Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Казакстанда кыргызстандык мигранттардын маселеси козголду


Казакстандын Астанада шаарында акыйкатчы Турсунбек Акун кыргызстандык мигранттар менен жолугушуп алардын ал-акыбалы менен таанышты.

“Азаттык”: Астанага кандай максат менен бардыңыз эле?

Т. Акун: Бизде Адабият, искусство жана маданият боюнча коомдук кеңеш бар. Мына ошол кеңеш аркылуу декабрда Астанада Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата иш-чаралар болду, ошого бардым, кыргыз делегациясын баштап келдим.

“Азаттык”: Сиз ушундай маданий иш-чаралар менен эле чектелбей, ал жактагы кыргыз мигранттары менен жолугуп, маселелерди талкууладыңызбы?

Т. Акун: Ооба. Казак акыйкатчысы Аскар Шакиров менен жолугуштум. Сүйлөшүүдө Казакстандагы кыргыз мигранттарынын маселесин катуу койдум. Алматыда кыргыз мигранттардын балдарын окутпай кууп жатканы, дагы башка проблемаларды айттым. Мындай проблемалар көп. Мына мигранттар Орусиядан куулуп келди, эми Казакстанда ошондой болбойбу деп алдын ала сүйлөшүү жүргүздүм.

Андан сырткары кыргыз-казак акыйкатчылары эки тараптуу келишимге кол кое турган болдук.

Бул жерде башкы маселе – миграция маселеси. Казакстанда иштеп жаткан кыргыздардын абалын жакшыртуу, шарт түзүү боюнча, аларды куугунтуктоону токтотуу боюнча сүйлөштүк.

Түрмөдө жаткан кыргыздар бар. Ошолорду бошотуу боюнча казак акыйкатчысы колунан келген өзүнүн таасирин көрсөтө турган болду.

Андан кийин Казакстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолуктум, проблемаларын уктум. Элчи Жаныш Рүстөмбеков менен жолуктум.

“Азаттык”: Сиз менен жолуккан мигранттар кандай маселелерди көтөрдү? Алардын ал-акыбалдары азыр кандай экен?

Т. Акун: Алар эң негизи саясат жагынан кичине байкагыла дейт. Анткени айрым саясатчылар интервью берип, Казакстандын президенти жөнүндө туура эмес маалымат таратып, "чек ара менен чалабыз, Кара-Буурадагы суу сактагычты жаап салабыз" деген сөздөрдүн бардыгы бул жакта чоң зыяны тиет экен. Ошон үчүн биздин саясатчылар интервьюну сол-оң жактарын ойлоп бериши керек.

Анан дагы бир маселе Кыргызстандан мигранттар бул жакка документи жок, же башка бирөөнүн документи менен мыйзамсыз, акча берип өтүп жатат дейт. Казак чек арачылары да акча алып өткөрүп жиберишет экен. Ошолор келип алып, эч документи жок милицияга камалып зыянга учурап атат дейт.

Дал ошол Кыргызстан тарап мындай проблеманы жоюу үчүн ирээттүү иш-чараларды өткөрүшү керек дешти. Андан сырткары Казакстандын аймагында коомдук башталышта менин өкүлүм болмой болду.

“Азаттык”: Казак түрмөлөрүндө канча кыргызстандык жаран бар экен?

Т. Акун: Биз азыр муну так биле албай жатабыз. Азыр ушул боюнча толук изилдей баштадык. Мунун үстүндө элчилик да иштеп жатат.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG