Лейтенанттын сырдуу өлүмү

18-июлда Талас районундагы 2029-аскердик бөлүктүн ага лейтенанты Айбек Эстебесов жумуш ордунда атылган октон улам көз жумган.
Аталган окуя боюнча Аскер прокуратурасы иш козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат. Аталган аскер бөлүгүнүн жетекчилиги Эстебесов өзүн-өзү атып жан берген дешсе, маркумдун жакындары муну четке кагууда.

2029-аскер бөлүгүнүн рота башчысы, ага лейтенант Айбек Эстебесов 18-июлда эртең мененки саат ондор чамасында нөөмөттө турганда өз кеңсесинде атылган октон жан берген. Окуяга күбө болгон аталган аскер бөлүгүнүн штаб башчысы Илгиз Талипов көргөн-билгенин “Азаттыкка” мындайча айтып берди:

- Окуя ушул жерде болгон. Мен эртең менен саат жетиде жумушка келсем ыкчам кызматтын жетекчиси Жакыпбеков мага “отряд тизилди, ага лейтенант Эстебесов ичип алыптыр” деп доклад берди. Чын эле ичип алган экен: аракпы, пивобу, айтор эмне ичкени белгисиз. Мен келсем ушул бөлмөнү ичинен кулптап отуруптур. "Айбек, эмне болду? Чыкпайсыңбы" десем үнү таарынгандай чыкты. Сыртка чыккысы келген жок. Ошол бойдон "бирөө-жарым кирсе атам" деп коркутту.

Полковник Талипов андан ары окуя кандайча өнүккөнүн мындайча баяндады:

- Жакын санаалаш аскерлерден бир-экөө келип сүйлөшсө, аларды да уккан жок. Алар ушул эшиктин чет жагында турушту, атып жибербесин деп. Мен ачкыч салган тешиктен караганда столдун үстүндө “Наше пиво” пивосун ичип отурган. Тигилер куралыңды тапшыр, сүйлөшөлү десе жиндеп ок чыгарыптыр. Ошону менен ата баштады. Балдар сүйлөсө эле “жакын жолобогула, эшикти ачсаңар атам, спецназдарды терезеден түшүргүлө, аларды да атам” деп кыйкырып атты.

Талиповдун айтымында, бөлмөсүн жаап отурган Айбек Эстебесов менен болгон сүйлөшүүдөн жыйынтык чыкпай, үйүнөн ага лейтенанттын ата-энесин алдыртып, алар сүйлөшүүнү улантышкан.

- Апасы “мен түз эле кирип барам” деди. Бирок "апа, кечиресиз, жабылып турган эшикти түртүп жиберип, атып жибербесин. Бул жерден эле сүйлөшүңүз" дедим. Анан ал ушул жерде туруп, “балам, күчүгүм” деп сүйлөшкөн. Бирок уулу эч кандай жооп кайтарган жок. Анан бул жердеги балдар "ыйдын үнү угулуп жатат" дешти. Апасы тиги жакта отуруп, "күтө туралы, чарчап уктап калаар" деди. Андан кийин эле катуу эмес добуш чыгып, тарс этип бир нерсе кулады. Балдар эшикти тээп кирип барышса эле жерде жаткан экен. Ок жүрөккө тийиптир.

Жакындары башканы айтат

Деген менен маркум Айбек Эстебесовдун апасы Фатима Эстебесова жогоруда айтылгандарды четке кагууда. Ал атылган октун үнүн укпаганын белгилеп, окуяны мындайча сүрөттөдү:

- Биз барганда суз кабыл алышты. “Өйдө чыкпаңыз, атат” дешти. Эмне үчүн атаарын сурасак, "туш-тушка эле атып жатат” дешти. Биз биринчи кабатта 15 мүнөт турдук, ок деле чыккан жок, аткан жок. Экинчи кабатында дагы 15-20 мүнөттөй кармап турушту. Өйдө чыксак офицерлерби, айтор жалаң формачандар туруптур. Атылды деген октон дайын деле жок. Аңгыча командири телефон менен доклад жасап жатат “ата-энесин алдырдык, Эстебесов болсо оңду-солду мылтыгы менен атып жатат” деп. Ок чыкса угулмак, биз ал жерде 1 сааттай турдук.

