Шадиев: 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Биринчи вице-премьер-министр, парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин мурдагы төрагасы Аскарбек Шадиев Чыңгыз Айтматов сыйлыгына бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы боюнча түшүндүрмө берди. Анын ишендиришинче Жогорку Кеңештин эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров “бюджетте акча жок калат, сыйлыктын акчасын эрте бөлүү керек” деп шаштырган. Шадиев уурдалган акча үчүн кол койгонуна өкүнөрүн, УКМК суракка чакырса барарын билдирди.