Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Акыйкатчы менен парламент эмнеге араздашууда?


Кыргызстандын акыйкатчысы укук коргоо институтунун ишине парламенттин кийлигишүүсүнө жол берилбеш керек деп билдирди. Бул билдирүү анын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөндүгүнө байланыштуу айтылды.

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер комитети акыйкатчынын үстүнөн даттануулардын негизинде текшергени жатышканын айтууда.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун “Ар-намыс” фракциясынан депутат Дастан Бекешов Акыйкатчы институтун парламентке баш ийе тургандай жаңы мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгын айтууда.

- Бекешов мырза биз менен, өкмөттүк эмес уюмдар менен, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кеңешпей, Акыйкатчы институту жөнүндөгү эл аралык талаптарга жооп бербеген мыйзам долбоорун киргизди. Анда биздин гана куйругубузду кесип, парламентке гана баш ийген акыйкатчы кылып койгону жатат.

Адам укуктары уюмдарын парламентке баш ийдирүү аракеттери укук коргоо табиятына кайчы келе тургандыгын Турсунбек Акун буга чейин да билдирген болчу. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин Адам укуктар, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер комитети оболу акыйкатчыны кызматтан алуу боюнча атайын комиссия түзүүгө аракет кылган. Эми жаңыдан түзүлгөн комиссия анын ишмердүүлүгүн текшерет деп тактады акыйкатчы.

- Акматбек Келдибеков жөнөкөй эле комиссия түздүк десе, Бекешов кызматтан алуу боюнча атайын комиссия түзүүгө аракет кылды. Бирок кайра каралып жатып, жөнөкөй гана комиссия түзүлдү.

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер комитетинин төрагасы Дастан Бекешов 25-февралда акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда бошотуу демилгеси менен чыккан эле. “Комиссиянын түзүлгөнүнө Турсунбек Акундун үстүнөн түшкөн арыздар себепчи”,-деди Бекешов.

- Бизде пара алуу, алдамчылык боюнча көп арыздар бар. Комиссия ошол арыздарды текшерип, ушундай фактылар болгон, же болбогонун текшерип чыгат. Мындан тышкары кызматтан алуу боюнча да арыздар бар.

Дастан Бекешов акыйкатчыны парламент шайлагандыктан, ал Жогорку Кеңешке баш ийгени орундуу болмок деп эсептейт.

- Конституцияга ылайык, парламенттик башкаруу болуп жатпайбы. Ага ылайык, кандай гана болбосун акыйкатчы парламентке баш ийиши керек.

Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүн текшерүүчү депутаттык комиссия бир айдын ичинде тыянак чыгарышы керек. Баш мыйзамга ылайык, акыйкатчы парламент тарабынан беш жылга шайланат. Турсунбек Акун 2008-жылы февралда акыйкатчы болуп шайланган эле.

XS
SM
MD
LG