Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Аскерлер жоон тобу менен эмнеге качты?


Бишкек шаарындагы Коргоо министрлигине караштуу №41069 аскер бөлүгүнөн качкан 15 бала кайра кайтып келди.

Ушул тапта бул ишти Аскердик прокуратура териштире баштады. Качкан жоокерлер офицерлерден тынбай ыдык көргөндүктөн ушундай кадамга барганын айтышууда. Коргоо министрлиги мындай дооматты четке кагып, мурун чакырылгандар кийинкилерге күн көрсөтпөй келгенин, муну жетекчилик билип калгандан кийин аскерлер бөлүктү таштай качканын билдирди.

Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, №41069 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 15 жоокер 7-декабрдан 8-декабрга караган түнү качып кетишкен. Бул жерде 31 гана аскер кызмат өтөйт экен. Алардын 15и ушул жазында чакырылгандар, калган 16сынын келгенине бир айча болуптур.

Качып кеткен жоокерлердин биринин апасы Анара Абдрахманованын айтымында, бул жоокерлерге офицерлер тынбай ыдык көрсөтүп келген.

- Уулум кечээ кечке маал мага чалды: “апа, болду, мен булардын кордугуна чыдай албайм”, дейт.

Балам эки айдын биринде эле госпиталга жатат. Ал жактан чыккандан кийин баламды кемсинтишип, чачын “Т” деп кесип салышыптыр. “Бешинчи күндөн бери мени кыйнап нарядга күндө тургузуп атышат. Ай сайын бизге айлыкка берилчү 300 сомду бербей, жетекчибиз баш болуп, арак ичип, үйүндөгү проблемаларын айтып, күчүн бизден чыгарышып, “молодойлорду” өздөрү токмоктоп, аны бизге шылтап, эрмектеп атышат. Мен ошондуктан качып кеттим, мени башыма, кулак түпкө тээп сабады, апа”, дейт уулум.


Коргоо министрлигинин тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Эламанов бул дооматтарды четке какты. Элеманов тескерисинче мурун келгендер кийинкилерди кодулап келишкенин айтты. Бул иш боюнча өздөрүндө кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди:

- Бул 15 бала тең Чүйдөн бул жакка армияга чакырылган. Анан жаңы чакырылгандар келгенден баштап кийинки келгендерге кордук көрсөтүп, сабап, телефонуна бирдик жүктөгүлө деп жүрүшкөн. Муну командачылык билип калып, иликтей баштаганда бул солдаттар "прокуратурадан иш козголбосун, биз андан качалы" деп 8-декабрда качып кетишкен. Азыр Коргоо министрлигинде аскерлердин жетекчилигине кызматтык иликтөө жүргүзүлө баштады. Ага ылайык, ар бири өзүнүн күнөөсүнө жараша жазасын тартат.

Качып кеткен жоокерлерди ата-энелери көндүргөндөн кийин гана 9-декабрда кечке маал Аскердик прокуратуранын алдына келишти. Алардын бири “Азаттыкка” офицерлердин кордугуна чыдабай аскер бөлүктү таштай качышканын айтып берди:

- “Молодойлордун” баарын көгөртүп сабап алышып, анын баарын бизге илип, түшүнүк кат жаздырып жатышат. Күн көрсөтпөй, жаныбызды батырып жиберди. Кетерибизге төрт ай калганда бизге качып не? Күн көрсөтпөй койгондуктан качып кеттик. Ичип алып күндө сабашат. Ата-энелерибизге айта алчу эмеспиз, аскер бөлүгүнөн чыгарчу эмес.

Кайтып келген жоокерлерди №41069 бөлүктө укук коргоочулар жана ата-энелеринин көзүнчө дене-башын текшеришти. Азыр эле маалым болгондой ата-энелер тил кат жазып берип, балдарын 10-декабрь эртең менеки саат 9га чейин үй-үйлөрүнө алып кетишти.

Бул ишти Коргоо министрлигинин Байкоо кеңеши да көзөмөлдөп жатат. Аталган кеңештин төрагасынын орун басары Уулкан Байгубатова кызмат өтөп жатканына бир топ ай болгон балдардын качышы таң каларлык деп атады:

- Балдар качкан аскердик бөлүк абдан оор акыбалда. Бул боюнча биз эки жыл мурда министрликке, жетекчиликке чыгып, казарманы оңдоп берүү, же башка казармага көчүрүү тууралуу маселе койгонбуз. Бул имарат негизи колдонуудан эбак эле чыккан болушу мүмкүн. 8-6 ай кызмат кылып, анан чогулуп алып качып кеткенин биз да түшүнө албай жатабыз. Адатта 2-3 ай болгондо качышат. Чынында эле качкан балдарды түшүнбөй турам. Бул жерде Аскердик прокуратура териштирип атат.

Качып кеткен жоокерлерге карата Аскердик прокуратура азырынча кылмыш иш козгой элек. Бирок прокуратурага аскер бөлүктү таштай качкан балдардын ата-энелери арыз беришти.

Аскер бөлүктөн балдардын жоон тобу менен качкан факт ушул жылы күзүндө Балыкчыда да болуптур. Коргоо министрлигинин билдиришинче, азыр бул ишти шаардык прокуратура тергеп бүтүп, жакында сот болгон жатат.


15 жоокер эмнеге качты?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:09 0:00

XS
SM
MD
LG