Элдикин мамлекеттен талашкандар

Бишкектин батыш тарабында жайгашкан Шопоков шаарчасындагы 2003-жылы менчиктештирилип кеткен эки кабаттуу бейтапкана азыр коммерциялык негиздеги балдар бакчасына айланган. Жакында парламентте бул имарат мыйзамсыз менчиктештирилген деген кине айтылды.

Эгемендик жылдардан баштап Кыргызстанда жалпысынан 7 миңден ашык мамлекеттик объект менчиктештирилип кеткен. Алардын кыйла бөлүгү социалдык имараттар. Акыркы жылдары алардын 61и гана мамлекетке кайтарылды.

Жеке колго же мамлекеттик башка мекемелердин карамагына өтүп кетип, максатсыз пайдаланылып жаткан социалдык объектилерди кайра өз дарегине кайтаруу аракеттери жүрүп жатканы менен, тоодой тоскоолдуктар да орун алууда. "Азаттык" ушул теманы ар кыл өңүттө иликтеп көрдү.

Маселен, Шопоков шаарындагы 2003-жылы менчиктештирилип кеткен эки кабаттуу мурдагы бейтапкана азыр коммерциялык негиздеги балдар бакчасына айландырылган. Кыргызстандагы Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева аялдардын кризистик борборун ачуу тууралуу долбоорунун негизинде АКШнын Бишкектеги транзиттик базасынын каржылык колдоосу менен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, 2010-жылы аны расмий ачкан. Жакында бул имарат мыйзамсыз менчиктештирилди деген кине парламент имаратында да жаңырды. Имараттын жагдайын билүү үчүн кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов Шопоков шаарчасына барып келди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бизнеске айланган бейтапкана

2003-жылы менчиктештирилип кеткен Ош шаарындагы кургак учукка каршы балдар борборунун бир имаратынын талашы 3 жылдан бери чечилбей келет. Учук борборунун азыркы жетекчилиги имарат мамлекетке кайтарылышы керек дешсе, менчик ээлери мүлктү мыйзамдуу сатып алганын жүйө тартышууда. Бул арада Ош шаардык муниципалдык башкармалыгынын жетекчилиги акыркы чечим сот тарапта деп кол куушурат. Кененирек аймактык кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош: үч жылдан бери талашы бүтпөгөн оорукана

Жалал-Абадда кезегинде менчиктештирилип кеткен 57 бала бакчанын бүгүнкү күндө 16сы мамлекетке кайтарылды. Калган имараттардын көпчүлүгүндө күч түзүмдөрүнүн райондук, шаардык бөлүмдөрү жайгашып турат. Даректүү пайдаланылбаган имараттардын катарында медициналык мекемелерге таандык жайлар да бар. Социалдык объектилерди өз дарегине кайтаруу аракеттери облуста кандай жүрүп жатат? Аймактагы кабарчыбыз Руслан Калматов токтолот.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад: "дарексиз" кеткен имараттар

Ысык-Көлдө совет мезгилинен калган көптөгөн балдар лагерлерине таандык мамлекеттик имараттар эгемендиктен кийин пансионаттарга айланып, жеке адамдардын кызыкчылыгына кызмат кылып калды. Адистер аларды кайра өз даректерине кайтаруу дээрлик мүмкүн эмес дешет. Теманы аймактык кабарчыбыз Мария Коленикова улантат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Пансионатка айланган балдар лагерлери

Эгемендик жылдардан баштап Кыргызстанда жалпысынан 7 миңден ашык мамлекеттик объект менчиктештирилип кеткен. Жеке колго өтүп кеткен имараттарды кайра мамлекетке өткөрүүнүн машакатына кабарчыбыз Токтосун Шамбетов токтолот.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мамлекет менчигин кайтара албайт жатат