Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Москвада мерт болгон мигранттын сөөгү жерге берилди


Аза күткөн үй
Аза күткөн үй

Москва шаарында 12-декабрда улутчулдардын колунан көз жумган Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Алишер Шамшиевдин сөөгү киндик кан тамган жерине жеткирилип, жерге берилди.

Москвада киши колдуу каза тапкан Алишер Шамшиев жаңы эле 37ге толгон. Маркумдун артында эки уулу жетим, аялы жесир калды. Ал 11 бир туугандын улуусу болгондуктан инилерин ишке тартып, баарына баш-көз болчу. Кайгы басып отурган атасы Илатип Шамшиевдин кайгысына чек жок:

- 4 уул, 7 кызымдын улуусу эле. Москвада курулушта иштеп жүргөн. Балдарымдын көбү эле ошол жакта эле. Алардын баарына Алишер жардам берип, каралашып турчу. Бир жакшы иштеп жүрдү эле. Минтип кырсык басып ушул акыбалга туш келди. Алланын тагдыры экен, өлүм ушинтип келип калды...

Ноокат районунун Кайрагач айылында туулган Алишер Шамшиев 10 жылдан бери Москва шаарында иштеп келаткан. Түзүгүрөөк иш тапкандан кийин бул жактан балдары менен аялын да жанына алып барган. Өзүнө жетээрлик каражат таап алгандан кийин “Кыргызстанга келип үй салып, эл катары тиричилигимди өткөрөм” деп кыялданып калчу экен. “Бирок кыялы орундалбай калды” дейт маркумдун иниси Улукбек:

Улукбек Шамшиев
- Мен да Москвада болчум. 12-декабрда ошол кырсык болгон күнү мен андан алыс болчум. Метронун оозунда акемди жанагы скинхеддер бычактап кетишиптир. Бала-чакасы, аялы Москвада болчу. Эми минтип эки баласы атасыз калды. Бири 16 жашта, бир 6 жашта... Ушул бала-чакасын багайын деп, үй-жайын тыңдайын деп барган эле. Эми минтип сөөгүн алып келип, жерге берип жатабыз...

Улукбектин айтымында, агасынын сөөгүн мекенине алып келүү кыйла кыйын болгон. Ошол жердеги айылдаштары акча чогултуп, бардык чыгымын көтөрүп беришкен. Ошентсе да Улукбек Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине арыз жазып таштап келген. Ал элчилик жок дегенде жарым чыгашаны көтөрүп берер бекен деп үмүт кылып турат:

Алишер Шамшиевдин атасы Илатип Шамшиев
- Акемдин сөөгүн алып келгенге биздин өзүбүздүн айылдын балдары акча топтоп берди. Биз беш адам келдик, ошонун баарына жардам беришти. Өкмөт тарабынан бир тыйын жардам болгон жок. Бирок үмүт кылып, биздин элчиликке арыз таштап келгем. Чыналиев Улукбек деген биздин элчибизге. Эми жардам берип калаар бекен деп жатам.

Үй-бүлөдөгү мындай каргашалуу окуяга карабай маркумдун кыркылыгы өткөндөн кийин анын жакындары кайрадан Орусияга кетерин айтышууда. Ал жактагы кооптуу абалга карабай тиргилик үчүн иштөөгө туура келет. Алишер Шамшиевдин жакын тууган Абсамат Имаров мындай деди:

Алишер Шамшиевдин артында 16 жаштагы уулу Аскат жана 6 жашар баласы Бектур калды.
- Бардыгыбыздын балдарыбыз талаада жүрөт. Кимге зарыл бул? Ойногонубуздан кетирип жатат дейсиңби аларды. Ушул жоктуктун айынан иштеп жүрүп, минтип инибиз бейкүнөө бычак жеп өлүп келип отурат. Биздин бийлик эмне кылып атат? Ошол мигранттарга шарт түзүп бербейби? Коргобойбу? Канчалаган адамдардын каны төгүлүп атат. Биздин чоңдор, биздин ошол төбөлдөр өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп, кресло талашпай, элдин камын ойлосун. Болду эми жетишет...

Ош облустук миграция комитетинин маалыматы боюнча, 2010-жыл облусунан 56 миңден ашык адам сыртка, алардын 43 миңден ашыгы Орусияга чыгып кеткен. Айрым булактарга ылайык, быйыл эле Ош облусунан 12 адам сырттан каза болуп келгенин айтууда.

Кыргызстандык айрым маалымат агенттиктери Оpусия прокуратурасына шилтеме жасоо менен кыргыз жараны Алишер Шамшиевди өлтүргөн деп шектелген 14 жаштагы өспүрүм кармалганын кабарлады.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG