Үштү алган үй талаш

Жашаган үйү талашка түшкөн үй-бүлө.

Сокулуктун Лесное айылындагы алты балалуу үй-бүлө убактылуу баш калкалап жаткан үйүнөн ажыраганы турат.
Чүйдүн Сокулук районундагы Ат-Башы айыл аймагына караштуу Лесное айылынын жашоочулары Токтосун Алымкулов менен Венера Рыспекованын чиедей болгон 6 баласы бар. Бул бүлөдөгү жубайлардын экөөнүн тең паспорту, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Батирден-батирге көчүп жүргөндө күйүп жок болгон. Какаганга муштаган болуп 14 жаштагы улуу баласы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Эми болсо бир жылдан бери баш калкалап келаткан үйүнөн айрылганы турушат.

Айласы кеткен ата-эне

Мурда ар кайсы жакта көчүп-конуп жүргөн бул үй-бүлө аталган айылды акыркы алты жылдан бери байырлап келишет. Алар турган 3 бөлмөлүү үй Виталий аттуу орус улутундагы адамдын жеке менчиги болгон. 2011-жылы анын көзү өткөндөн кийин үй бир жылча ээн турган. Мындан бир жыл мурда көп балалуу, турмушу кыйын бул бүлөгө боору ачыган адамдар аталган үйдө жашап тургула деп маселени элге салып чечип беришкен.

Алты баланын энеси Венера Рыспекова биз барганда айыл өкмөтү 1-апрелге чейин үйдү бошоткула деп кеткенин көзү жашылдана айтып отурду:

- Балдарымдын баары жаш, кичүүсү 6 айлык. Бараар жерибиз жок. Үйдө карандай чай менен эптеп жашап жатабыз. Бул маселе боюнча акимге, айыл өкмөткө бир нече жолу кайрылгам. Болбой эле бошоткула деп кубалап жатат. Жок дегенде акчасын бөлүп төлөп, сатып алалы десек да көнбөй жатышат. Бул үй кароосуз калганда көчүп келип, кыйла жерин оңдогонбуз. Эми эмне кыларыбызды билбей калдык.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айласы кеткен ата-эне



Өзүнүн өңгөлөргө окшобогон каршылык акциялары менен таанымал болгон укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров да мына ушул Лесное айылында жашайт. Ал эптеп корголоп жашап жаткан үй-бүлөнүн турагын талашкан айыл өкмөтүнө түшүнбөйт. Анын маалыматы боюнча, айыл жетекчилиги жеке кызыкчылыктан улам кожоюну жок үйгө ээлик кылууну көздөп жатат.

- Ат-Башы айыл өкмөтүнө таң калам. 6 баласы менен эптеп жашап жаткан үй-бүлөнүн абалын көрбөй жатышабы? Чын-чынына келгенде бул көзү өтүп кеткен орустун үйү. Башка имарат калбай калгансып, ушуну кеңсе кылабыз деп жатышат. Айыл эли кол топтоп туруп, буларды ушул үйгө киргизип койгонбуз. Айыл өкмөттүкү туура эмес.

Ээсиз үйдөн кеңсе издеген айыл өкмөт

Мына ушундай жүйөөлөрдөн кийин аталган айыл курамына кирген Ат-Башы айыл аймак башчысы Азизмамет Сейталиевге кайрылдык. Ал көчө кыдырып иштеген айыл башчысы менен светчиге боору ооруп, аталган үйдү аларга кеңсе кылууну көздөп жаткан экен. Айыл башчысы Алымкуловдордун үй-бүлөсү каттоого турса маселеси караларын айтууда.

- Биринчиден, булар эч кандай каттоого турушкан эмес. Экинчиден, алар убактылуу жашап жаткан үйдү менчиктегиси келип жатат. Эл деп 5-6 кишиге эле жамынып жатышат. Айыл эли менен чогулуш кылганда кеңсе кылууга көпчүлүк макулдугун берген. Негизи бул сыяктуу үй-бүлөлөр айылда толтура. Эгер буларга берсек, эртең башкалары да чыгат да.

Ал эми кара жумуш кылууга жарабаган майып экенин айткан бул үй-бүлөнүн башчысы Токтосун Алымкулов каттоого эмне үчүн тура албай жатканын мындайча түшүндүрдү.

- Документтердин жогунан жумушка да орношо албай жатам. Паспорт алайын десем акча жок. Ар кимдин жумушун жасап тапкан акчаны эптеп балдардын нанына жеткирем.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ээсиз үйдү кеңсе кылабыз



Айыл өкмөтү аталган талаш үйдү өкмөттүн карамагына өткөрүү боюнча райондук сотко кайрылган. Азыр сот чечимин күтүп жатышат. Ал эми укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров баштаган айыл эли кароосуз калган үйдү кыйналган үй-бүлөгө каттата албай убара. Алар бул үчүн кол топтоп да беришкен. Укук коргоочунун айтымында, кийин үйдү талаша тургудай көзү өтүп кеткен үйдүн чыныгы ээсинин туугандары деле жок. Канткен менен бул маселе эми сот аркылуу чечилгени калгандай.