Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Кыргыз армиясы: Курсанттын табышмактуу өлүмү


Кыргыз армиясында көйгөйлөр көп болгону дайыма айтылып келет.
Кыргыз армиясында көйгөйлөр көп болгону дайыма айтылып келет.

Бишкектеги Аскер окуу жайынын курсантынын өлүмү коомдо көп талкууну жаратты. Каза болгон курсант Болотбек уулу Таалайбектин ата-энеси уулунун өз өмүрүн кыйуусуна окуу жайдан көргөн ыдыктарды себеп көрүүдө. Аскер окуу жайынын өкүлдөрү болсо муну четке кагып жатышат. Ал арада 18 жаштагы курсант каза болгон соң анын сүйлөшкөн кызы да өз жанын кыйганы дайын болду.

Ушул жылдын 30-январында Бишкектеги аскер окуу жайдын дааратканасынан 1-курстун курсанты, 1994-жылы туулган Болотбек уулу Таалайбектин асылган денеси табылган. Окуу жайдын жетекчилиги курсант өз жанын өзү кыйды деген маалымат таратышкан. Буга маркумдун ата-энеси макул болбой, уулунун өлүмүнө окуу жайдагы уруп-согуулар себеп болгонун айтууда.

Таалайбектин энеси Нуржан Султанбекованын айтымында, уулунун денеси көк ала болуп, уруп-согуунун залдары калган экен:

- Денесинин баары көк ала экен. Ал тургай бутунан бери күйгүзүп, болгонун болгондой эле кордошуптур. Кишинин колу мындайга барбаса керек, итти деле мындай кордобосо керек. Булар болсо итке көргөзбөгөн кордукту көрсөтүптүр.

Таалайбек аскер кызматчысы болууну каалап, былтыр окуу жайга өз каалоосу менен киргенин, өмүрү менен кош айтышаардан эки күн мурда Кочкор районунун Шамшы айылындагы үйүнө эс алууга барып келгенин апасы айтып отурду. “29-январда окуу жайга келээр менен улуу курстагы курсанттар акча талап кылганын айтып, 30-январда атасына даттанган эле”, - дейт Нуржан айым.

Атасы Болотбек Садыков уулун окуу жайга ээрчитип барып, Мелис Токоев аттуу командирине табыштайт. Бирок андан жарым саат өтпөй эле Таалайбектин асылган сөөгүн окуу жайдын дааратканасынан табышкан. Бул окуяны иликтеп жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Таалайбек 29-январда окуу жайга барган экен. Барган соң жогорку курстун студенттери кармап алып, кийимин тоноп, жанындагы 600 сомун алышып, "эми 1000 сом таап кел" жиберген экен. Анан ал эмне кылаарын билбей ал күнү «Кудайберген» базарынын айласында түнөп калат. Анан эртеси атасына жолугат. Атасы болсо окуу жайга алып барып, Токоев аттуу командирине табыштайт. Токоев болсо "бизде дедовщина бар, эч нерсе болбойт, өзүм муну аныктайм" деп атасын жөнөтүп жиберет. Бирок жарым саат өтпөй чалып, Таалайбектин каза болгонун кабарлайт.

Каза болгон курсанттын ата-энесинин айтуусунда, буга чейин да бир нече жолу акча талап кылып, ыдык көрсөтүүлөр болгон экен. Бирок Коргоо министрлигинен мындай маалыматтарды четке кагып жатышат. Министрликтин тарбия иштери боюнча башкарма башчысы Эрнис Эламановдун билдиришинче, алгачкы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Таалайбектин денесинде эч кандай уруп-согуунун изин аныктаган эмес:

- Уруп согуулардын эч кандай белгиси жок болчу. Табарсыгынын алды көгөрүп калыптыр деп айтып жатышат, бул өлгөндөн соңку кадимки эле тактар. Анын үстүнө "бутунун териси шылынып калыптыр, муну кайнак суу куюп күйгүзүптүр" деп айтып жатышат. Бул сөөктү жууганда эле териси шылынып калган экен. Биз аны ата-энесине көрсөткөнбүз. Ал үйүнөн кандай келсе, ошол бойдон эле ага эч ким тийген эмес.

"Таалайбектин 29-январдан 30-январга караган түнү кайда болгону да белгисиз" дейт Элеманов. Ошондуктан азырынча так кесе жыйынтык чыгаруу эрте экенин Коргоо министрлигинин өкүлдөрү билдиришүүдө.

Учурда бул ишти Бишкек аскер гарнизондук прокуратурасы тергеп жатат.

Ал ортодо каза болгон Таалайбектин сүйлөшкөн кызы делген Балыкчы шаарындагы мектептердин биринин 10-классынын окуучусу Эркин кызы Жамила өз жанын өзү кыйганы кабарланды. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, бул кыз Таалайбек набыт болгонун уккан соң кат жазып, өз жанын өзү кыйган сыягы бар:

- Таалайбектин Эркин кызы Жамила аттуу сүйлөшкөн кызы бар экен. Ал кыз да сүйлөшкөн жигитинин өлүмүн уккан соң асынып өлгөн экен. Муну ал катында жазып, "сөөгүмдү Таалайбектин жанына койгула" деген экен.

Бирок Нуржан Султанбекова маркум уулунун сүйлөшкөн кызы бар экенин билбейт экен.

Бул окуя Кыргызстанда аскер бөлүктөрүндө ар кандай себептерден улам өлүм катталган жалгыз окуя эмес. Буга чейин куралдуу күчтөрдө командирлердин же улуу жоокерлердин запкысынан акыркы жылдары бир нече улан ажал тапкан.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG