Жоокердин анты

Бишкектеги Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментине быйыл 237 жоокер кызмат өтөөгө алынган. 

Аскердик жүрүш. 

Ант берүү. 

Ант берүү аземине жоокерлердин жакындары да чакырылды.

Кыргызстанда аскердик кызмат өтөө мөөнөтү бир жыл.

Ант берүү аземине жаш жоокерлердин балдары да келген. 

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокерлери соттолгон адамдар жазасын өтөп жаткан түзөтүү мекемелерин кайтаруу, сот процесстерин камсыздоо, аларды сот мекемелеринен тергөө абактарына, ал жерлерден түзөтүү мекемелерине атайын автоунаа менен ташуу милдеттерин аткарышат. 

Ант берүү учуру. 

Уулун көрүүгө келген эне. 

Бишкекте ант берген аскерлер Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт департаментинде кызмат өтөшөт.

Салтанатта жоокерлер аскердеги машыгууларды да көрсөтүштү.

Кыргызстандын армиясы 2018-жылкы дүйнөлүк рейтингде 136 өлкөнүн ичинде 91-орунду ээлеген. Мындай маалыматты "Global Firepower" аскердик-аналитикалык порталы жарыялаган.

"Global Firepower" уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда аскерде кызмат өтөгөн адамдардын жалпы саны 13 миң 700 кишини түзөт.

Ант берүү салтанатынан кийин аскерлер жакындары менен жолукту. 

Ант берген аскерлер бир күндүк эс алууга тарашты.  

Жаш жоокер досторунун коштосунда. 

24-ноябрда аскер кызматына жаңы киришкен 237 жоокер Ант берди. Ант берүү аземи Бишкектеги Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде өттү.