Буркурап ыйлаган эне бир аз дем алып, сөзүн андан ары улады:

- Аңгыча дүңк деген бир үн чыкты. Мылтык деген андай угулбайт да, тарс деп чыгат. Анан эле жилет кийген спецназдар эшигин тепсе эле ачылды, кыйратып деле кулптанбаптыр. Кирип барсак эле балам айнекти караган боюнча көмкөрөсүнөн жатыптыр, ары жагынан мага кан көрүндү. Балам өлүп калган го деп барганча эле эки бала барып, бери каратса башы шалактап, көзү каңтарылып калыптыр. Балам кандын үстүндө экен. Өлгөнүнө көп болуп калса керек. Жете албай калдым, экөө келип мени сыртка сүйрөп кетти.

Аскер бөлүктүн кызматкери Илгиз Талипов кансыраган офицер Айбек Эстебесовду Талас шаарындагы ооруканага алып кеткенде жүрөгү согуп жаткан десе, Талас шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Өмүркул Бекешов маркум Айбек Эстебесов аталган бөлүмгө жеткенче эле көз жумганын айтат:

- 18-июлда саат 10-45те Эстебесов Айбектин денесин биздин бөлүмгө алып келишкен. Ал келгенде эле өлүп калыптыр, эч кандай жан жок. Жан берип, денеси муздап калыптыр. Анткени денесинде тактар пайда боло баштаган.

Ага лейтенант Айбек Эстебесовдун табышмактуу өлүмүнүн түйүнүн анын жакындары, кесиптештери алигүнчө чече албай жатышат. Алардын айтымында, Айбек көз жумгандан эки күндөн кийин капитан чинин алмак экен.

Максаттары көп эле...

2029-аскер бөлүгүнүн командиринин тарбия иштери боюнча орун басары Эрнур Биримкуловдун ою боюнча, аскер адамдары социалдык жактан камсыз болбогондуктан оор турмуш ушундай жолго жеткирүүдө:

- Биринчиден, статистика боюнча, бул - өзүнө-өзү кол салуу. Жаны кыйналганда адамдар кимдир бирөөнү коркутам деген ой менен бул жолго барышат. Менимче ушунун баары эле оор турмуш, кыйынчылык, айлык акынын аздыгы күнөөлүү. Социалдык жактан турак жай менен камсыз болбогону да бир себеп. Бир жылдын ичинде эле 4-5 жерге батир которушуптур. Акча маселесин чечиш керек.

Бирок маркумдун жубайы Гүлира Кудайбергенова жогорудагы пикирди четке кагат. Анын айтымында, жолдошу каражат жагынан анчалык деле кыйналган эмес. "Тескерисинче жашоого болгон үмүтү чоң эле" деп эскерет жубайы.

- Ушуга чейин жолдошум жөнүндө кимден гана сурасаң мактоо гана укчусуң. Өлгөндөн кийин бир күндөн кийийн эле жаманаттыга чыгарышты. 18-июль күнү таң атпай өзү сүйлөшкөн, мен төркүнүмө тойго кеткем. 17-июлда да сүйлөшкөм, жакшынакай эле болчу, "нарядда болуп калдым, баралбайм, үйдөгүлөрдөн кечирим сурап кой" деген. Кыздар айылда болчу. "Айылга келип кал, кечке маал барам" деген. Айылга келип эле ушул нерсени укпадымбы.

Маркум акыркы күндөрү жубайына алдыдагы чоң максаттары бар экенин байма-бай айтып турчу экен.

- "Капитан алам, коррупцияны жойом” - эки сөзүнүн бири эле ушул болуп калган. “Жумушта бирөө ушуну кылбаса, эч ким жасабайт экен” деп эле көп айтып калчу. “Муну мен жасабасам эч ким кылбайт” дечү эле. Азыр аны айтсам үстүнөн басып коюшуп жатышат.

Аталган өлүм фактысы боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козголгонун Бишкек шаардык гарнизонунун аскер прокурору Азамат Мамбетов “Азаттыкка” билдирди:

- Бул факты боюнча соттук-медициналык жана баллистикалык экспертиза дайындаганбыз. Учурда алардын жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Бирок соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтпөйбүз го. Анткени маркумдун ата-энеси денесин сойгонго уруксат бербей койгон. Аталган аскер бөлүгүн текшерип жатып башка бир жагдайды таап, анын орун басарына иш козгоп, жоопко тартканы жатабыз. Анткени ал катардагы жоокерлерди үйүнө алып барып иштеткен экен.

Айбек Эстебесов 1985-жылы Талас районунун Таш-Арык айылында туулган. Аскер окуу жайын бүтүргөндөн кийин Кемин, Кара-Буура райондорунун чек ара бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн.

2010-жылдан баштап Талас районунун Көк-Ой айылында жайгашкан 2029-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, үстүбүздөгү жылдын 18-июль күнү кызмат ордунда атылган октон көз жумган. Анын артында чырпыктай эки кызы жана жубайы калды.