Талгарбеков: Бийлик шарт койбой туруп бошотту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталып соттолгон “Элдик парламент” кыймылынын мүчөсү, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулду. Өткөн айда Жогорку сот Талгарбековду бийликти басып алууга аракет кылган деген айып боюнча актап, “аймак аралык мамилени козутуу” беренеси боюнча жазасын өтөп жаткан. Бекболот Талгарбеков абактан мөөнөтүнөн мурда чыгышынын жагдайлары боюнча “Азаттыкка” маек курду.