Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Мыйзамсыз мигранттарды кулчулук тооруп турат


Москвадагы кыргыз мигранттары.
Москвадагы кыргыз мигранттары.

Мыйзамсыз миграциянын натыйжасында Кыргызстандан жыл сайын беш миңдей адам кылмыштуу топтордун торуна түшүп, кулчулукка кабылып жатат.

Бирок адам сатууга кыныкка кылмыштуу топтордун кымындай гана бөлүгү жоопко тартылууда.

Бул жөнүндө адам сатуу кылмышына бөгөт коюу маселеси боюнча Ысык-Көлдө өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн регионалдык форумунда айтылды.

Кыргызстандын эмгек жана миграция министри Айгүл Рыскулова адам сатууга кыныккан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү, кармоо жана жазалоо иштеринин натыйжалары жана кыйынчылыктары жөнүндө "Азаттыктын" суроолоруна жооп берген.
Былтыр кулчулукка кабылган 143 адам эл аралык уюмдардын жардамы менен кутулуп келди. Алар Түркиядан, Араб Эмираттарынан, Россиядан, Казакстандан алынып келинди.

- Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматы боюнча жылына Кыргызстандан беш миңдей адам кулчулукка кабылып жатат. Ошол эле учурда адам сатууга бөгөт коюу, бул кылмышка кыныккандарды кармоо, жазалоо боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин натыйжасы кандай болуп жатат?

- Былтыр кулчулукка кабылган 143 адам эл аралык уюмдардын жардамы менен кутулуп келди. Алар Түркиядан, Араб Эмираттарынан, Россиядан, Казакстандан алынып келинди. Ошолордун сексен пайызы жыныстык эксплуатация эмес, эмгек эксплуатациясы болуп жатат.

Бул абдан курч маселе болуп кетиши мүмкүн, анткени бүгүнкү күндө мыйзамсыз кетип жаткан эмгек мигранттарыбыз көп.

Мыйзамсыз кетип жаткан адам башка мамлекетке киргенден кийин коркунуч тооруган биринчи объект болуп калат. Анткени эмгек акысы, жашаган жери чечилбей, кылмыштуу топтордун колуна түшүп калышы мүмкүн. Аларды алдап алып барып, акы төлөбөй иштеттириши мүмкүн. Мунун алдын алуу үчүн биздин аракетибиз - элге жеткиликтүү маалымат таратып, мигранттардын легалдуу кетишин камсыз кылуу болуп саналат.

- Адам сатуу факты боюнча козголгон кылмыш иштеринин канчасы сотко ашып жатат, аларды иликтөө-тергөө иштеринин сапаты жөнүндө эмне айталасыз?

- Былтыр 140ка жакын кылмыш иши козголсо, ошонун болгону жыйырмадай кишиси соттолду. Бул ондон бири гана жоопко тартылууда дегендик. Эми сотко жеткен ушул болуп жатат. Анткени сот системасында соттук тажрыйба жетишпегендиктен, ИИМ жана прокуратура системасындагы тергөөчүлөр көп иштерди алып кете албай жатат.

Кылмыш Кодексинде адам сатуу кылмыштары үчүн жазалоо чаралары каралган беренелер болгону менен аларды колдонуу механизмдери, комментарийлери жок болуп жаткандай. Ошондуктан милиция жана прокуратуранын тергөөчүлөрү менен өзүнчө иш жүргүзүү керек.

- Коңшулаш Казакстанга тамеки плантациясына иштегени баргандардын арасында кулчулукка кабылган мисалдар көп учурап жаткандай болду эле.

- Азыр сейрек болуп калды. Казак үй-бүлөлөрүндө көп жылдар бою тамекиде иштеп, же мал багып, малай болуп жүргөн кыргыздардын көбүн алып келгенбиз. Ошондо сигналдар көп түшкөн.

Быйыл Казакстандан ушундай маселе боюнча бир гана арыз түштү. Текшерип көрсөк, убагында эмгек акысын төлөп бербей койгон маселе болуп чыкты. Былтыркы түшүмүн жакшы өткөрө албай калып, ошол себептүү ошол жерде калып калган факт экен. Казакстан менен биз иштеп атабыз. Адам сатуу проблемасы Казакстандын өзүндө да курч турат. Ошон үчүн казак өкмөтү да бул тарапта дагы көп иштерди жасоого тийиш.

- Түштүк Кореяга турмушка чыгабыз деп барып, диний тоталитардык секталардын торуна түшүп кулчулукка кабылган кыз-келиндер жөнүндө да көп айтылууда. Ушул өлкөгө барып жаткан кыргызстандык кыз-келиндердин тагдырына көңүл бурулуп жатабы?

- Менде андай маалыматтар жок. Бирок биздин кыз-келиндер бул жакка турмушка чыккандыгы жөнүндө фактылар бар. Кореянын миграция кызматынын расмий билдиргенине караганда, 2800 кыргызстандык Кореянын ичинде мыйзамсыз жүрөт. Билесиздер, биздин спортчулар дагы барып калып калган фактылар бар. Бирок биз үч жылдан бери Түштүк Кореяга жумушка легалдуу түрдө жөнөтүп жатабыз. Ал жакшы натыйжаларды берүүдө. Бирок ошол эле убакта тобокелге салып, туристтик визалар менен барып, ошол жакта калып калгандар бар. Ошол жерде легалдашканга аракет жасап, жергиликтүү корейлер менен жалган никеге туруп жаткандар да бар.

XS
SM
MD
LG