Рыспайдын ырын аздектеген Озода

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзбекстандык белгилүү ырчы, КМШ мамлекеттеринде атагы чыккан артисттердин бири Озода Нурсаидова жакында кыргыз тилинде композитор Рыспай Абдыкадыровдун "Эсиңдеби" деген чыгармасын ырдап, аны кыргызстандыктар жылуу кабыл алышты. Ал “Азаттык” радиосуна да баш багып, эки элдин ортосундагы ымала жөнүндө интервью берди.