Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:52

7 баланын энеси: Тилегиме жеттим


Аксынын Кербен шаарында жашаган 26 жаштагы Нурзада Кожобекова жакында үч эм бала төрөп, 7 баланын энеси болду. Бирок Баатыр эне наамын ала элек.

26 жаштагы Нурзада Кожобекова өлкөдөгү эң жаш Баатыр эне болуп калышы мүмкүн. Анткени жакында үч эм бала көргөн келин 2005-жылы эгиз кыз жана 2008-жылы эгиз уул төрөп, жети баланын энеси болуп отурат. Бирок ага ардактуу ушул наамды ыйгарууга зарыл документтери такталууда.

Нурзада үй-бүлөсү менен бир бөлмөлүү батирди ижарага алышкан. Үч эм бала төрөлгөндө Аксы райондук бийлиги менен Кербен айыл өкмөтү материалдык жактан жардам беришкен:

- Бул үч эмдин аттары – Жаныш, Байыш, Үпөл. Үчөө тең жакшы, салмагына салмак кошулуп атат. Ооруп аткан балам да жакшы болуп калды, Жалал-Абаддан врачтар келип көрүштү. Бир врач өз жанынан дары алып берди. Бүгүн булар буйруса эки айлык болду. Азыр жети баланы күйөөм экөөбүз эле карап атабыз. Кыйынчылык башыбыздан өтүп атат. Чыдайбыз да. Азыр тогузубуз бир бөлмөдө отурабыз, айына беш жүз сомдон төлөйбүз. Мен жаш кезимде эгиз кыз төрөп, аларга жынсы, кызыл беретка кийгизип, ээрчитип келсем дечү элем. Кудай ошо тилегимди берди. Эми азыр жашында кыйналып атабыз, бир аз чоңоюшса, өзүбүздү өзүбүз эптеп калабыз. Сүт жетишпейт үчөөнө, экөөнө жетмек.

Нурзаданын жолдошу Урмат Темирбаев да бөбөктөрдү багышып, иштебей калды. Эгиз кыздары Батма менен Зуураны мектепке, эгиз уулдары Асан менен Үсөндү бакчага жеткирип, кайра алып келүү да эми Урматтын мойнунда болуп калган.

- Тамга муктаж болуп турабыз. Батир бөлүп берсе жакшы болот эле. Тогузубуз бир бөлмөдө жатабыз, тыгылышып. Бардык жакка кайрылып атабыз, районго, облуска. Эч жагынан чечим чыкпай атат, жардам жок. Күнү-түнү каралашам, ошон үчүн жумуш деле жок болуп калды. Мурда базарда, курулушта иштечүмүн. Тамагын бышырып беребиз. Кийимдерин машинага жууйбуз. Кредит алып иштетчү элек, эми бала менен болуп калып, иштей албай, насыяны төлөй албай атабыз. Дүйшөмбү күнү ушул айдын насыя бөлүгүн төгүшүбүз керек эле.

Калк арасында эгиз бала көрүү урпактан урпакка уланат деген аңыз кептин чындыгы бар окшобойбу. Анын сыңарындай, Нурзада Кожобекованын атасынын бир туугандары да эгиз болушкан экен. Урматтын абалары да эгиз болгон:

- Түнкүсүн көп ыйлашат. Түнкү саат он экиде барып жатабыз да, таңкы саат беште турабыз. Түндө уктабайт. Саатма-саат туруп үчөөнү эмизем.

Көп балалуу жаш үй-бүлө учурда үйгө жана жардамга муктаж. Нурзаданын айтымында, жети балага тийген жөлөк пул жада калса үч эм наристелердин кошумча тамагына да тартыш болууда. Андан калса Урмат алган насыянын да төлөө мөөнөтү келип калган. Карыздын үстөк пайызын кантип төлөшөөрүн билбей турушат:

- Мен жети балама 2900 сом жөлөк пул алам. Балдарымдын самынына жетсе, тамагына жетпейт. Nan деген кошумча сүт болуучу тамактын эле бир кутусу 800-850 сом. Бир кутусу сегиз күнгө жетет. Эми ушул тамагына жардам берсе деп ойлоп турам. Эч кандай жардам жок. Социалдык жардам деген мекемеге "жардам барбы, жети балам менен кыйналып атам", - десем, "эч кандай жардам жок, Кудай деп багып отура бер", - деп директору айтты.

Жергиликтүү бийлик бул үй-бүлөгө үй берүүнү мамлекеттик комиссияга сунуштаган. Азыркы учурда анын документтери даярдалууда. Губернатордун орун басары Жумагүл Эгембердиева үч эм жана эгиздерди төрөгөн энелер өкмөттүн камкордугунда болоорун айтты:

- Мына, тизмеде турат. Кожобекова Нурзадага үч бөлмөлүү үй берүү тууралуу мамлекеттик комиссияга сунуш эткенбиз, мамлекеттик колдоо иретинде. Мындай уникалдуу окуяны облус да, өкмөт да кубаттайт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG