттардын кылып аткан иштерин катуу айтайын деп жатам.

“Азаттык”: Айрым сайттарда, ар кандай маалымат каражаттарында сизди адилетсиз кадр саясатын жүргүзөт деп сындап жатышат. Атүгүл өзүңүздүн кээ бир кызматкерлериңиз да жыйындарды өткөрүп, билдирүү жасашкан эле. Муну кандай түшүндүрөсүз?

Турсунбек Акун: Мен келгенден баштап реформа жүргүзүп жатам. Реформа эч качан оңой өтпөйт. Ошого ылайык бир топ адамдар кетти. Жаңы структураларды иштеп чыктык. Анан мурдагы акыйкатчынын убагында иштеген адамдар бар экен. Мен аларга үч жылдан бери чыдап келдим. Такыр иштешпейт, жумуштан кетип калат. Мени менен айтышат, “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамды бузушат. Жумуш маалында келбейт, өзүнүн иштерин жасайт. Биз аларды бир жолу эскерттик, эки жолу эскерттик, сөгүш бердик. Бирок такыр болбой койгонунан, этика боюнча комиссиянын чечими менен кээ бирлерди жумуштан кетирүүгө мажбур болдук. Мунун баарын Жогорку Кеңештин комитетинин мүчөлөрү провокация кылып, иштен кеткендерди чакырып алып, “Турсунбек Акунга каршы момундай кылгыла, тигиндей кылгыла”, деп биздин Акыйкатчы институтунун жаманатты кылып, мени жумуштан кетирүүгө аракет жасап жатышат.

“Азаттык”: Парламенттин келерки отурумдарында жылдык баяндаманыз талкууга алынганы жатат. Калыс баасын алат деп ойлойсузбу?

Турсунбек Акун: Жогорку Кеңештин 120 депутаты бир комитеттин төрагасынын жана 2-3 мүчөсүнүн куралы болбошу керек. Депутаттар акылдуу, билимдүү адамдар. Жөн адам эл өкүлү болуп шайланбайт. Алар калыс баасын берет деген чоң үмүтүм бар. Бир жаман жери мына канча убактан бери, 1-апрелден баштап, жыйырма күндөн бери карабай келатат. Улам-улам карабай, түрдүү саясат менен алек болуп келатышат. Мен аларды түшүнөм, саясий маанилүү окуялар болуп жатат. Бирок өткөндө мен атайын баяндама жасасам ошол жерде 40тан ашуун депутат отурду, эч ким деле уккан жок, “Ар-намыстын” депутаттары коалицияга киребиз деп ошо менен гана алек болушту. Акыйкатчынын жылдык баяндамасы бир жылда бир эле жолу болот. Адам укугу боюнча маанилүү маселелер каралат. Ошондуктан депутаттар көңүл буруп койсо деген үмүтүм бар.

“Азаттык”: Сизди коргоп акциялар өтөт деп атышат. Өзүңүздү кайрадан көчө митинги менен коргоого мажбур болуп жатасызбы?

Турсунбек Акун: Мен өзүмдү коргоп акцияларды өткөрөйүн деген жокмун, мен мындай акцияларды такыр эле токтотуп келгем. Бирок алар өзү чыгып атат. Анткени Жогорку Кеңеш канчадан бери карабай келатат. Канчалаган текшерүүлөр болду. Жөнөкөй эле адамдар келип биздин ишибизге катуу тоскоол болуп жатканын көрүп атышат да. Анткени мага келген адамдар 4 саатка чейин кезекке туруп калып жатышат. Анткени текшерүүчүлөр кетпейт. Ошого жини келгендер Кыргызстан боюнча чыгабыз дейт, эми ал өздөрүнүн эрки. Бирок мен аларды колдоп же башка нерселерди жасоодон алысмын.

“Азаттык”: Жаңы Баш мыйзамга ылайык Акыйкатчы институтунун табияты өзгөрдү, парламентке баш ийиши керек деп айтып жатышат. Буга көз карашыңыз кандай?

Турсунбек Акун: Акыйкатчы институтунун табияты өзгөргөн жок. Бул парламенттик көзөмөлдү гана ишке ашырат. Кээ бирлер бул парламенттик орган деп атат. Бул парламентке баш ийбейт. Парламент кандай болсо, ошондой эле көз карандысыз институт. Ошол парламенттин адам укугуна байланыштуу чечимдеринин аткарылышын көзөмөлгө алат. Мен 2013-жылга чейин шайлангам. Дагы эки жылым бар. Бул жерде парламент кетирип салат деген жок. Анткени ал жерден ант берүүнү бузуу керек. Ал эми докладдын өтпөй калышы мүмкүн эмес. Анткени парламент аны көңүлгө алып коёт, жактырат. Көбү бул отчет, канааттандырарлык эмес деп баа беребиз деп атат. Парламент баа бере албайт.

“Азаттык”: Сиздин докладыңызда сөз көбүнчө Акыйкатчы институтунун ичиндеги чырлар боюнча жүрүп кетпейби? Ошол баяндамаңызда адам укугу боюнча эмнелерди айтайын деп жатасыз?

Турсунбек Акун: Адам укугу боюнча суроо берсе мен аларга жооп берем. Бирок мен ал чырлар боюнча эмес, адам укугунун абалы жөнүндө айтам. Мына мисалы милиция тарабынан жөнөкөй адамдардын укугу аябай тебеленип жатат. Андан сырткары атайын кызмат да кармалгандарды кыйнап жатат. Жакында түрмөдө отурган адамдар ачкачылык жарыялап, алардын жакындары нааразылык акцияга чыкты. Мамлекеттик органдардын баары коррупцияга батып жатат. Ошентип баяндамамда катуу айтайын деп жатам. Азыркы бийлик структарысы да начар иштеп жатат.

“Азаттык”: Рахмат.