Козукеевдин сахнада калган "Керээзи"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрда Эмгек сиңирген артист Марат Козукеевди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага маркумдун жакындары, кесиптештери, күйөрмандары катышты. Эскерүү кечеде театрдын артисттери ал койгон спектаклдерден үзүндү ойноп беришти. Белгилүү актер, режиссер Марат Козукеев 2017-жылы 8-декабрда 47 жашында жүрөк оорудан улам бул дүйнө менен коштошкон. Маркум өмүрүнүн соңунда “Керээз” спектаклин сахналаштырып жаткан.