Балдар проблемасын эл аралык уюмдарга оодарып салдык

Шахтада иштеген балдар

ЮНИСЕФ кыргызстандык балдарга 1,5 миллион доллар чогултуу үчүн дүйнөлүк коомчулукка кайрылууда.
Кыргызстандагы балдардын социалдык абалына, ден соолугуна, билим алуусуна арналган “Арай көз чарай” талкуусунун катышуучулары: “Балдарды коргоо борборунун” адис кызматкери, балдар психологу Таалай Жакыпов жана Оштогу “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук борборунун жетекчиси Зейне Эшмуратова катышты.

“Азаттык”: Ошол эле эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча Кыргызстанда 40 миңден 70 миңге чейинки бала мектепке барбайт. Таалай мырза, буга ким күнөөлүү?

Жакыпов: Буга жооп издөөнүн өзү татаал нерсе. Бирок ошол эле мезгилде коомдун өзүндө болуп жаткан социалдык-экономикалык процесстер балдарга да таасирин тийгизбей койбойт.

ЮНИСЕФ чогултуп аткан акча тууралуу айтсам, ошол уюм аркылуу чогулуп, Кыргызстанга алып келинген акча мурдагыдай эле кумга сиңген суудай жок болбосо экен деген тилек бар.

Балдарга мамлекет өзү да кам көрүшү керек, бирок биздин мамлекет көбүнчө социалдык жактан оор абалдагы балдарды жалаң эл аралык уюмдардын мойнуна жүктөп койду. Мисалы, эл аралык уюмдар менен ошол эле мектепке барбаган балдарды иликтеп, аларды партага кайтаруу аракеттери эл аралык уюм тарабынан каржыланган долбоорлор бүтөрү менен токтоп калууда.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Эшмуратова: ЮНИСЕФтин Кыргызстанда жасап жаткан иштери өтө чоң деп айта алам. Мурда балдарга тиешелүү жеткиликтүү мыйзам болгон эмес, жакынкы жылдардан тартып, Балдар кодекси кабыл алынгандан бери, Кыргызстанда мамлекеттик балдар үйлөрүндө, интернат тибиндеги жайларда балдардын санын азайтып, буларга альтернативалуу мекемелерди түзүүдө бул уюмдун ролу чоң.

Балдарды талапка ылайык багып-чоңойтуу, билим берүү, ден соолугуна кам көрүү ата-энеден тартып, ар бир район-шаарлардагы жергиликтүү бийликтердин милдети болууга тийиш. Албетте буга көп каражат керек болот.

Бүгүнкү күнү ата-энеси бар туруп, алардын мээримине тойбой чоңоюп келаткан балдардын мууну өсүп келатат. Булар ата-энелери миграцияда жүргөн балдар, алардын маселеси тууралуу өзүнчө сөз кылууга арзыйт.